Азат Баатырбеков, Студенттик Кеңештин Төрагасы

Азат Баатырбеков, Студенттик Кеңештин Төрагасы

15 сентября 2014

 

1.      Студенттик Кеңештин Төрагасы катары, сиздин ишмердигиңиздин маңызы эмнеде эле?


Биринчиден, биздин иш студенттердин маселелерин чечүү үчүн алар менен өз ара аракеттешүүдө камтылган. Экинчиден, алардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо, ошондой эле университеттин жетекчилиги жана студенттер арасында көпүрө болуу максаты коюлган.


2.      Жалпы жонунан алганда, кандай тажрыйба алдыңыз?


Студенттик Кеңеште эки мөөнөт жетекчилик кылдым, бул эки жыл менин студенттик жашоомдогу эң мыкты убакыт деп айта алам. Биринчиден, көптөгөн студенттер, кызматкерлер, университет ичиндеги система менен тааныштым. Мындан тышкары, университеттин атынан жыл сайын өткөрүлүүчү Студенттик Сенаторлордун конференциясына катыштым. Акыркы жолу Болгариядагы Америкалык Университет бул иш-чарага ээлик кылды. Дүйнөдөгү бардык америкалык университеттердин делегаттары бул конференцияга катышып, өз окуу жайлары тууралуу билдирүүлөрдү сунушту. Жеке өзүмдүн тажрыйбам тууралуу айтсам, көптөгөн студенттик комитеттердин ишин билдим, көптөгөн кызыктуу адамдарды жолуктурдум, пайдалуу маалыматтарды мол алдым.


3.      Сиздин шайлоо кампанияңыз кандай өттү эле?


Биздин шайлоо кампаниябыз абдан кызыктуу болгон. Менин досторум бул ишти өз колуна алышкан. Биз көп санда кызыктуу сөздөрдү жазып, аларды университеттин дубалдарына асканбыз.


4.      Сиздин жетекчилигиңиздин учурунда кандай иш-чаралар өткөрүлгөн?


Негизинен дээрлик бардык иш-чаралар студенттик кеңеш тарабынан уюштурулган же кеминде каржыланган десек болот. Ошондой эле биздин топ стритбол, кол күрөш боюнча мелдештерди, “БААУ күчтүүсү” деген иш-чараны да өткөргөн.


5.      Бир айдын ичинде шайлоо башталганы турат, студенттер Кеңештин башкаруусуна эмнеүчүн кызыгыш керек?


Мен Студенттик Кеңешти башкарууну экинчи жана үчүнчү курстагы студенттерге берүүнү сунуштар элем. Алар университет менен жакшы тааныш, ошондой эле окуусуна да кеңештеги ишке да жетишерлик убактысы болот. Тажрыйба алуу да чоң илим. Кеңеште иштөө аркылуу студенттер жок дегенде топ болуп иштөөгө, адамдар менен иштешүүгө, элдин алдында чыгууга үйрөнүшөт. Мен Болгарияда болгондо башка университеттердин тажрыйбасын көрүп келдим. Аларда шайлоону онлайн-режимде өткөрүү системасы колдонулат. Шайлоону бул система аркылуу өткөрүүгө абдан кызыктым. Бул ыкма шайлоонун таза өтүшүнө жана шайлоо учурунда же андан кийин түшүнбөстүктөрдөн кутулууга көмөк көрсөтөт. Бул жылы, БААУ Студенттик Кеңеши БААУ Сенаторлорун шайлоо үчүн онлайн системаны колдонууга аракет кылат

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028