Кайрымдуулук

Кайрымдуулук

12 июня 2014

 

Токмоктогу “Бейкут” үйүнүн тарбиялануучулары спортчулар менен жолугушууну каалайт

10-июнда Борбор Азиядагы Америка университетинин кызматкерлери Токмоктогу “Бейкут” үй-бүлөлүк типтеги үйүндө кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Акцияга биз да катышып, балдар үчүн уюштурулган чакан майрамга күбө болуп келдик.

 

“Балдар үйүндөгү тарбиялануучулардын китеп окууга умтулуусу кубантат”

Кабарыбыз бар Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ) кайрымдуулук менен активдүү алектенип келет. Окуу жай “Айыл китепканасына китеп белек кыл” республикалык акциясынын алкагында бул ирет Токмоктогу “Бейкут” үй-бүлөлүк типтеги үйүнө мектепке чейинки жана башталгыч класстар үчүн китептерди белек кылды. Китептерге кошо ЖОЖдун кызматкерлери, китепканачылары жана студенттери оюнчуктар, белек-бечкектер жана татымалдарды ала барышыптыр. Күн сайын жол карап ата-энесин күткөн балдар үчүн бул күн майрам болду десек жаңылышпайбыз. БААУнун PR-директору Динара Орозбаеванын айтымында, бул акцияга окуу жайдын администрациясынан тышкары студенттер да демилге көтөрүшүп, колунан келген жардамын беришти. “Биз айыл китепканасына китеп белек кыл” акциясы башталгандан бери өлкөбүздүн бир нече китепканаларына жана балдар үйлөрүнө китеп берип келебиз. Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларынын билим алып, келечекте бир кесиптин ээси болуусу чоң мааниге ээ. Балдардын китеп окууга умтулуусун, аракетин көрүп чексиз кубануудабыз. БААУ балдар үйлөрүнө колдоо көрсөтүүнү жакшы салтка айланткан жана мындан жазбайт”,- дейт Динара айым.

 

“Негизги максатыбыз – балдардын жан дүйнөсүн тазалоо”

“Бейкут” үй-бүлөлүк типтеги үйүнүн улуу тарбиячысы Айсулуу Керималиева балдар үйү тууралуу төмөнкүчө маалымат берди.

-“Бейкут” 2007-жылы даниялыктардын көмөгү менен ачылган. Учурда Токмок шаарынын мэриясы камсыздап келет. Боорукер адамдар да жардам берет. Жамаатыбыз 5 кишиден турат. Ачылгандан бери 50гө жакын бала кабыл алынып тарбияланды. Ушул тапта 5тен 18 жашка чейинки 17 бала тарбияланып келет. Тарбияланып жаткан балдардын эң башкы максаты – ата-энелеринин жанында болуу. Кадимкидей жол карап күтүшөт. Ата-энелери жок болсо да келет деп күтүшөт.

Мектеп курагындагылар мектепке барышат. Мектептен келгенден кийин үй тапшырмаларын аткарабыз. Бул Борбор Азиядагы Америка университетинин биринчи жардам бериши эмес. Балдардын окууга кызыгуусу бар. Кыргыз тилинде эле эмес сөздүктөрдү пайдаланып, чет тилдерди да үйрөнө башташты.

Биз балдарга “жетим балдар үйүндө жашайбыз деп айтпагыла. Силер кадимки эле үйдө жашайсыңар. Силерди коргоп ала турган апаңар бар. Директорубуз силердин апаңар” деп айтабыз. Биз негизинен балдардын жан дүйнөсүнө иштейбиз. Эң негизгиси балдардын жан дүйнөсүн тазалоо зарыл.

 

“Кылмышкерлерди кармагыбыз келет”

Анан албетте балдардын пикирин уктук. Алардын ой-тилектери ойлондурса да, алар менен маектешүү рахат тартуулады.

 

Руслан, 3-класста окуйт

-Руслан чоңойгондо ким болгуң келет?
-Атайын даярдыктагы аскер адамы.

-Эмнеге?
-Анткени кылмышкерлерди кармагым келет.

-Кандай баага окуйсуң?
-“5”, “4”, “3” деген бааларды алам.

-“2” деген баанычы?

-“2” деле бар. Орус тилден.

