ТАБ

ТАБ

29 апреля 2014

Кыргызстанда кыйноо менен күрөшүүнүн ыкмалары талкууланууда

 

2013-жылдан бери БААУ карамагындагы Тянь-Шань аналитикалык борбору (ТАБ) Европа Биримдигинин демөөрчүлүгүндө “Адам укуктары жана кыйноолордун алдын алуу стандарттары боюнча чечимдердин аткарылышын ишке ашырууда бейөкмөттүк жана башка уюмдардын дымагын күчөтүү программасы” аттуу долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында адистер бүткүл дүйнөдөгү кыйноолордун алдын алуу жана аларды иликтөө боюнча көз карандысыз органдары боюнча изилдөө жүргүзүшкөн (Гватемала, Ямайка, Түндүк Ирландия, Канада). ТАБ кызматкерлери тийиштүү органдардын жетекчилери менен жолугуп, алардын түзүлүшүн, тарыхын изилдешкен, алардын тажрыйбасы канчалык ийгиликтүү болгонун үйрөнүшкөн. Жүргүзүлүп жаткан долбоордун алкагында ТАБ Бишкек шаарында тегерек стол өткөргөн, мында жыйынтыктоочу отчёт тапшырылган. Катышуучулардын арасында Кыргызстандагы Европа Биримдигинин, Людвиг Больцман атындагы Адам укуктары институтунун (Австрия)  өкүлдөрү,, БУУ карамагындагы Кыйноолордун алдын алуу боюнча суб-комитетинин мүчөлөрү, Дублин шаарынын Адилеттикти орнотуу боюнча комитеттин мүдүрүнүн орун басары (Түндүк Ирландия), Ямайка жана Канаданын Кыйноолордун алдын алуу боюнча көз карандысыз органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Башкы прокуратуранын кызматкерлери, министрликтер жана мекемелердин өкүлдөрү болгон.

 

Кыйноолордун алдын алуу

Адамдарды кыйноо, аларга зордук-зомбулук, ырайымсыз мамиле көрсөтүүгө толук тыюу Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыда жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорго каршы конвенциясында бекитилген. Кыргызстандын Өкмөтү акыркы жылдарда соттук ишмердикти жана укукту коргоо практикасын адам укуктары тармагындагы эл аралык укукка ылайыктуу түрдө жөнгө салууга жана өлкөдө адамдарды кыйноонун, аларга зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алууга аракет кылууда. Өлкөнүн 2010-жылкы Башмыйзамы жана укуктук базасы, анын ичинде Кылмыш-жаза кодекси жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси адамдарды кыйноого жана ырайымсыз мамиле көрсөтүүгө салынган тыюу боюнча жоболорду камтыйт. Кыргызстан адам укуктары боюнча бардык негизги эл аралык келишимдерди тааныган, ошондуктан өлкөдө адамдарды кыйноонун жана ырайымсыз мамиле көрсөтүүнүн алдын алуу, буларга толук тыюу салуу улуттук укуктук системанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Бирок адамдар дагы эле кыйноолорго дуушар болуп, ырайымсыз мамилени көрүп жатканы кеңири жайылган кубулуш бойдон калууда, муну БУУнун өкүлдөрү бир нече ирет билдиришкен.

 

Комплекстүү меморандум иштелип чыкты

 Көптөгөн жылдардан бери бул маселе талкууланып жатканы менен, коомчулук маселени чечүү үчүн саясий эрк көрсөтүү керектигин билдирди. Өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү Эркиндиктен ажыратуу жайларын көзөмөлгө алууда өз ара түшүнүшүү меморандумун иштеп чыгышты. Бул маселеге Жогорку Кеңештин Адам укуктары боюнча комитети өзгөчө көңүл бурду. Мунун бардыгы Кыргыз Республикасында адамдарды кыйноо менен күрөшүүдө чечкиндүүрөөк иш-аракеттер аткарылып жаткандыгын белгилейт. Тегерек столдо адамдарды кыйноо жана ырайымсыз мамиле көрсөтүүлөрдү иликтөө боюнча алдыңкы тажрыйбалар талкууга алынган. Бул талкуулардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасында адамдарды кыйноо менен күрөшүүдө институционалдык жана укуктук реформаларды ишке ашыруу боюнча жол картасын иштеп чыгууга багытталган иш-аракеттер алынышы зарыл.

