Нострификация

Нострификация

16 июня 2014

Нострификация

Борбордук Азиядагы Америкалык университет эл аралык, көп тармакта билим берүүчү мекеме болуп саналат.

Азыркы учурда Борбордук Азиядагы Америкалык университетте 122 толук ставкалуу окутуучу эмгектенет, алардын ичинен 43ү АКШ, Германия, Казакстан, Болгария, Австрия, Улуу Британия, Тажикстан, Россия, Түркия, Франция, Канада, Голландия, Италия, Дания, Польша, Куба, Украина сыяктуу чет өлкөлөрдүн жарандары болуп эсептелет.

122 окутуучунун арасында 7 илимдер доктору, 37 илимдер кандидаты иштейт, 15 окутуучу батыштын PhD илимий даражасына ээ.

БААУ жетекчилиги биринчилерден болуп, университеттин окутуучуларынын PhD илимий даражаларын таануу жана эквиваленттүүлүгүн орнотуу боюнча нострификация процессин демилге кылып көтөргөн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен, БААУ президенти Эндрю Вахтелге философия доктору академиялык даражасы ыйгарылган. “Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-январында № 16-Токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында чет өлкөлөрдө берилген философия доктору (PhD) академиялык даражалардын, дипломдордун нострификация жөнүндөгү Жобого” ылайык, Эндрю Вахтель, нострификация процедурасынан өткөн жана философия докторунун мамлекеттик үлгүдөгү кыргыз дипломун алган биринчи чет өлкөлүк профессор болуп саналат.

 

2014-жылдын 6-июнунда, Жогорку аттестациялык комиссиянын төр агасынын орун басары, башкы илимий катчысы Бакыт Тыналиева салтанаттуу абалда Эндрю Вахтелге философия докторунун мамлекеттик үлгүдөгү дипломун тапшырган. Эндрю Вахтель Бакыт Карабековнаны жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди: “Бүгүн сиздер менен бирге болуу мен үчүн чоң сыймык. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ЖАК америкалык дипломду, менин мисалымда Беркли Калифорния Университетинин дипломун тааныганы биринчи жолу болуп отурат. Мен бул окуя тууралуу сөзсүз түрдө университетиме кабар берем жана аларга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү философия докторунун дипломунун көчүрмөсүн салып жиберем. Бул окуя биз бирге иш жүргүзө ала тургандыгыбыздын жышанасы. Биз кызматташып, бирге иш кылышыбыз зарыл. Биздин университет Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары менен иштешүүгө даяр. Биздин университет – кыргыз университет! Менин атам кардиолог, мен үчүн ЖАК кардиологдорго да илимий даража ыйгарганы абдан кызыктуу болду.

 

Бардыгыңарга, өзгөчө Бакыт Карабековнага чоң ыраазычылык билдирем, мен үчүн өтүнүч кылган, университетимдин кызматкерлерине, деги эле кыргыз өлкөсүнө рахмат айтам, себеби сиздер бизге иштөөгө мүмкүнчүлүк берип жатасыздар. Кийинчерээк биз мындан да тыгыз иштеше турганыбызга терең ишенем!”.

 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен, батыштык PhD илимий даражасына ээ болгон БААУнун жергиликтүү толук ставкалуу окутуучусуна да философия доктору илимий даражасы ыйгарылган. Тизмеси төмөндө:

  1. Насритдинов Эмил
  2. Темиркулов Азамат
  3. Жеңиш Нурбек
  4. Джураев Эмилбек
  5. Ким Елена
  6. Укуева Нургүл

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028