-Китеп окуйсуңарбы?
-Ооба. Мектептен келгенден кийин түштөнүп алып үй тапшырмаларыбызды аткарабыз. Бизге тарбиячылар жардам берет. Волонтерлор да келип окутушат.

-Атайын даярдыктагы аскер адамы болуп, кылмышкерлерди кармоо үчүн күчтүү болушуң керек. Спорт менен машыгасыңбы?
-Ооба. Бокс секциясына барып баштаганыма 2 ай болду.

-Кандай ыкмаларды үйрөндүң?
-Бөйрөккө анан жаакка сокку узатканды үйрөндүм.

-Спортчулардан кимди билесиң?
-Руслан Абасовду. Аны кылмышкерлер өлтүрүп коюшту.

-Сыналгыдан көргөн адамдардан кимдер келген силердин үйүңөргө?
-Тамашоучу Азамат Исмаилов, ырчы Нурзат Садыкова жана бийчи Атай Өмүрзаков.

-Алтын балык 1 каалоңду ишке ашырам десе эмне сурамаксың?
-Бексултан байкемди алып кел демекмин. Ал Саадаев көчөсүндөгү №165 үйдө жашайт.

 

Данил, 5-класста окуйт

-А сенин ким болгуң келет?
-Аскер адамы болуп, кылмышкерлерди кармагым келет.

-Эмне себептен баарыңар эле кылмышкерлерди кармагым келет деп жатасыңар?
-Анткени алар жер жүзүндө жаман иштерди жасайт. Уурулук кылышат, адам өлтүрүшөт.

-Данил кыргызча жакшы билет экенсиң. Кимден үйрөнгөнсүң?
-Чоң атам үйрөткөн. Чоң атам – кыргыз.

-Китеп окуйсуңбу?
-Ооба окуйм. Бүгүн алып келинген китептердин арасында жомоктор бар экен. Жыргап окуйбуз эми.

-Данил сага мындай эркекче суроо да. Классыңда сүйлөшкөн кызың барбы?
-Классымда сүйлөшкөн кызым жок. Менин сүйлөшкөн кызым Бишкекте турат. Аты – Настя.

-Акыркы жолу качан жолугуштуңар?
-1 жыл мурда Бишкекке экскурсияга барганда. Ал дагы балдар үйүндө жашайт. Бишкекке барганда эле 1 жылда бир жолу жолугушуп турам.

-Настя менен таанышкан күнүң эсиңдеби? Ал кандай кыз?
-Ооба эсимде. 13-апрель, ишемби күн болчу. Ооруканадан таанышканбыз. Настя жакшы кыз. Сулуу. Чачы кара.

-Настяга үйлөнөсүңбү?
-Ооба үйлөнөм. 23 жашымда үйлөнөм.

-Алтын балыктан эмне сурамаксың?
-Настяны алып келип бер демекмин.

-Настя үчүн баарына даярсыңбы?
-Ооба!

 

Олег, 5-класста окуйт

-Сага дароо мындай суроо: сүйлөшкөн кызыңдын аты ким?
-Динора.

-Динора жөнүндө айтып берчи?
-Ал базар жакта жашайт. Күндө жолугушабыз. Анткени классташпыз.

-Чоңойгондо эмне менен алектенгиң келет?
-Мен да атайын даярдыктагы аскер болгум келет. Ошондуктан дзюдо менен алектенип жатам.

-Балдар үйүндө сага баары жагабы?
-Ооба. Күндө велосипед тебебиз. Бассейнге сууга түшкөнү жиберишет. Футбол ойнойбуз.

-Китеп окууга убакыт табасыңбы?
-Албетте. Окуу, билим алуу бизде биринчи орунда турат. Тарбиячыларыбыз мектептен тышкары да окутушат. Бош убактыбызда гана ойнойбуз.

-Футболчулардан кимди тааныйсың?
-Криштиану Роналду жана Каканы.

-Мундиалда кайсы өлкөгө жан тартасың?
-Бразилияга.

-Алтын балыктан эмне каалоо сурайсың?
-Апамды. Апам келсинчи.

Маегибиздин аягында спорт менен дос болуп баштаган жигиттер кыргыз спортчулары менен жолугушуу тилегин билдиришти

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028