Ыр окуу

Ыр окуу

25 февраля 2014

21-февралда “Кыргыз тили” программасы эне тилинде ачык-айкын ыр окуу конкурсун уюштурду. Конкурска 16 окуп берүүчү катышты. Ырлар кыргыз, орус, өзбек, ал түгүл индонезиялык тилде окулду. БААУ окутуучулары Кыдыралиев Сыргак, Камбаралиева Уулкан жана жаш кыргыз акын Исмаилов Алтынбектен түзүлгөн калыстар тобу 1-орунду Бенедикта Джоанга (индонезиялык студент), 2-орунду Акылай Тазабековага, 3-орунду Асел Биялиевага ыйгарышты. Ошондой эле Турсунов Бахром жана өзү жазган ырды окуган Абдимиталиб у. Келдибек сыйланышты. Бардык жеңүүчүлөргө сертификаттар берилет.

 

Студенттерден башка конкурстан тышкары окутуучулар өз ырлары менен сахнага чыгышты. Мамашева Н.А. француз тилинде, Браво Г. испан тилинде, Самудинова З. Кыргыз тилинде ырларды окушту. Камбарова Б. орус тилинде БААУга арналган өзү жазган ырларды окуду. Калыстар тобунун мүчөлөрү да четте калышкан жок. Камбаралиева У., Кыдыралиев Сыргак өздөрүнүн эң жакшы көргөн ырларын окушту. Ал эми жаш акын Исмаилов Алтынбек Ата-Мекенге жана эне тилге арналган өз ырларын окуду. Жыйынтыкта Кыдыралиев С. чыгармачылыгы менен өзгөчөлөнгөндөргө өз сыйлыктарын тапшырды.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028