Студенттер менен жолугушуу

Студенттер менен жолугушуу

17 января 2014

Студенттер менен жолугушуу

 

Январдын 15-нде Борбордук Азиядагы Америкалык университетте “Sky Mobile” компаниясынын (“Билайн” соода белгиси) башкы мүдүрү Олег Клочко Жаңы муун академиясынын окуучулары менен жолукту. “Билайн” Кыргызстандын алдыңкы уюлдук оператору болуп саналат.

 

Олег Россияда Москва облусунда туулган. Жогорку техникалык билимди Москва энергетикалык институтунда алган. 2009-жылы MBA программасын “Стратегиялык башкаруу” багыты боюнча аяктаган.

 

Олег кызматтык жашоосун 1994-жылы баштаган. Узак жол басып, 2001-жылдан 2010-жылга чейин “Мегафон” ААК москвалык филиалында иштеген. 2012-жылдын январь айынын 30-нан баштап  “Sky Mobile” компаниясынын башкы мүдүрү болуп иштеп келе жатат.

 

Жолугушуу эркин түрдө өттү. Студенттер жөнөкөй китеп саткычтан ири компаниянын башкы мүдүрүнө чейин жеткен киши менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жаңы муун академиясынын окуучулары, болочок студенттер сахнада чакан оюн көрсөтүп, Академияга тапшыруунун жана окуунун ролу тууралуу айтып беришти.

 

Сүйлөшүү учурунда, Олег Валерьевич студенттерге өзүнүн өмүр баяны, жашоосундагы эң маанилүү көз ирмемдери жөнүндө айтып берди. Ийгиликке жетүү үчүн эмне керек, кайсы сапаттарды өрчүтүү керек экендиги тууралуу кеңештерин берди. Анын негизги кеңеши – жөн гана коюлган максатты көздөп, турмуштун эч бир тоскоолдугуна карабай алдыга кете берүү керек.

 

Жолугушуудагы эң кызыктуу суроолор жана жооптор:

 

-          Эгер сиздин кайрадан төрөлүү мүмкүнчүлүгүңүз болсо, сиз бул кесипти, бул өмүрлүк жолуңузду кайра тандайт белеңиз, же башка жолго түшөт белеңиз?

-          Менин оюмча, жашоомдо көптөгөн каталарды кетиргениме карабастан, мен эч нерсени алмаштырмак эмесмин. Мисалы, мен радиотехникалык факультетке, жөнөкөй эле максат менен, ишенбейсиңер го, радио кантип иштерин билиш үчүн тапшыргам, бул мага абдан кызыктуу эле. Ал жерде мени данакерлегенди (паять эткенди) үйрөтөт болуш керек деп ойлогом. Беш жылда мени эч нерсеге үйрөтүшкөн жок, ал тургай муну кантип кылыш керектигин көрсөтүшкөн да жок.

 

-          Болочок ишкерлерге кайсы китепти окуу үчүн сунуштар элеңер?

-          Төрт-беш жыл мурун Робин Шарманын “Сен өлгөндө ким ыйлайт” деген китебин окугам. Бул чыгарма менде эстен такыр чыккыс таасир калтырды. Балким силер аны окуп койгон болушуңар керек. Дагы көптөгөн китептер бар, мисалы эң атактуулардын бири – “Феррарисин саткан кечил” – балким муну деле уккандырсыңар.

 

-          Алга карай жүрүүгө сизге эмне күч берет?

-          Эң биринчи кезекте, жакындарымдын мени колдогону мага дайыма күч берет. Колдой турган кишилери болгондордун дайыма жолу болот. Алар дайыма колдоочуларына ишене алышат. Марк Твендин сөзүн келтиргим келет: “Дайыма туура жүргүлө. Кимдир бирөө жактырбастыр, калгандары таң калар”.

 

-          Ийгиликке жетүү, алдыңкы орунга ээ болуу үчүн кайсы сапаттарды өрчүтүш керек?

-          Биринчиден, тырышчаак болуш керек. Эгер ката кылбасаң, эч нерсе үйрөнбөйсүң. Тажрыйба ката кылганда гана топтолот. Ошондуктан дайыма аракет кылыш керек, токтобой, коюлган максаттарды көздөй туруктуу жүрүш керек.

 

Жолугушуу учурунда студенттерди кызыктырган көптөгөн ар кандай суроолор берилген. Негизинен алар жумуш табуу жана алдыда өз жолун тандоо жаатында болгон. Олег Валерьевич берилген суроолордун бардыгына көңүл коюп, шаттык менен жооп берген. Бул киши студенттерге өзүнүн жөнөкөйлүгү, юмору, билимдүүлүгү менен аябай жакты. БААУ жана ЖМА студенттери “Билайндын” башкы мүдүрү убакты тар болгонуна карабастан мүмкүнчүлүк таап, тажрыйбасы менен бөлүшкөнү үчүн өтө ыраазы болушту, келечекте кайрадан университте жолугушууга кубанычта болорун билдиришти. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028