Экскурсия

Экскурсия

8 апреля 2014

2014-жылдын 4-апрелинде Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин өнөктөштөрү жана болочок демөөрчүлөрү үчүн жаңы кампуста кезектеги көргөзмө уюштурулган. Чакырылгандардын арасында Бай Түшүм Банкы, Кыргызстан Коммерциялык Банкы, Америкалык Соода Палатасы, “Акселс” Компаниясы жана башкалар болгон. Бул жылы биздин студентттер жаңы, заманбап, экологиялык имаратта окуй турганын сыймыктануу менен билдире алабыз (БААУ Жашыл долбоору).

 

Жаңы кампустун аянты 17,5 миң метр квадратты түзөт, бул аянт БААУнун азыркы имаратынан 3 эсе чоң. Жаңы кампуста Борбордук Азия чөлкөмүндө алгачкы жолу ысытуу жана муздатуу үчүн геотермалдык система колдонулат. Жер алдындагы суулардын энергиясы колдонулуп, мында энергиянын салттуу эмес булактарын пайдалануунун жаңы ыкмалары көрсөтүлөт. Жаңы имарат Бишкектин кадимки имараттарына салыштырмалуу 15% гана электр энергиясын керектейт. Мындайча айлана-чөйрөнү сактоо боюнча өз алдынча окуу куралы болот.

 

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн колдоосу менен БААУнун жашыл долбоору ишке ашырылды.

 

Көргөзмөнү БААУ Президенти Эндрю Вахтель жүргүзгөндүктөн келген коноктордун жолу болду. Ал негизги бөлмөлөрдү, дарсканаларды көрсөттү, ар бир кабатка чыккан сайын курулуштун маанилүүлүгү жана университеттин өнүгүшүнүн перспективалары жөнүндө кеп кылды. Коноктор президентти кунт коюп угушуп, өзөктүк суроолорун да берип жатышты. Жалпысынан бардык нерсе ийгиликтүү аяктады, келген коноктордун бардыгы кампус менен таанышуудан ыраазы болушту.

 

Мындан кийин ай сайын көргөзмө уюштуруу пландаштырылды.

 

БААУ менен өз ара кызматташууга кызыктар болгон бардык компаниялар чакырылат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028