БААУ Студенттик Кеңеши

БААУ Студенттик Кеңеши

15 сентября 2014

 

 

student senate

 

Бир айдан кийин, Октябрь айынын 14ндө, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Студенттик Кеңешиндеги 9 орун үчүн талапкерлер ат салышуусун башташат (Төрага; төраганын орун басары; коомчулук менен байланыштар, каржы, социалдык маселелер жана hearing боюнча комитеттер). Арыздарды берүүнүн акыркы күнү – 21-Октябрь. Шайлоо 2014-жылдын 3-Ноябрында өткөрүлөт. Кененирээк маалымат жана арыздардын үлгүсүн алуу үчүн https://www.auca.kg/en/student_senate/ баракчасын караңыз.

 

Студенттик Кеңеш деген эмне? Студенттик координатор Бермет Исмаилованын айтымында “Студенттик Кеңеш университеттин жетекчилиги менен студенттер арасында байланыштыруучу көпүрө” болуп саналат. Кеңеш студенттердин добушун жаңырткан аспаптын ишин аткарат: арыздар, сунуштар, ой-пикирлердин бардыгы Кеңештин расмий каналы аркылуу университеттин жетекчилигине жеткирилет. “Бир айда бир жолу алар (кеңеш мүчөлөрү) университеттин жетекчилигинен Академиялык маселелер боюнча вице-президент менен студенттик кеңеш менен жыйналыш уюштурат... жыйналышта окуу боюнча маселелер талкууга алынат... башка маселелер, ар түрдүү абалдар боюнча биз жетекчиликтин өкүлдөрү менен дайыма жолуга алабыз...” деп Бермет белгиледи. Студенттер көйгөйлүү маселелерди БААУ жетекчилиги менен талкуулай ала турган аянт болуп эсептелет.

 

Жогоруда белгиленгендей, Кеңеште 9 орун бекитилген. Талапкерлер шайлоо кампанияларын баштаганда, ким кайсы орундуу ээлерин билишпейт. Кызмат орундары шайлангандар арасында биргелешип бөлүштүрүлөт. Коомчулук менен байланыштар комитетинин мүчөсү Чолпон Абдимиталипова “бул процедура татаал болду, биз мурда иштеген сенаторлорду чакырып, бизге (орундарды бөлүштүрүү боюнча) жардам беришин өтүндүк... Мен чындыгында БААУ үчүн чын жүрөктөн өз салымымды кошконго аракет кылдым... Кээде оор абалдар да болгон... кантсе да Кеңештеги бардыгыбыз чогуу иш алып барчубуз...” деп белгиледи. Кеңеш студенттердин жарчысы болгондон башка, ар түрдүү иш-чараларды уюштурууда жана ишке ашырууда иш алып барды.

 

Алардын арасында “Кожомкул” акциясы, же күчтүүлөрдүн күчтүүсү аныктоо боюнча мелдеш октябрь айынын башында өткөрүлөт. Кеңеш ушундай иш-чараларга акча каражаттарын кайдан табат? Бермет Исмаилова: “Каржы каражаттарынын эң чоң бөлүгү университеттен берилет. Кыргызстан боюнча биздин студенттик кеңештин гана өзүнүн капчыгы бар” деп белгиледи. Мындан тышкары “Stream” музыкалык конкурсу акча каражаттарын жыйноо максаты менен өткөрүлөт. Чогултулган акчалар муктаж болгон студенттерге жардам катары берилет жана ар түрдүү иш-чараларга жигердүү катышып келгендерге да берилет. Кеңеш өзүнүн ишмердигин таза жүргүзөт. Сатып алынган товарлар жана кызматтар үчүн ар дайым эсеп-дүмүрчөктөр талап кылынат. Ошондуктан студенттик кеңеш университет бөлүп берген акча каражаттарын кантип сарптап жатканын дайыма текшерүү мүмкүн.

 

Кеңештин учурдагы төрагасы Азат Баатырбеков онлайн-шайлоо системасын киргизүүнү сунуштады. Анткени ал “шайлоонун таза өтүшүнө жана шайлоо учурунда же андан кийин түшүнбөстүктөрдөн кутулууга көмөк көрсөтөт.” Ошондой эле “New Star” гезитиндеги кеңештин бурчу кеңеш эмнелердин үстүндө иш жүргүзгөнү, кандай өзгөртүүлөрдү киргизери тууралуу ай сайын билдирип турат. Чолпон: “эми маңызсыз макалаларды мындан ары жазбашыбызды чечтик, жаңы Кеңештин ишке кириши менен көбүнчө суроо-жооп кутучасы форматына өтүп, студенттер менен түздөн-түз түрдө өз ара аракеттешмей болдук” – деп билдирди. Бермет: “эгерде кимдир бирөө биз эмне иш кылып жатканыбызды, акчаны кантип сарптап жатканыбызды бизден билгиси келсе, биздин эшик дайыма ачык, 104-бөлмөгө келишсин, суроолорун беришсин, жооп берүүгө даярбыз” – деп кошумчалады.

 

Мунун сизге эмне кызыкчылыгы бар? Студенттик Кеңештин мүчөсү болуу аркылуу университетке бардык студенттер каалаган өзгөртүүлөрдү киргизсе болот. Бул мүмкүнчүлүк өзү эле абдан баалуу, бирок бул мында аяктабайт. Азат бизге айтып берди: “Студенттик Кеңеште эки мөөнөт жетекчилик кылдым, бул эки жыл менин студенттик жашоомдогу эң мыкты убакыт деп айта алам... жыл сайын өткөрүлүүчү Студенттик Сенаторлордун конференциясына катыштым. Акыркы жолу Болгариядагы Америкалык Университет бул иш-чарага ээлик кылды. Дүйнөдөгү бардык америкалык университеттердин делегаттары бул конференцияга катышып, өз окуу жайлары тууралуу билдирүүлөрдү сунушту...”. Жеке өздүк өнүгүү жана БААУ үчүн жаңы саясатты иштеп чыгуу үчүн көп сандагы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

 

Студенттик өкмөттө иштөө – чоң тажрыйба. Ири иш-чараларды уюштурууну, акча чогултууну, натыйжалуу баарлашууну үйрөнгөндөн башка, жүздөгөн адамдардын, университеттештердин тилектери, талаптары үчүн жооптуу болууну да үйрөнөсүң.

 

Эгерде университетиңерди жана студенттерди жакшырткыңыз келсе, https://www.auca.kg/en/student_senate/ баракчасын карап, 21-октябрга чейин арыз таштап коюңуз!

 

Бермет Исмаилова, Азат Баатырбеков жана Чолпон Абдимиталиповалардын маектерин толук окуу үчүн баракчадагы алардын аттарын басыңыз. 

 

Азат Баатырбеков - https://auca.kg/kg/auca_news/1635/

Чолпон Абдимиталипова - https://auca.kg/kg/auca_news/1634/

Бермет Исмаилова - https://auca.kg/kg/auca_news/1636/

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028