Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин үч студенти “Enactus Summer Camp” Эл аралык жайкы лагерине катышты

Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин үч студенти “Enactus Summer Camp” Эл аралык жайкы лагерине катышты

29 августа 2014

Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин үч студенти жана “Enactus AUCA” уюмунун мүчөлөрү, Алина Кожоева, Тимур Нажимидинов жана Инна Цой “Enactus Summer Camp” Эл аралык жайкы лагерине катышып келишти. Алар Казакстан, Чили жана Испанияны атактуу ийгиликтүү ишкерлери, жогорку даражадагы башкаруучулары жана бизнес-машыктыруучуларынын лекцияларына жана мастер-класстарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

 

БААУ студенттери бул лагерде Казакстан, Россия, Азербайжан, Тажикстан, Кыргызстан, Нидерланддар жана Индиянын 59дан ашуун жогорку окуу жайынын 300дөн ашуун студенттери менен жолугушту.

 

“Лагерге чогулуунун максаты катары Enactus уюмунун дүйнөдөгү бардык мүчөлөрүнүн бир жерде жыйналышы жана алардын ар биринин ишкерлик ой-пикирлерин жыйноо болуп саналат. Enactus – студенттер үчүн өз ишин баштоого жакшы башат болуп эсептелет. Ар түрдүү кесипти үйрөнгөн студенттер менен жолугушуу абдан кызыктуу. Мен “Enactus AUCA” уюмунун коомчулук менен байланыштар боюнча адиси болгонум, БААУда алган билимимди иш жүзүндө колдонуума жардам берди”, - деп, Журналистика жана массалык коммуникациялар факультетинин үчүнчү курстагы студенти Алина Кожоева билдирди.

 

Тимур Нажимидинов “Enactus AUCA” уюмунун долбоор адиси, Алина Кожоева – коомчулук менен байланыштар боюнча адиси. “Enactus AUCA” алар окуган негизги багыт боюнча алган билимине өз көмөгүн тийгизет.

 

“Enactus AUCA долбоору мени башкача ой жүгүртүүгө үйрөттү, мунун жардамы менен БААУда жана Enactus долбоорунда активдүү студентке айландым. Ар түрдүү компаниялар жана бизнестин түрлөрү жөнүндө маалымат алдым. Ошондой эле бул долбоордун жардамы аркылуу стаж өтө алдым. Жайкы лагерге барганым мен үчүн кесиптик жөндөмдөрүмдү жетилтүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк болуп чыкты”, - деп Бизнести башкаруу факультетинин үчүнчү курстагы студенти Тимур Нажимдинов билдирди. Жайкы лагердин алкагында “Убакытты башкаруу”, “Кантип ийгиликтүү карьераны курса болот”, “Социалдык ишкерлик”, “Тажрыйбалуу экономика”, “Инструменталдык мультимедиа” жана башка темаларда машыгуулар өткөрүлгөн. Машыгуулар өзүндө презентацияларды, көрсөтмөлүү демонстрацияларды жана бизнес-оюндарды камтыган.

 

“Мага Oil Real Estate ишканасынын башкы мүдүрү Жалил Жукеновдун берген сабагы өзгөчө жакты. Анын машыгууну өткөрүү ыкмасы башкалардыкынан өзгөчө айырмаланып турган. Биз бизнес-оюндарды ойнодук, топторго бөлүнүп иштедик. Бул чындыгында абдан кызыктуу болду. Мындан тышкары Чили жана Испаниянын өкүлдөрү да өз билдирүүлөрү менен чыгышты. Алардын машыктыруулары да абдан пайдалуу болду”, - деп Тимур Нажимидинов билдирди.

 

Enactus AUCA клубунун мүчөлөрү белгилүү казак жана чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен тааныша алышты. “Enactus долбоорунун демөөрчүсү, бүткүл дүйнөгө белгилүү KPMG компаниясынын машыктырууларына биздин катыша алганыбыз абдан чоң ийгилик. Бул компания үчүн толук бир күн арналган. Бул компаниянын машыктыруулары абдан кымбат болгондуктан, биз акысыз негизде машыгууга катыша алганыбыз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп Алина Кожоева айтты.

 

Эл аралык лагерде Лондон-Алматы Камсыздандыруу Компаниясы, “KPMG Company”, “Евразия Банкынын Жөнөкөй Насыясы”, “Oil Real Estate” Компаниясы, “Ekoloko Pro” уюмдарынын өкүлдөрү өз лекцияларын окушту.

 

Тимур Нажимидинов экинчи курста окуп жатканда “Enactus AUCA” клубуна мүчө болуп кирген, келечекте да анын мүчөсү бойдон калууну көздөөдө. “Мен мурда бул уюмга кызыккан эмесмин, анткени муну жөн гана убакытты текке кетирүү деп эсептегем. Анан бир жолу менин группалашым бул долбоор жөнүндө айтып бергенинде, бул иш мага кызыктуу көрүнүп, аракет кылып көрөйүн дедим. Бүгүнкү күндө мен Enactus менен иштешкениме абдан кубанам, анткени менин жетекчилик кылуу жөндөмдөрүмдүн, аткаруучулук сапаттарымдын өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет. Биз чыныгы долбоорлордун жана чыныгы адамдар менен иштешебиз. Биз жашоосун өзгөрткүсү келген адамдарга жардам беребиз”, - деп Тимур өз оюн жыйынтыктады.

 

Алина көп жылдар бою Enactus долбоорунда иштеп келе жатат. Ал англис тилин эки жыл үйрөнүп, Борбордук Азиядагы Америкалык университетке кабыл алынган жана “Enactus AUCA” клубуна мүчө болуп кирген. “Бул долбоор турмуштун мектебиндей болуп, байланыштарды куруу үчүн мыкты ыкма болуп эсептелет. “Enactus AUCA” клубунун мүчөлөрү ар түрдүү мелдештерге, Улуттук конкурстарга катыша алат. Ошондой эле быйыл Кытайда жана эмдиги жылы Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөрүлө турган Дүйнөлүк чемпионатта күчүн сынай алышат” – деп Алина өз оюн кошумчалады.

 

Enactus’тун урааны: “Адамга балыкты бербей, балык уулоону үйрөтүш керек” деп айтылат. “Enactus AUCA” клубунун Анатолий Фёдоренко, Эльдана Эсеналиева, Бегайим Муратбекова, Евгения Цой, Жамиля Алмазбекова, Айдан Кадыр, Назгуля Шаяхметова жана Адилет Каирбек аттуу мүчөлөрү быйыл окуусун бүтүрүштү, андыктан “Enactus AUCA” быйыл өз курама тобуна жаңы мүчөлөрдү кабыл алат. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028