Чолпон Абдимиталипова, Студенттик Кеңештин коомчулук менен байланыштар (PR) комитетинин мүчөсү

Чолпон Абдимиталипова, Студенттик Кеңештин коомчулук менен байланыштар (PR) комитетинин мүчөсү

15 сентября 2014

 

1.      Эмне үчүн Кеңеште иштөө чечимин алдыңыз?


Мен үчүнчү курста окуп жаткам. Убакыт куштай учуп бара жатканын жана өзүм университетте эч кандай белги калтырбаганымды байкадым. Университетиме өз салымымды кошкум келип жүргөн. Бул да Кеңеште иштөөнүн негизги себеби болгон.


2.      Коомчулук менен байланыштар комитетинин мүчөсү болууну кантип чечтиңиз?


Биз кызмат орундарын бөлүштүрүп жатканда, өз ара ким кайсы орунду алары боюнча талкуу жүргүздүк. Башында кеңешке ат салышып жатканда, ким кайсы кызматты аларын да билбейсиң. Ким эмне ишти аткарарын чечүү кыйын болгон.


3.      Акыры өз тобуңарда ким кайсы ишти аткарарын кантип чечтиңер?


Бул жерде да добуш бердик. Бул процедура татаал болду, биз мурда иштеген сенаторлорду чакырып, бизге жардам беришин өтүндүк.


4.      Коомчулук менен байланыштар комитетинде кандай милдеттерди аткардыңыз?


Мен бул комитетке мүчө болсом дагы, биз өзүбүзгө ыйгарылган милдеттерди гана аткарып жүргөн жокпуз, ар түрдүү иштерди кылдык, ар кандай иштерге жооптуу болдук. PR-комитетинин мүчөсү катары студенттердин атынан макалы жазчумун, кээде ар түрдүү иш-чараларда жана презентацияларда студенттердин өкүлүнүн ишин аткарчумун. Мен чындыгында БААУ үчүн чын жүрөктөн өз салымымды кошконго аракет кылдым, эмне иш болсо дагы, колуман келген жардамымды аяган жокмун. Кээде оор абалдар да болгон, анткени ар кимдин өзүнүн жеке ой-пикирлери бар, бирок кантсе да Кеңештеги бардыгыбыз чогуу иш алып барчубуз.


5.      “New Star” гезитиндеги бурчуңар жөнүндө көбүрөөк айтып берсеңиз. Форматыалмашат деп уктук го.


Бул ой БААУ билим берүү системасы алмашып жатканда, өткөн семестрде пайда болду. Биз күн тартиптин башкача системасына өттүк жана студенттер менен жолуктук. Биз Кеңештин гезиттеги маңызсыз макалаларын мындан ары жазбашыбызды чечтик, жаңы Кеңештин ишке кириши менен көбүнчө суроо-жооп кутучасы форматына өтүп, студенттер менен түздөн-түз түрдө өз ара аракеттешмей болдук.


6.      Шайлоого үгүттөө кампаниясы сиз үчүн кандай өттү?


Чын айтсам, мен үчүн татаал болду, себеби мен өзүмдү эл алдында жүргөн киши катары көп эсептебейм. Эл менен сүйлөшүп баштадым, атымды билдирдим, элге программамды айтып бердим. Кеңеште иштегиси келгендердин бардыгы БААУ коомчулугуна өз салымын кошкусу келет болуш керек деп эсептейм. Эгер андай ой жок болсо, мунун мааниси жок, анткени мындай абалда силер чындыгында пайдалуу иш алып бара тургандын ордун алган болосуңар.

 

7.      Жакында Кеңеш уюштурган атайын иш-чара болобу?

 

Октябрь айынын башында, былтыр Маркс жана Энгельстин айкөлүнүн жанындагы паркта өткөрүлгөн сыяктуу «Кожомкул» аттуу иш-чара уюштурулат. Бул жылы былтыркыдан да мыктыраак болот болуш керек. Иш-чаранын уюштурулушу жана демөөрчүлөрү башка. Дагы бир иш-чара бар, бирок биз азырынча ал жөнүндө кененирээк айта албайбыз.

 

8.      Кеңеште иштеген мезгилден кандайдыр бир өзгөчө, сыймыктандыра турган, же эстенкеткис учурларды айтып берсеңиз.


Кеңешке мүчө болуу жеңил иштерден эмес, абдан көп жоопкерчилик моюнга жүктөлөт. Студенттер дайыма суроолору менен кайрылышат, ар нерсени айтып кеңеш беришет. Биз көптөгөн маселелерди чечтик, алардын арасында суу боюнча анча-мынча маселелер болгон жана намазканалар суроосу чечилген, бул жөнүндө макала жаза албасак дагы, булар көптөгөн кишилер үчүн абдан маанилүү. Биз ошондой эле бизге кайрылган кээ бир студенттерге жеке маселелери боюнча жардам көрсөттүк.


9.      Студенттерди шайлоодо талапкерлигин коюуну колдойсуңарбы?


Албетте, бирок алгач муну чын жүрөктөн каалаш керек. Кызыккан студенттерге айтарым, абдан чоң өзгөрүүлөр деле болбостур, анткени жаңы кампуска көчүү иши алдыда турат. Окуу маселелери боюнча биз дайыма Академиялык маселелер боюнча жетекчи менен жолугуп турабыз, ал дайыма бизге жардамын көрсөтөт. Канткенде да, бардыгы чын жүрөктөн чыккан каалоого көз каранды. Эгерде ар бирибиз чындыгында Кеңешке шайланып, ак ниет менен иш алып барса, анда бардыгы оңунан чыгып, биз чыныгы өзгөрүүлөрдү киргизе алабыз. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028