Баткен

Баткен

15 мая 2014

2014-жылдын 13-майында БААУ президенти Эндрю Вахтель Баткен облусунда иш сапар менен болуп кетти.

 

Эртең менен БААУ Президенти Эндрю Вахтель Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Разаков Жеңиш Парпиевич менен жолукту. Жолугушуу учурунда Баткен облусунун жетекчилиги жана БААУ арасында өз ара пайдалуу кызматташтык маселелери талкууланган. Ошондой эле БААУ Президенти Жаңы Муун Академиясы тууралуу сөз кылды, өкмөттүн өкүлүн БААУда окуган баткендик студенттер менен тааныштырды, алар Академияны ийгиликтүү бүтүрүп, азыркы учурда БААУда окуусун улантып жатышат. Жеңишбек Разаков өз кезегинде Вахтель мырзага чоң эмгеги жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. ЖМА Кыргызстанда биринчи жана өзгөчө долбоор болуп саналат, мында аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн чыккан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө татыктуу билим алууга мүмкүнчүлүк берилет.

 

Түштөн кийин БААУ президенти Баткен мамлекеттик университетке барып, ректор, Чет тилдер факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолукту. Жолугушууда билим берүү тармагындагы актуалдуу проблемалар талкууланган. Ошондой эле Вахтель мырза билимди жогорулатуунун ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрү жана ар кандай билим берүү программалары тууралуу кеп кылды. Жолугушуу учурунда студенттерди алмашуу программалары, БААУда студенттерге каржылык колдоо жана арзандатуулар, жаңы кесиптер боюнча суроолор узатылган. Студенттерди билим берүү тармагында паракорчулук маселеси, аны жоюу жолдору кызыктырган. Эң кызыктуу суроо катары ректор болуш үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек деген суроону белгилесе болот.

 

Эки жолугушуу тең жылуу маанайда өткөрүлгөн, эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык маселелери талкууланган.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028