Этнологдор жана Антропологдордун Кыргызстандагы Биринчи Конгресси

Этнологдор жана Антропологдордун Кыргызстандагы Биринчи Конгресси

31 марта 2014

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-мартында Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин базасында Этнологдор жана Антропологдордун Кыргызстандагы Биринчи Конгресси өткөрүлдү. Бул иш-чарага 80ге жакын катышуучу, Кыргызстандын дээрлик бардык университеттеринин өкүлдөрү, Ош, Нарын шаарларынан, ал түгүл Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынан коноктор келди.

 

Конгресс эки, археологиялык (19 билдирүү) жана этнологиялык (социалдык-маданий антропологиялык) (60 билдирүү) багытка бөлунгөн. Ошондой эле конгрессти өткөрүүнүн талаптарына жооп бербөө жүйөсү менен көптөгөн талапкерлер иш-чарага катышуудан куру кол калышты.

 

Конгресс төмөндөгү секцияларга бөлүнгөн:

  1. Тарыхый этнология;
  2. Этноархеология, дендрохронология жана Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасын коргоо тармагында мыйзамдар боюнча маселелер;
  3. Таш жана коло доорлорунун археологиясы;
  4. Кытайдын көчмөндөрү: алардын салттары жана башка көчмөндөр менен окшоштугу;
  5. Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык процесстер;
  6. Жыныс (гендер) антропологиясы;
  7. Эрте темир доору жана орто кылымдарынын археологиясы;
  8. Иденттүүлүктүн ар түрдүүлүгү жана Кыргыз Республикасындагы диний жагдай;
  9. Кыргыз Республикасынын элдеринин материалдык маданиятын изилдөө;
  10. Теориялык жана методологиялык ыкмалар;
  11. Мурастын көп кырдуулугу.

 

Жалпы жонунан, конгресстин уюштуруу комитетине төмөндөгү милдеттер коюлган:

-         Этнология, антропология, археология тармактарында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн учурдагы абалын белгилөө;

-         “Антропология дисциплинасынын терминологиялык маселелери” сыяктуу концептуалдык маселелерин аныктап, талдоо;

-         Советтик этнологиянын, антропологиянын, этноархеологиянын илимий мурасын анализдөө;

-         Кыргызстан антропологдорунун ассоциациясын түзүүнүн алкагында антропологиянын институционалдык бышыкталышынын керектигин аныктоо;

-         Кийинки конгрессти өткөрүү мезгилин жана концепциясын белгилөө.

 

Талкуулар тууралуу кыскача айтып кетсек.

Пленардык отурумда Кыргызстандагы этнологиянын учурдагы абалы талууга алынган, мунун жалпы көрүнүшүн өлкөдөгү этнологиянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири А.Асанканов баяндап берген. Советтик этнология, постсоветтик эмгектер кыскача кароодон өткөрүлгөн , алардын тематикалык анализи жүргүзүлгөн. Кыргыз илиминин эки көрүнүктүү дөөсү Анвар Мокеев жана Тынчтыкбек Чоротегин кыргыз улутунун келип чыгышынын айрым маселелерин козгошкон. Кыргызстан археологиясынын кол башчысы К. Табалдиев өлкөдөгү бул илимдин өнүгүшүн жана анын мүмкүнчүлүктөрүн анализдеген. А. Бикбулатова бардык субдисциплиналарды жана терминологиялык түшүндүрмөлөрдү “антропология” деген бир терминге киргизип, батыштын терминологиялык моделге өтүүнү сунуштаган. Р. Рахимов өзүнүн билдирүүсүндө бул илимдин өнүгүшүндө бир нече маселени - өздүк (native) антропологияны (өз коомубузду изилдөөнү), “башка” коомду изилдөөнү, ошондой эле улуттук илимдеги теориялык жетишпестиктерди белгилеп кеткен. Пленардык билдирүүлөрдү жандуу түрдө талкуулагандан башка, негизги суроолор жана жоромолдор дал ошол терминологиялык проблемаларга тиешелүү болгон. Ошондой эле батыштык жана постсоветтик илимдеги көз караштар, “улут” (нация, nation) жана “эл” (народность, nationality) деген сыяктуу терминдер жана башкалар талданган.

 

Конгресстин эң чоң бөлүгүнө “Тарыхый этнология” категориясы кирген, мында советтик мезгил, өздүктөштүрүү жана этникалык процесстер боюнча бир катар маселелер камтылган. Көп аял алуучулук, бириктештирүүгө жана менчиктештирүүгө байланыштуу оозеки тарых жөнүндөгү билдирүүлөрдү баса белгилөө зарыл. Башка бөлүктө советтик логиканы уланткан, мында материалдык маданият (килем токуу, салттуу кийим-кечелер, жууркан-төшөктөр ж.б.), аңчылык, устукандоо, маданий байлыкты сактоо сыяктуу маданий мураска тиешелүү маселелер козголгон.

 

“Кытайдын көчмөндөрү” бөлүгү бизге Шиңжан Уйгур Автономдук Республиканын аймагында жашаган кыргыз жана казак коомчулуктарына тиешелүү саясаттан баштап, өздүктөштүрүүгө чейинки маселелер жөнүндө маалымат берген.

 

Жалпысынан алганда бул конгресс Кыргызстанда этнографиялык жана археологиялык илимге болгон чоң кызыгуунун орун алганын билдирип, конгресстин бардык бөлүктөрү жандуу болгон, мындай натыйжа Кыргызстанда илимий жыйналыштардын салттуу өткөрүлүшүнө адаттан тыш көрүнүш болуп саналат.

 

Советтик илимдин басып өткөн жолун жолдоонун, муундар, мектептер аралык баарлашуунун, сынпикир (рецензия) жазууну өнүктүрүүнүн, мезгилдүү басылманы басып чыгаруунун, окумуштуулардын тизмесин түзүүнүн мааниси баса белгиленген.

 

Кийинки конгрессти Ош шаарында, келе жаткан жылдын апрель айында, Кыргыз Республикасындагы этникалык топтор сыяктуу темада өткөрүү сунушу берилген.

 

Жыйынтыктоочу сессияда узак мөөнөттүү талкуудан кийин ассоциацияны түзүү сунушталган. Ассоциациянын төрагалыгына, башкы координаторлугуна Руслан Рахимовдун талапкерлиги коюлган.

 

Руслан Рахимов Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Антропология факультетинин деканы болуп кызмат өтөйт. Руслан Рахимов, Этнологдор жана Антропологдордун Кыргызстандагы Биринчи Конгрессинин активдүү уюштуруучуларынын бири жана башкы демилгечиси болгонуна өзгөчө басым жасап белгилөө керек!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028