Commencement 2014

Commencement 2014

3 июня 2014

Ак жол сага “Класс-2014”!

31-майда Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) 2014-жылкы бїтїрїїчїлєрї уядан учту. Диплом тапшыруу салтанаты Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп єттї. Бул кїнї бїтїрїїчїлєр жаз менен гана эмес, сїйїктїї окуу жайы менен да коштошту.

 

Олимпиаданы эске салган ачылыш

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы тынчтыктын жарчысы болгон Олимпиада оюндарын эске салды. Кече БААУда єкїлдєрї бар дїйнєнїн 20дан ашуун єлкєсїнїн тууларын алып чугуу менен башталды. Туулардын парадынан кийин бїтїрїїчїлєргє диплом тапшырууга байланыштуу уюштурулган Президиум чакырылды. Андан БААУнун президенти доктор Эндрю Вахтель, КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сариева, АКШнын КРдагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Памела Стратлен жана ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын сыйлуу мугалимдери орун алышты. Ушул жерден айта кетчї нерсе, БААУда дїйнєнїн 20дан ашуун єлкєсїнєн келген мугалимдер сабак беришет. Чыныгы эл аралык билим берїї деп мына ушуну айтса болот.

 

Таў калтырган вице-премьер

Президиумдун мїчєлєрї кезеги менен чогулган бїтїрїїчїлєр жана аларды куттуктап келген жакындарынын алдында сєз сїйлєп, ийгилик жана ак жол каалашты. Албетте биринчи болуп Эндрю Вахтель сєзгє чыкты. Эндрю мырза єз сєзїндє эў оболу бїтїрїїчїлєрдїн ата-энелерине ыраазычлык билдирди. “Сиздердин колдооўор балдарыўар жана Кыргызстан їчїн эмес, бїт дїйнє їчїн салым десем жаўылышпайм”,- деди ал. Трибунага чыгып сїйлєгєндєрдїн арасынан Єкмєттєн келген єкїл Эльвира Сариева бир чети таў калтырса, бир чети мекенчилдик духта билдирїї жасады. Таў калтырганы ал кыргыз жана орус тилдери менен чектелбестен, англис тилинде да мыкты сїйлєдї. Ошондой эле вице-премьер: “Кыргызстан акыркы мезгилде оор кїндєрдї башынан єткєрдї. Кээ бир учурларда сабырдуу боло албай калып жатты. Айрым учурларда оўой эле алданып да калды. Бирок алардын баары артта калды деп ойлойм. Элибиз эми алданбайт. Кыргызстан эми сабырсыздык менен жоготуулардын баасын билет. Жаштарыбыздан їмїтїбїз чоў. Сиздерге ак жол каалайм!”,- деп белгилеп єттї.

 

“Сен али биз тууралуу кєп угасыў БААУ”

Ошентип, салтанаттын расмий бєлїгї аяктап, кєптєн кїтїлгєн учурга да кезек келип жетти. Филармониянын залына толгон гїл кучактаган ата-энелердин кол чабуулары астында бїтїрїїчїлєрдїн кийимин кийген кїндїн “кїнєєкєрлєрї” чыгып келишип залдан орун алышты. Алгач окууда єзгєчєлєнгєн студенттерге президенттик стипендия тапшырылыды. Андан соў ар бир бїтїрїїчїгє салтанатуу диплом тапшыруу аземи башталды. Узакка созулган бул процессти коноктор кол чаап коштоп, эч кимди зериктирген жок. Чынында ошол учур ар бир бїтїрїїчїнїн ємїрїндє сакталып калат десек адашпайбыз. 5 жыл окуп билим алып, кесиптин ээси болуу менен биргеликте досторду тапкан уядан учуп жатышат. “Класс-2014тїн” атынан кепке чыккан “Мыкты бїтїрїїчї” деп табылган Евгения Цой сєзїн “Сен али биз жєнїндє кєп угасыў БААУ” деп аяктады.

 

“Кїзгїлєрдєн” “Ак кеме”

Жогорудагы толкунданткан, сыймыктанткан жана бир аз кєўїлдї чєктїргєн учурдан кийин маанайды кєтєрїї керек эле. Андыктан сахнага БААУнун “Кїзгїлєр” театрынын жаш таланттары чыгып, жакшы маанай тартуулашты. Алардын тартуулган “Ак кеме” мюзикли эч кимди кайдигер калтырган жок. Андан ары баары салтка айлангандай. Эстеликке сїрєт. Асманга учкан шарлар менен мантиялар. Кєз жаш жана кубаныч. Келечекке карай їмїттїї кєз караш... Сєздїн аягында бир нерсени эске салып кеткибиз келет. Кыргызда мындай сєз бар: “конор журтуўдан да, кєчкєн журтуў аман болсун”. Ак жол сага бїтїрїїчї! Ак жол! Бирок кош бол эмес...

 

Алина Кожоева, бїтїрїїчї:

“Жашоо бїтїрїїчїлєргє жылмаюу гана тартууласын”

-Бїгїн биз жаз менен гана эмес, сїйїктїї окуу жайыбыз менен да коштошуп жатабыз. Мыкты студенттер, достор жана келечектеги єз ишинин адистери коштошуп жатышат. Мына комменсмент да аяктап барат. Бул кечени кєпчїлїк эстеп калат деп ишенем. Ал їчїн Николай Григорьевич Шульгинге чоў рахмат! Мыкты бїтрїїчї наамынын ээси Евгения Цой азамат! Коштошуу сєзї менен баарыбызды ыйлатты. Баатыр Шабданов да єзїнїн оригиналдуулугу менен кєпчїлїктї таў калтырды. Бїтїрїїчїлєрдїн баарына ак жол каалайм! Жашоо сиздерге жылмаюу гана тартууласын!

 

Баатыр Шабданов: “БААУдан рахат алыгла. Эми менде андай мїмкїнчїлїк жок”

-Диплом алуу їчїн сахнага чыгып, президентибизди кучактап кулата жаздаганда мен чексиз бактылуу болдум. Жан дїйнєм толкуп, ойлорум чаржайыт болуп турду. Анткени мен їйїм жана колдоочум менен коштошуп жаттым. Мен бактылуумун. Анткени убактымды сонун адамдар менен єткєрдїм. Ошол адамдар мени менен бардык жайда бирге болушту: сахнада, окууда, коридордо, кечелерде, короодо, Нью-Старда, КВНде, Ориентэйшнде жана менин жїрєгїмдє! Бул їчїн баарыўарга ыраазычылык. Сиздер менин жїрєгїмдє тїбєлїккє сакталып каласыўар! Студенттерге айтарым, сураныч учур чак менен жашагыла жана БААУдан рахат алгыла. Тилекке каршы эми менде андай мїмкїнчїлїк жок.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028