Нооруз майрамы

Нооруз майрамы

25 марта 2014

Университетибизде “Кыргыз тил” жана “Орус тил” программаларынын окутуучуларынын аракети менен жазгы Нооруз майрамын куттуктоо жакшы салтка айланды. Майрамдын алкагында дубал гезиттер конкурсу, концерт, элдик оюндар, Smart Mob иш-чарасы өткөрүлдү. Мындан тышкары башкы корпустун фойесинде Жаңы муундар академиясынын студенти, жаш сүрөтчү Анаркул уулу Мундузбектин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чара катышуучулардын көңүлүн көтөрдү. Концертте кыргыз, орус, испан, хинди, дари тилдеринде ырлар ырдалган. Концертке кыргыз эстрадасынын жылдызы Юлия Руцкая, жаш бийчилер Милана жана Улан катышышкан.

 

Эч кимди кош көңүл калтырбаган ырларды уктук, кыргыз элинин кудага түшүү салтынын кызыктуу сахналаштырылган оюнун көрдүк. Вокалдык жана бий номерлеринин таланттуу аткарылышы бардык көрөрмандардын көңүлүндө көп убакытка калат.

 

Иш-чара бою катышкандардын толкунданып жатканы байкалган, көздөрүнөн кубаныч, ыраазычылык, бактылуулук жалтырап турган. Катышкандар чын жүрөктөн берилип, майрам ак көңүл, жылуу маанайда өттү. Бул иш-чара өзүнүн достук маанайы менен кеченин катышуучуларына жана конокторуна ыракат алып келгени шексиз.

 

Иш-чаранын соңунда PR-кеңсесинин мүдүрү Динара Орозбаева бардык конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, жаркын майрамды өткөрүүгө активдүү катышкандарга сыйлыктарды тапшырды.

 

Майрамдын кульминациялык аягында катышуучулардын бардыгы улуттук “Кара жорго” бийин бириктешип аткарышты.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028