БААУ PR-мүдүрү Оштогу “Боорукердик” балдар жана карылар үйүнө барып келди

БААУ PR-мүдүрү Оштогу “Боорукердик” балдар жана карылар үйүнө барып келди

4 сентября 2014

 

orphanage

 

28 августта, кайрымдуулук иш-чарасын жүргүзүү максатында БААУ PR-мүдүрү Оштогу “Боорукердик” балдар жана карылар үйүнө барып келди.

 

Бул иш-сапарга Ош шаарынын жергиликтүү ишмерлери, Самбо боюнча чемпион Рашит Аманкулов жана жеке ишкер С.Ташбаев катышты, алар балдар үчүн таттууларды, мөмө-жемиштерди жана спорттук жабдыктарды алып келип беришти.

 

БААУ студенттери жана кызматкерлери балдар үйүнө биринчи жолу келишкен жок. Университеттин активисттери үчүн бул иш-чара салтка айланды. Студенттер жана факультеттердин социалдык бөлүмдөрү шаардын жана облустун балдар үйлөрүнө мектеп-интернаттарына кайрымдуулук менен дайыма барышат. Жаңы Муун Академиясынын студенттери БААУ кызматкерлери менен биргелешип, өткөн Жаңы Жыл майрамында бул үйдө турган балдарды куттуктап келишкен. Балдар белектерди, оюнчуктарды, таттууларды алышты жана студенттердин концерттик оюнун ыракат менен көрүштү. Балдар үйүнүн кызматкерлери Жаңы Жылга балдарды окутуу үчүн компьютерлерди каалашкан. БААУ алардын каалоосун эске алып, жарым жылдан кийин DELL үлгүсүндөгү бир компьютерди белекке беришкен.

 

Ош балдар үйүнүн тарбиялануучулары конокторду жылуу тосуп алышкан. Бир сааттын ичинде чемпион Аманкулов балдар үчүн кызыктуу спорттук мелдештерди уюштуруп берген.

 

Жеке ишкер Салкынбек: “Балдардын бизди чоң кубаныч менен тосуп алгандарын, биз даярдаган программага жигердүү катышкандарын көрүү бизди катуу толкундантты. Балдар бизди коё бергиси келген жок. Көбүбүз ачык каттар менен алмашып алдык”, деп белгиледи.

 

Жолугушуунун аягында балдар үйүнүн кызматкерлери конокторду чай ичүүгө чакырды. Андан кийин балдар акциянын катышуучулары менен сүрөткө түшүп, коштошушту.

 

Р.Аманкуловго жана С.Ташбаевге биздин кайрымдуулук иш-чараларыбызга колдоо жана көмөк көрсөткөнү үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028