Конкурс

Конкурс

8 июля 2014

Мага мурда студенттик жылдар өмүрүңдүн эң жаркын мезгили деп айтканда, мен буга ишенбей, окууда кантип кыйналарымды элестетчү элем. Борбордук Азиядагы Америкалык университетке (БААУ) тапшырганга чейин, окуу өзүнүн оордугу менен эч кубаныч алып келбейт деп ойлогом.

 

Студенттик жашоону үстүртөн гана билгениме карабастан, БААУ дайыма менин кыялымдагы окуу жай болуп келген. Бул университетке тапшырганыма чексиз кубанам. Сабактар башталган эң биринчи күндөрдөн тартып, бул университетти бекеринен тандабаганымды түшүндүм, анткени анын өзүнө таандык руху бар. Муну сөз менен сүрөттөп берүү мүмкүн эмес, ал айланаңда болгонун гана сезүү мүмкүн. Бул рух кайталанбас болгондуктан, ар бир кишиге ар башкача сезилиши мүмкүн.

 

Кимдир бирөө муну “Браво” буфетинде отуруп, шаттанып бир нерселерди талкуулап жаткан студенттердин көз караштарында көрөт. Башка бирөө үчүн ал “Кичинеттеги” ысык кофе менен даамдуу токочтор, студенттик “The New Star” гезитиндеги макалаларда чагылдырылат. Кимдир бирөө болсо университеттин рухун окуудан, китепканада отуруп ой жүгүртүүлөрдөн сезет. Мен болсо мага бир нерсе үйрөтө ала турган ар түрдүү, шайыр, кызыктуу кишилерден бул рухту сезем.

 

Мен күнүгө эртең менен ойгонуп, бизде аз гана студент окуса да, университетте жаңы кишилер менен таанышып, сүйлөшөрүмдү так билем. Бул өзүнөн өзү эле пайда болуп калат. Мен жөн гана бир жерде отурам, анан бирөөлөр сүйлөшүп калганын угуп калсам, алардын маегине кошулам. Мындан тышкары, ар бир сабакта мен башка факультеттердин студенттери менен жолугам. Ошентип 4 жыл бою улана берет, кээ бирлеринде андан да көпкө созулат. Башка ааламда жүргөнсүгөндөй болосуң, бирок чын эле ошондой го.

 

Сынактар келе жатканда жана тапшырмаларды өткөрүүнүн күндөрү келгенде бардыгыбыз асан кайгыланып баштайбыз. Окуп жүргөн кезде бардыгы оор, татаал болгонуна даттанганды, анан тапшырманы бергенге бир күн калганда аны даярдай калганды үйрөндүм, муну мен бардыгынан мыкты билип алдым.

 

Университеттин руху менин жанымда өзгөчө профессорлор түрүндө айланып жүрөт. Мен аларга окуу боюнча гана эмес, жөнөкөй турмуштук жана философиялык маселелер менен дайыма кайрыла аларымды, алар менен сүйлөшө аларымды, жардам же кеңеш сурай аларымды билем. Дал ушул жерде мени көзгө көрүнүп турган нерселерге жаңыча караганды, бир нерсеге умтулганды, дайыма максат коюп жүрүүнү үйрөткөн профессорлорду жолуктурдум. Булардын көбү жөн гана жогорку сапаттуу адис катары эмес, мекенимди сүйүүгө жана ага кам көрүүгө үйрөткөн чыныгы адамдар катары жүрөгүмдө калышты. Бирок бул да эң башкысы эмес.

 

Окуу өз нугу менен улана берет, ал эми БААУдагы жашоону ар түрдүү иш-чаралар, конкурстар, конценттерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Мындай маданий иш-чаралар абдан жогорку деңгээлде өткөрүлөт, мына дал ушулар үчүн мен университетимди абдан жогору баалайм. Ар бир концерт көрөрмандарды шыктуу студенттердин талантына суктандырып, өзүнүн кайталанбастыгы менен мурункусунан айырмаланат. БААУдагы ар бир иш-чара башкача бир маанай менен өткөрүлөт. Эл студенттердин оюнун таң калып, шаттанганын көргөнүмдө, мен ушундай университетте окуп жатканыма сүйүнүп, жүрөгүм дакылдап кетет. Дал ушундай учурларда бул окуу жай жөнөкөй эместигин түшүнөм. БААУда окубагандардын стереотиптери жана түшүнбөстүктөрүнө карабастан, мен өз университетимди дал ушундай болгону үчүн жакшы көрөм.

 

Студенттер, профессорлор, концерттер – булардын бардыгы БААУну окуу үчүн гана эмес, жөн эле келип жүрүү үчүн сүйүктүү жерге айландырууда. Эгер ар бир университет студенттерди паракорчулук жана түркөйлүк менен эмес, өзүнө таандык руху менен курчаса, анда балким студенттердин көбү билимге, ички дүйнөнү байытууга, оң мүнөздөгү өзгөрүүлөргө умтулушар эле. Университет бардыгы качып кеткиси келе турган жерге айланбаш керек, тескерисинче студенттерге жайлуулукту, жагымдуу шарттарды түзүп берген экинчи үйдөй болушу зарыл. БААУ студенттерге эң мыкты шарттарды жаратканы үчүн ушундай мүнөзгө ээ болууда. Ошондуктан, мен эң сонун студенттик күндөрдү өткөрдүм деп толук кандуу ишенич менен айта алам!

 

Каныкей Кененсариева, БААУ студенти

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028