Бишкекте Универсиада-2014 башталды

Бишкекте Универсиада-2014 башталды

26 февраля 2014

Бишкекте Универсиада-2014 башталды.

 

Кыргыз Республикасында өткөрүлүүчү универсиаданын максаты – студенттер арасында спорттун жана ден-сооолуктун пропагандасын жүргүзүү, эл аралык мелдештерде катышуу үчүн курама топторду түзүү болуп саналат.

 

Жарыштар Дене тарбия жана спорт академиясынын, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КМТУ жана Курулуш техникумунун спорт залдардында өтөт. Универсиадага республиканын 35 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү (студенттери) катышат.

 

Жыл сайын универсиадага бөлүнгөн көңүл артып жатат. Катышуучулар 3 лигага бөлүштүрүлгөн. Жогорку лигада акыркы жети универсиаданын жеңүүчүсү КМТУ, КУУ, Юридикалык академия, КРСУ, КМДТСА жана башкалар ойнойт. Жогорку лигадагы жеңиш  үчүн спорттун 15 түрү боюнча күрөш жүргүзүлөт. Универсиаданын ачылышы 13-мартка дайындалган. Универсиаданын расмий жабылышы 17-апрелде болот.

 

25-февралда шахмат боюнча университеттер аралык жарыштар башталган. Кыздар тобунда 11 тайпа, эркектер тобунда 3 тайпа катышат. Ар бир тайпада экиден-үчтөн оюнчу болот, бирөөсү дайыма камдыкта болушу зарыл. Шахмат оюнунда стратегия жана логика башкы мааниге ээ, бир туура эмес жүрүш оюнду жеңилүү менен бүтүрүп коюшу мүмкүн. БААУ бул жылы алты студент менен мелдешке катышат, алар университеттин намысын саткап жарым финалдык даражага өтүштү. 27-февралда финалдык оюн “Гринвич Паб” эс алуу жайында өткөрүлөт. Студенттерибизге жарышта ийгилик каалайлы, биз алардын жеңишине ишенебиз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028