Кол күрөш

Кол күрөш

25 февраля 2014

2014-жылдын 22-февралында, Ата-Мекенди Коргоочулардын күнүнүн алдында БААУ Студенттик кеңеши жана Студенттердин иштери боюнча кеңсе тарабынан Кол күрөш боюнча мелдеш уюштурулган. Бул жылы өткөрүлгөн иш-чара, кыз-келиндер жана университеттин кызматкерлеринин катышуусу менен өзгөчөлөнгөн. Мелдеш абсолюттук салмак жана 75 килограммга чейинки салмак категорияларында өткөрүлгөн. Абсолюттук категориядагы дүйнөлүк чемпион Артур Шмойлов жана Кыргыз Республикасынын Кол күрөш Федерациясыны мүчөсү Владимир Фотин мырзалар калыстык кылышты.

Бардык катышуучулар өздөрүн татыктуу көрсөтүштү, бирок кээ бирлери бир аз мыктыраак болуп, эң жогорку жыйынтыкка ээ болушту.

 

Кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр:

1-орун – Такутдинова Диана

2-орун – Исаева Мээрим

3-орун – Бексултанова Сезим

 

75 килограммга чейинки салмактык категорияда эркектер арасында жеңүүчүлөр:

1-орун – Отонбаев Султан

2-орун – Абдухалилов Нурали

3-орун – Эмильев Адилет

 

Абсолюттук салмактык категорияда эркектер арасында жеңүүчүлөр:

1-орун - Джусупбеков Калыс

2-орун – Кенджахунов Довран

3-орун – Мамдризохунов Акобир

 

Бардык жеңүүчүлөргө Коомчулук менен байланыштар кеңсеси жана студенттик кеңеши тарабынан медалдар, сертификаттар жана баалуу сыйлыктар берилген.

 

Бардык мырзаларды майрам менен, мелдештин катышуучуларын жеңиштери менен куттуктайбыз!

 

P.S. Мелдеш учурунда эч ким жаракат алган жок.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028