Алтын сертификат

Алтын сертификат

10 июля 2014

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен жалпы республикалык тестирлөөнүн жеңүүчүлөрүнө “алтын сертификаттарды” тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара өткөрүлгөн.

 

Борбор шаардык жана аймактык мектептердин бүтүрүүчүлөрдүн катуу толкунданышып, мамлекеттин жетекчиси менен жолугушуусу уюштурулган. Бүтүрүүчүлөр борбор шаарга Кара-Балта, Ош, Талас, Баткен, Каракол шаарларынан жана башка көптөгөн аймактардан келишкен.

 

№ 61-автордук окутуу тарбиялоо комплексинин бүтүрүүчүсү Амантур Каниметовдун айтымында, анын ата-энеси уулу өлкөнүн эң мыктысы болгонуна чексиз сыймыктанып жатышат. “Тесттерге катуу деле даярдык өргөн эмесмин, бирок эл сыяктуу эле толкундангам. Мынча жогорку упай алам деп ойлогон эмесмин. Бирок бул мен үчүн абдан жагымдуу келип жатат” – деп эң мыкты бүтүрүүчү билдирген.

 

Амантур Борбордук Азиядагы Америкалык университетте маалымат технологияларын окуп, программалык жабдууларды жана сайттарды жаратууну көздөй турганын кошумчалады.

 

“Мен математиканы бала кезимден жакшы көрөм, мектепте мага бардык илимдерге сүйүү менен мамиле кылууну үйрөтүштү. Менин башкы сырым – окуу, окуу жана окуу” деп Амантур баса белгиледи.

 

Мектептин мүдүрү Юрий Низовский ЖРТ жыйынтыктарына дагы бир жолу ыраазы болду. 61-математикалык гимназиянын 14 бүтүрүүчүсү дагы бир жолу республиканын 53 эң мыктынын арасына киришти. “Биз балдарга жөн гана мектепти жана илимди сүйүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Алар абдан оор, укмуштай чоң эмгек кылууга даяр болушу керек, бирок мунун бардыгынын орду толукталат. Балдар ким кантип маселени чыгарганын талашат. Алардын болбогон иштер менен алектенгенге убакыты жок. Мектептин жетекчилиги болсо балдардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү милдетин мойнуна алган,” – деп мектептин мүдүрү билдирди.

 

Президент өзүнүн сөзүндө мугалимдерди белгилей кетти. Ал жолугушууга келген ар бир бүтүрүүчүдөн ар бир мугалимди, алардын кошкон салымын дайыма эстеп жүрүшүн сурады. “Ата-энелериңерге, мугалимдериңерге, ошондой эле билим алганга жардам берген бардык кишилерге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Аларды эч качан унутпагыла. Берер кеңешибиз: турмуш оңой эмес, жетишкендиктер, кайгы-капалар, катуу соккулар дайыма болот. Ким бардыгына чыдаса, башын жерге салбаса ийгиликке жетет. Башыңарды жерге салбагыла – бардыгы ойдогудай болот”, - деп мамлекет башчысы оң маанайдагы оюн билдирди.

 

Кыска сөздөн кийин сыйлык берүү аземи башталды. Президенттин колунан мыкты бүтүрүүчүлөр өлкөнүн каалаган окуу жайында окуганга мүмкүнчүлүк берген сертификатты, 10 миң сомду стипендияны жана нетбукту алышты. Ар бири мамлекет башчысы менен сүрөткө түштү.

 

Сертификат ээлеринин арасында биринчи жолу “алтын даражадагы” упайга бир аз гана жетпей калган бүтүрүүчүлөр да болушту. Бирок алар да сыйлыктарга татыктуу деп эсептелишти. Каракол шаарынын № 5-мектебинин бүтүрүүчүсү Марьяна Тохтакунова 217 упай топтоп, Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларына тапшырууну көздөп жатат. Ал өз күчүнө ишенет. “Мен эң мыктылардын арасына кирбей калганыма бир аза капа болдум, бирок журт башчысы менен жолугушууга келгеним менин эмгегиме татыктуу сыйлык болуп берди. Энем акырына чейин президент менен жолугушууга бара жатканыма ишенбей жатты. Бирок акыры бул ишке ашты”, - деп ал өз оюн билдирди.

 

Алмазбек Атамбаев сөзүн корутундулап, бардык бүтүрүүчүлөргө өз жашоосундагы жолун таап, Кыргызстанга бардык күчү менен жардам беришин каалады. “Келечекте ишиңерге жарай турган кесипти тандаарыңарга ишенем. Азыр иштебей жүргөн болбойт. Жакынкы мезгилде маалымат технологиялары боюнча адистер, инженерлер, агрономдор, куруучуларга чоң талап болот”, - деп мамлекет башчысы сөзүн корутундулады.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028