Акция

Акция

24 марта 2014

Үстүбүздөгү жылдын март айынын 18-нде Ош облусунда “Айылдын китепанасына китеп белек кыл!” кайрымдуулук акциясы башталган, мунун алкагында БААУ өкүлдөрү облустук китепканага 4 миң чамасында китеп өткөрүп беришти. Китептер аймактын айыл өкмөтөрүнүн, университеттеринин жана мектеперинин китепканаларына тараталып берилет. 2012-жылдан бери бул иш-чара БААУ студенттери тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жатат.

 

Айылдык китепканаларды колдоо боюнча кайрымдуулук акциясы Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин демилгеси, Ош облустук китепкананын колдоосу менен уюштурулду.

 

Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин маалыматтары боюнча Кыргызстанда 1061 китепкана иштейт, алардын ичинен 926сы айыл жерлеринде жайгашкан.

 

Интернет жана маалымат технологияларынын дүркүрөп өсүп жаткан доорунда китеп дагы эле маалыматтын негизги булагы бойдон калууда. Айылдык китепканалар жалпы маалыматтык мейкиндикти жаратууда жана маданий-маалыматтык булактарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн теңдөө үчүн шарттарды түзүүдө чечүүчү ролду ойнойт. Бирок бүгүнкү күндө элет жерлериндеги китепканалар окурмандардын керектөөсүн канагаттандыруу үчүн жаңы адабияттарга кескин жетишпестикти башынан өткөрүп жатат. Китепканалардын колундагы китептер такыр эскирип, көбү жараксыз абалга келди, жаңы китептер менен дээрлик толукталбайт.

 

Бүгүнкү күндө басмаканалардын саны көп болгону менен, китепканалар адабияттарды сатып алуу үчүн каражаттары жок. Бул иш-чарага өзүнүн кызыктуу китептерин өлкөдөгү айылдардын жашоочулары менен бөлүшкүсү келгендердин бардыгы катыша алат. Бардык чогултулган китептер Кыргызстандын Ош облусунун айылдык китепканаларына тапшырылат.

 

Өткөн жылы БААУ Чүй облусунун китепканаларына китеп өткөрүп берген, быйыл иш-чараны Ош облусунда өткөрүүгө чечим чыгарылган. БААУ факультеттеринин китепканаларынын эсебинен чыгарылган китептер окуу программасынын талаптарына жооп бербей калгандыктан алынып келинген. Бирок башка окурмандар бул китептерге да муктаж.

 

Негизинен  англис жана дагы башка чет тилдердин грамматикасы боюнча окуу куралдары, жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн гуманитардык сабактар боюнча адабияттар тапшырылган.

 

Ош облустук китепкананын мүдүрү Бактыгүл Мурзаева билдиргендей“Айылдын китепанасына китеп белек кыл!” кайрымдуулук акциясы март айынын аягына чейин созулат. Бул иш-чарага айылдардын жашоочулары менен кызыктуу китептерди бөлүшкүсү келген жарандардын бардыгы катыша алышат. Каалаган тилде жазылган көркөм, илимий-популярдуу китептерди, окуу куралдарын, же балдарга арналган басылмаларды алып келсе болот.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028