Шахмат боюнча мелдешүү

Шахмат боюнча мелдешүү

5 марта 2014

Шахмат боюнча жарыштардын жыйынтыктары

Универсиада уланып жатат. Февраль айынын 27-синде “Greenwich” спорт-барында шахмат боюнча таймаштардын жарым финалдык жана финалдык мелдеши болуп өттү. Кыз-келиндер арасындагы жарым финалга БААУ (Борбордук Азиядагы Америкалык университет), КРПМБА (Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик башкаруу академиясы), БФЭА (Бишкек финансылык экономикалык академиясы), ОшМСУ (Ош мамлекеттик социалдык университети) курама топтору жеткен. Жарым финалда БААУ БФЭА менен беттешип, тилекке каршы жеңилип калды. БФЭА жана ОшМСУ финалга чыгышты, ал эми БААУ жана КРПМБА үчүнчү орунду талашышты. Эркектер арасындагы таймашка өлкөнүн бардык аймактарынан 15 курама топ катышкан.

Натыйжада, БААУ кыз-келиндер курама тобу ийгиликтүүрөөк болуп, үчүнчү байгелүү орунга ээ болду, ал эми эркектер курама тобу 2 орунга татыктуу болду.

 

Шахмат боюнча кыз-келиндер арасындагы турнирдин жыйынтыктары:

  1. ОшМСУ
  2. БФЭА
  3. БААУ

Шахмат боюнча кыз-келиндер арасындагы турнирдин жыйынтыктары:

  1. Ош мамлекеттик укуктук академия
  2. БААУ
  3. Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университети

 

Универсиаданын жаш катышуучуларына – Медина Жумашовага жана Талапкер Бекбасаровго суроолорубузду узаттык:

-          Кайсы окуу жайлардын курама топтору сиз үчүн эң күчтүү болуп көрүндү?

М.Ж.: Менимче оштук курама топтор эң күчтүү, анткени эркектер арасында да кыз-келиндер арасында да алар биринчи орунга жетишти, бирок, бул топтор эки башка университеттин өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

Т.Б.: Биздин топтон башка бул таймашта эң көп байге сайылган топторго Ататүрк-Ала-Тоо, КРПМБА жана таймаштын жеңүүчүлөрү кирген.

 

-          Сиз үчүн шахмат эмнени түшүндүрөт? Шахматты качантан бери ойноп келе жатасыз?

М.Ж.: Шахматты 7 жашымдан бери ойноп келе жатам. Шахмат оюну – менин эн сүйүктүү оюнум. Университеттеги башка клубдарга же таймаштарга катышпайм, бирок шахмат боюнча машыгууларды эч калтырбайм. Былтыр окууга тапшырууга көбүрөөк көңүл бурганымдан начарыраак ойноп калдым, бирок мен сөзсүз түрдө мурдакы калыбыма келем, кийинки универсиадада мыкты натыйжаларды көрсөткөнгө аракет кылам.

Т.Б.: Шахмат оюну мен үчүн жөн гана кызыккан нерсем деп айтсам болот. Шахмат оюнун 4-5-класстан бери профессионалдуу даражада ойноп жатам, бирок шахматты алты жашымда биринчи жолу үйрөнгөм. Азыркы учурда мен шахмат боюнча машыгууларды токтотуп салдым, анткени окуу алда канча маанилүүрөөк болуп жатат, бирок кээде шахматтык таймаштарга катышкандарымды сагынып да кетем. Шахмат оюну мени тарбиялады, андыктан бул оюнга абдан ыраазымын.

 

-          Сиздин оюңузча, БААУ курама тобу өзүн кандай көрсөттү, жыйынтыктар сизди канагаттандырдыбы?

М.Ж.: Албетте, 1-орунду алсак жакшы болмок, анткени жарым финалга чейин мен жана шериктерим жакшы оюн көрсөтүп жатканбыз. Бирок БААУнун кыздар тобу универсиадага быйыл биринчи жолу катышып жатты, андыктан биринчи таймаш үчүн бул эң эле жакшы жыйынтык деп эсептейм, ошон үчүн бул оюн бизди канагаттандырат.

Т.Б.: БААУ курама тобу бул таймашта өзүн мыкты көрсөттү. Чындыгында, биринчи орунду алгыбыз келген. Былтыркы натыйжа менен салыштырганда, төмөнгө түшүп кеткен жокпуз жана былтыркы жетишкендигибизди кайталадык. БААУ мындай жарыштарга экинчи жолу катышып жаткандыктан, университет татыктуу орунга ээ болду десек жаңылышпайбыз.

 

-          Таймаштын жүрүшү учурунда кандай кызыктуу учурлар болду?

М.Ж.: Ататүрк-Ала-Тоо университетинде окуган студент кыз эркектер арасындагы таймашка катышканы эң кызыктуу окуя болду, натыйжада ал университетине 3 орунду алып келди.

Т.Б.: Эркектер арасындагы турнирдин жарым финалында Ататүрк-Ала-Тоо университети үчүн кыз ойноп чыгарын эч күткөн эмес. Шынгыз кызы Айжаркын шахмат боюнча спорт чебери жана Кыргызстандын чемпиону болуп саналат. Көпчүлүк үчүн бул чечим күтүлбөгөн окуя болуп чыкты, мен да буга абдан таң калдым. Турнирдин башынан бери ал кыз-келиндер арасында эле ойнойт деп ойлогом. Көрсө ал Ататүрк курама тобунун камдыктагы оюнчусу экен. Машыктыруучулардын көбү нааразычылыктарын билдиришти. Бирок турнирдин эрежелери боюнча буга тыюу салынган эмес. Эрежелерде кыз эркектердин тобунда ойной алат деп жазылган.

 

-          Жакында Универсиаданын минифутбол боюнча таймаштары башталат, БААУ бул таймашка катышат. Студенттерге кандай каалоо-тилектериңиз болот?

М.Ж.: Биздин футболчуларга ийгилик каалайм, сөзсүз түрдө байгелүү орунга ээ болушсун, эң мыктысы биринчи орунду алышсын. Ошентип биз, америкалык университеттин студенттери окууда да, спортто да мыкты экендигибизди көрсөтөлү.

Т.Б.: Биздин футболчуларга ийгилик жана ишенимдүүлүк каалагым келет. Биздин студенттерибиздин бардыгы аларга чын жүрөктөн күйүшөт, спортчу үчүн күйөрмандардын колдоосу абдан маанилүү. Ар бир спортчу, өзүнүн командасын намысын коргоп, уят болуп калбайын деп абдан толкунданат. Футболчуларыбыз кайсы гана орунга жетишсе да, алар биз үчүн дайыма биринчи болуп саналышат. Бул турнирде атаандаштарыбыздын деңгээли жогору. Андыктан футболчуларыбыз жолдуу болушсун. Олжолуу келишсин!

 

Медина жана Талапкерге, БААУнун шахмат боюнча курама тобуна ыраазычылык билдиребиз, биз силер менен сыймыктанабыз! Универсиададагы биздин калган оюнучуларыбызга ийгилик жана жеңиш каалайбыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028