Brain Ring

Brain Ring

16 апреля 2014

БААУда акысыз окуу үчүн акылдуулардын таймашы

 

“Төрт тик бурчу болгон англис шакеги эмне деп аталат?” деген суроо Брэйн Ринг интеллектуалдык таймашка келген мектеп окуучуларын адаштырып жиберген. Акылдуу окуучулардын мелдеши жыл сайын өткөрүлүп, үч жеңүүчүгө БААУда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн берет.

 

Акылдуулардын таймашы БААУда 11-апрелде өткөрүлгөн. Бишкек шаарынын №70, №13, №61, №12,№ 6, №67, №24 жана Кара-Балта шаарынын №6 мектебинин окуучулары таймашка катышкан.

 

Мелдештин биринчи жарымы мектептер аралык атаандашууга арналган, ар бир топ 20 секунддун ичинде берилген суроого жооп бериши керек болгон. Бул жылы биринчи орунду №13-лицейдин тобун артта калтырып, №70-мектептин тобу жеңип алган.

 

Тыныгуу учурунда Студенттик Кеңеш университеттин студенттик жашоосуна өз салымын кошкон, аймактардан келген бир нече активдүү студентке стипендия ыйгырып берген.

 

Оюндун экинчи жарымында “Өздүк биринчилик” жарышы болгон, мында ар бир оюнчу өзүнүн "келечеги" үчүн күрөшкөн. Биринчи орунду кайрадан №70 мектеп, анын окуучусу Адинай Джекшенованын жардамы менен алган.

 

Мектеп окууучулары биринчиликке туура жооптору үчүн чогулткан упайлары боюнча тандалган. Жалпы эсеп боюнча 12 оюнчу алынып, алардын ичинен үчөөсү гана БААУда акысыз окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

 

“Бүгүн бардыгынын сазайын карматам!” деп Твиттерде статус жазып, БААУнун болочок студенти Адинай мелдешке келген, аны жеңип, эмгегине жараша сыйлыгына ээ болгон. Адинай койгон максатына умтулуп, өзүнө жана мектебине жеңишти алып келген. “Алып баруучу мырза” аялдар эркектерден акылдуураак болорун айтып, жеңүүчү ким экендигин белгилеген. Адинай алтын медалга талаптанат, кирүү сынактарын тапшырганга жетишкен, азыр бир гана документтерин берип, жыйынтыктарды күтүшү гана керек.

 

№61 мектептин окуучусу Аман Каниметов суроолорго жайбаракат жооп берип экинчи орунду ээлеген. Аман абдан активдүү, TIFE-2013 иш-чарасына катышкан, ошондой эле дебаттарга кызыгат. Аман дагы башкы сыйлыктардын бирисинин ээси болуп, БААУда 4 жыл акысыз окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ошондой эле ал кирүү сынактарын тапшырып койгон, азыр документтерди гана бериши зарыл.

 

№ 13-мектептин окуучусу Айдин Карабеков кичине толкунданганы менен үчүнчү орунга ээ болгон, ошондой эле 100% арзандатууну утуп алган. Бул жигит баскетболго кызыгып, БААУда Колдонмо математика жана информатика факультетине өткүсү келет. Бирок тилекке каршы кирүү сынагында бир нече гана упайга жетпей калган экен, ошондуктан сынакка кайрадан кирүү ою бар.

 

Бул үч окуучу биздин университетке тапшырууга бир гана кадам шилтеши керек, аларды окууга акча төлөө деген маселе күтпөйт. Андыктан биз жеңүүчүлөрдү келе жаткан окуу жылында босогобузда күтүп турабыз. Мындай мүмкүнчүлүктү жоготпой, аны пайдаланышат деп ишенебиз.

 

Баштагы суроонун жообу негизи оңой эле, жана ал мелдештин Brain Ring деген өзүнүн атынын ичинде катылган. Төрт тик бурчу болгон англис шакеги ринг деп аталат (ring -шакек).

 

Элина Туралыева, JMC-112

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028