IceBucketChallenge в АУЦАда

IceBucketChallenge в АУЦАда

27 августа 2014

 

https://www.youtube.com/watch?v=8iPkJgPtGjY&feature=youtu.be

 

Борбордук Азиядагы Америкалык университетте “Муздак Суу Куюнуу” 8 жашар Тынчтыкбек уулу Бахтиярдын ымыркай кезинен бери ден-соолугу начар болуп, ал жашоого болгон күрөшүн эч токтото элек. Бахтияр 6 айлык кезинде тери рагы илдетине чалдыккан. Бул жайга чейин анын ата-энеси кымбат баалуу дарылануу жана дарыларга өздөрү акча таап жатышкан, бирок абал өтө курчуп кетти. Убакыттын өтүшү менен оору күчөөдө. Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин студенттери үй-бүлөнүн оор ахвалына кайдыгер калышкан жок. Бул жылдын июнь айында Бахтиярдын туугандары коомчулукка жардам сураганга мажбур калды. Студенттер ооруга чалдыккан баланын айыгышына өз салымын кошуп жатышат. Ар кайсы адистикте жана курста окуган студенттер акча каражаттары чогултуу боюнча өздөрүнүн демилгесин көтөрүштү, университеттин башкы имаратындагы холлдо дарылануу үчүн акча каражаттарын атайын кутуда чогултушууда. Кайрымдуулук иш-чарасына көбүрөөк көңүл бурулушу үчүн студенттер “IceBucketChallenge” “Муздак Суу Куюнуу” акциясын колго алышты. Бул чакырык элге узатылды, Бахтиярдын өмүрүнө кайдыгер калгысы келбегендер баланын дарылануусуна 100 сом бериши же баштан аяк мупмуздак сууну куюнушу керек. Бул демилгеге кошулгусу келген ар бир каалоочу бул чакырыкты өз досторуна берүүгө укуктуу. Иш жүзүндө БААУ студенттери акчаны да берип, сууну да куюнуп, досторун да буга чакырышууда. Дени сак жашоого чакырып, ыракат алып, эң башкысы жардамга муктаж үй-бүлөнүн оор абалына өз көңүлүн бөлүп жана башкалардын да көңүлүн бурдуруп жатышат. Сиз да четте калбаңыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028