Тендер

Тендер

11 марта 2014

Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин кампусунда коомдук тамактануу жайын түзүү боюнча сунуштарды кабыл алуу

 

2014-жылдын аягында, Борбордук Азиядагы Америкалык университет (БААУ) өзүнүн жаңы салынган имаратында ишмердигин жүргүзүүнү көздөп жатат, ошондуктан, Университет бул имаратта коомдук азыктандырууну уюштуруу жана борбордук студенттик ашкананы (өзүн-өзү тейлөө кафетерийин) башкаруу боюнча камсыздоочуну (подрядчикти) издөөдө. Камсыздоочуга тамак даярдоого жана азык-түлүктөрдү сактоого 300 м2 аянт берилет. БААУда болжол менен 1200 студент туруктуу окуйт жана 300дөй окутуучу жана кызматкер эмгектенет. Камсыздоочу күн сайын кардарларга (түшкү тамактануу маалында – саат 11:45тен 13:45ке чейин) болжол менен 1000 үлүш (порция) ысык тамак даярдоого, жана чакан көлөмдө эртең мененки тамактарды, жеңил тамактарды даярдоого милдеттүү. Биз 7 жылдык мөөнөт менен тамак аш даярдоо аймагын ижарага төмөндөгү шарттар менен сунуштайбыз:

1)   БААУ электр, газ, суу жана желдетүү (вентиляция) жабдыктары менен жабдылган тамак аш даярдоо аймагын сунуштайт.

2)   Камсыздоочу тамак-аш даярдоо аймагын бардык керектүү техникалык ашкана шаймандары (тамак-аш даярдоо шаймандары, муздаткычтар, идиш-аяк жуучу жабдуулар, суу агызгычтар (раковиналар), ыш-ис соргучтар (вытяжка)) менен жабдыйт, ошондой эле шаймандарды орнотуу, жайгаштыруу боюнча чиймелерди берет.

3)   БААУ ашкананы арендатордун талабы боюнча даярдайт жана камсыздоочу алып келген шаймандарды орнотуп берет.

4)   Камсыздоочунун сунуштарын эске алып, БААУ тамак-аштарды көрсөтүү, идишке салып берүү, кардарларды тейлөө үчүн арналган казан-аяктарды (витриналарды-раздачаларды) орнотуп берет.

5)   БААУ азыктануу аймагына столдорду, отургучтарды жана башка керектүү эмеректерди орнотуп берет, БААУнун тазалык кызматкерлери азыктануу аймагында тазалыкты камсыз кылышат.

6)   Камсыздоочу ашкананы керектүү идиш-аяктар, кашык-бычактар менен камсыздайт.

7)   Камсыздоочу ашканадагы бардык шаймандарды тийиштүү шарттарда колдонуп, оңдоп-түзөө иштерин аткарат, тамак-аш даярдоо жана азык-түлүк сактоо жайларында санитардык талаптарды сактайт. Камсыздоочунун кызматкерлери ашканада жана азыктануу аймагынын негизги бөлүгүндө тазалыкты сактап, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык нормалары жана эрежелери менен жөнгө салынган санитардык-гигиеналык талаптарды орундатат.

 

Камсыздоочу сунушунда төмөндөгүлөрдү көрсөтүшү керек:

a)    Сунушталган тамактардын тизмеси (ар түркүн тамактар жана баалары көрсөтүлгөн меню);

b)   Тамактын баасын түзүү тартиби (камсыздоочу “комплекстик түшкү тамактын” кеминде бир түрүн сунуштап, анын баасы болжол менен 150 сомду түзүшү керектигин эске алышы зарыл);

c)    Камсыздоочунун ушундай татаалдыктагы коомдук азыктандырууну уюштуруудагы тажрыйбасы.

d)   Камсыздоочунун ашкананын ижарасына төлөөгө даяр болгон акча өлчөмү;

e)    Баштапкы жумшалган каражаттарды кайтарып алуу үчүн, ашкананы акысыз ижара менен колдонуу үчүн керектеле турган мөөнөт;

f)     Ашкананын жасалгасы жана керектүү ашкана шаймандарын орнотуу тартиби көрсөтүлгөн чиймелер.

Сунуштар 2014-жылдын апрель айынын 18-не чейин, саат 17:00го чейин кабыл алынат. Камсыздоочулар сунуштарды жеке өздөрү БААУнун Президентинин кеңсесине алып келе алышат же president_office@auca.kg дарегине электрондук түрдө жибере алышат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028