Жылдыздар менен кышкы оюндар

Жылдыздар менен кышкы оюндар

5 февраля 2014

Беш жылдан бери КТРК “Жылдыздар менен кышкы оюндар” программасын өткөрүп келе жатат. Бул иш-чарада бир нече топ өз ара спорттун кышкы түрүнүн бири, чаңгы (лыжа) тебүү боюнча мелдешке чыгат. Жыл сайын ата-мекендик эстрада жылдыздары, ырчылар, актёрлор, саясатчылар жана башкалар бул иш-чарага катышышат.

 

Борбордук Азиядагы Америкалык университет үч жылдан бери бул мелдешке катышып келе жатат, эки жыл катары менен университеттин намысын президент Эндрю Вахтель коргоп, жеңиштүү биринчи орунду сыймык менен алып берген. Бул жылы БААУ өкүлү болуп, биринчи жолу студент дайындалган. Бермет Исмаилова университеттин сыймыгы, спортко, бийге катышат, жаштардын “Күзгүлөр” музыкалык театрында коюучу-хореографтын милдетин аткарат, окуусу менен бирге иштегенге да жетишет. Мыкты укукчу болууну, бул тармактын эң бийик чокуларына жеткенди каалайт.

 

2014-жылдын 29-январында Ала-Тоонун Төө-Ашуусунда, ашуунун атын көтөрүп жүргөн “Төө-Ашуу” тоо-чаңгы базасында кышкы оюндар видеотасмага тартылды. Базадан ачылган көрүнүш жан дүйнөнүн делебесин козгоду. Алдыбызда булуттар каптаган, ак мөңгүлүү чокулар менен кыркаланган өрөөн ачылды. Дүйнөнүн туу чокусунда жүргөнсүп, турмуштун кымгууту толугу менен унутулгандай болду. Базадагы чаңгы трассалары өтө татаал эмес, үйрөнчүк чаңгы, картакта (сноуборд) тебүүчүлөргө ылайыктуу.

 

Кышкы оюндардын 20 катышуучусунун арасында Назира Жетигенова, Юлия Руцкая, Жаннета Бобкова, Бектемир Мамаюсупов, Макс Бегалиев жана башка таанымал кишилер болгон. Атаандаштар беш кишиден төрт топко бөлүнүп, «Тынчтык», «Тынай», «Эмгек», «Тоо-Ашуу» топторун түзүштү. Биздин Бермет “Тынчтык” тобуна кирген. Бул топко жетекчиси Назира Бердигулова, Улан Барпиев, Дайыр Исмадияров, Токтобек Асаналиевдер кирген. Мелдеш өтө чыңалып өткөн, эч ким утулгусу келген жок, катышуучулардан жеңишке жеткени, карга тоголонуп кулагандары болду (кудай жалгап кар абдан көп болду). Топтор теңме тең келе жаткан, бирок жолдордун ийрилиги, катышуучулардын тоголонгондору байкалбай калган жок. Бермет эч кыйналбастан, жогорку чеберчиликти көрсөтүп тоодон аман-эсен түшүп келди. Натыйжада эң көп упай чогулткан топтор (“Эмгек” жана “Төө-Ашуу”) финалдык жарышка чыкты, ал эми “Тынчтык” жана “Тынай” топтору үчүнчү орунду талашат. Муну менен кышкы оюндар токтобойт, жакында кызыктуу уландысы болот, оюндарды Кыргызстандын биринчи каналынан көрө аласыз. Келгиле, Берметибизди колдоп, мелдештин кийинки бөлүгүндө ийгилик каалайлы.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028