Улуттук алдын ала сактоочу механизмдердин ролу

2008-жылы Факультативдик протоколду ратификациялагандан кийин, Кыргызстан адамдарды кыйноо жана ырайымсыз мамиле көрсөтүүнүн алдын алуу жолунда маанилүү кадамдарды шилтеди. Бул протокол ар бир катышуучу-мамлекет, өлкөдөгү камакка алуу жайларын туруктуу текшерүү үчүн өзүнүн улуттук алдын ала сактоочу механизмин (УАМ) иштеп чыгууну талап кылат. Өзүнүн укуктук негизи боюнча УАМ камакка алуу жайларын көзөмөлдөөнү гана эмес, кыйноолор жана ырайымсыз мамилелер боюнча болгон бүт бардык маалыматтар жана билдирүүлөрдү чогултууну жана терең анализдөөнү да көздөйт, бул механизм республикада кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин алдын алууда чечүүчү ролду ойношу, кыйноолордун алдын алуу жана камакка алуу шарттары тууралуу мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча бийликке конкреттүү сунуштарды бериши зарыл.

 

Канат Султаналиев, БААУ Тянь-Шань аналитикалык борборунун аткаруучу мүдүрү: биздин уюм БААУнун карамагындагы Социалдык изилдөөлөр борборунун негизинде өз ишмердигин баштаган. Биз Кыргызстандын жана Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдүн өнүгүшүнүн эң көйгөйлүү маселелеринин үстүндө иштеп жатабыз. Биздин өлкөдө адамдарды кыйноо жана ырайымсыз мамиле көрсөтүүнүн алдын алуу долбоору боюнча Европа Биримдиги менен тыгыз иштешип, жемиштүү натыйжаларга келип жатабыз. Бул долбоорду бир жыл мурун баштаганбыз, 2014-жылдын июнь айында бүтүрүшүбүз керек. Изилдөөлөрүбүздүн негизги максаты – эң натыйжалуу жол менен Кыргызстанга кыйноолордун алдын алууда жардам көрсөтүү. Биздин республика бул тармактагы БУУнун бардык келишимдерине кол койгон тарап болуп саналат, андыктан мамлекетибиз бул багытта чечкиндүү иштерди аткарууга милдеттүү. Биздин адистер башка өлкөлөрдө кандай иш аткарылып жатканын изилдешкен, иш-сапарларга чыгышкан, ар түрдүү басылмаларды иликтешкен. Ошондуктан бул иш-чарага биз чогуу иштешкен чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Алар бизге өздөрүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын биз менен бөлүшө алышат. Биз Кыргызстанда колдонулушу мүмкүн болгон эң мыкты практикаларды корутундулаган басылма түрүндө өзүбүздүн изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыктарын элдин сынына берүүдөбүз. Маселенин өзү жарандык коомчулук жана мамлекеттик органдар арасында үзгүлтүксүз баарлашууну талап кылат. Соңку жылдарда көптөгөн иштер аткарылганын айта алам. Он беш жыл мурун “кыйноо” сөзүн айтканга да болбойт эле. Азыркы тапта Жогорку Кеңештин, Прокуратуранын  өкүлдөрү адамдарды кыйноо проблемасы өлкөдө орун алганын моюнга алышты. Бардыгыбыз биригип, бул өнөкөт менен кантип күрөшүү керектиги боюнча ойлонушубуз керек.

 

Сара Кинг, доцент, БААУ Тянь-Шань аналитикалык борборунун адам укуктары боюнча программасынын жетекчиси: иш-чарабыздын эки негизги максаты бар – биринчиси, бүткүл дүйнөдө кыйноолор жана ырайымсыз мамилелердин механизмдерин изилдеген долбоорубуз боюнча жыйынтыктоочу отчётту тапшыруу жана экинчиси, жанды кейиткен проблемалар боюнча талкуу жүргүзүү үчүн бул тармактагы адистер, өкмөттүн жана бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү арасында диалог түзүү үчүн аянт орнотуу. Тегерек столдун катышуучулары өлкөдө адамдарды кыйноо жана ырайымсыз мамиле көрсөтүүнүн абалын кызуу талкуулашты. Отчётто Түндүк Ирландияда, Гватемалада, Ямайкада адамдарды кыйноо кантип иликтенгенин ийне-жибине чейин көрсөткөнгө аракет кылдык. Ошондой эле биз ички иштер органдарынын, жазаларды аткаруу кызматтарынын реформалоо маселелерин карап чыкканбыз. Биз Америкада жарандар кантип кармалгандыгы, ошол эле учурда алардын укуктары кантип сакталгандыгы боюнча мисалдарды көрсөткөнгө даярбыз. Европа Биримдиги биздин ишке баа бергенине абдан сүйүнүп отурабыз.

 

Тиркеме

БААУ карамагындагы Тянь-Шань аналитикалык борбору Борбордук Азиядагы өлкөлөр үчүн илимий иштерди, анализдерди жүргүзгөн, натыйжалуу саясий чечимдерди ишке ашырган, пайданы көздөбөгөн инновациялык уюм болуп саналат. ТАБ демократиялык башкаруу, айлана-чөйрө жана туруктуу өнүгүү, адам укуктары жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгү, миграция жана социалдык коргоо багыттарында өзүнүн негизги ишмердигин жүргүзөт.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028