Министр Садыков менен жолугушуу

Министр Садыков менен жолугушуу

15 января 2014

2014-жылдын 15-январында Борбордук Азиядагы Америкалык университетте Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министри К.Садыков Бишкектин жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолукту.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министри - Садыков Канат Жалилович, Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы – Абдыманап Жолдошов, Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин Президенти – Эндрю Вахтель жана эң активдүү студенттер катышты.


Бул жолугушуу өлкөдөгү окуу жайларда паракорчулуктун алдын алууга багытталган иш-чаралардын жана “Таза сессия” акциясынын жыйынтыктарын, жогорку билим берүүнүн адистерди даярдоонун көп деңгээлдүү түзүлүшкө өтүшүн талкуулоо үчүн уюштурулду. Эндрю Вахтель БААУда окуу процесси кантип жүргүзүлгөнү, студенттер менен кандай иш жүргүзүлгөнү тууралуу айтып берди, ошондой эле Кыргызстанда билим берүү кандай болушу керектиги тууралуу ойлору менен бөлүштү.


Министр К.Садыков студенттердин суроолоруна жооп берип, Кыргызстандын окуу жайларында паракорчулуктун эң кооптуу жерлерди атап өттү, ошондой эле паракорчулуктун алдын алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп кылды.
“Биз паракорчулук менен күрөшүү механизмдерин иштеп чыктык. Бул сыяктуу механизмдер батыш университеттеринде колдонулат, ал жерде студенттер эрежелерди так билишет жана аларды сакташат. Биз окутуунун тунук технологиялары – академиялык абийирдүүлүк жана бюджеттин ачыктыгы үчүн иш жүргүзөбүз” – деп Садыков айтты.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028