Лондондогу Чыңгыз Айтматовдун салтанаттуу 85 жылдыгы

Лондондогу Чыңгыз Айтматовдун салтанаттуу 85 жылдыгы

17 декабря 2013

Лондондогу Чыңгыз Айтматовдун салтанаттуу 85 жылдыгы

2013-жылдын 12-декабрында, “Россотрудничество” уюму Лондондогу Россия элчилигинини жана Айтматов Академиясынын (Aitmatov Academy) колдоосу менен, улуу советтик жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыusy салтанаттуу түрдө өткөрдү жана Эл аралык Чыңгыз Айтматов Премиясын (ICAA- International Chingiz Aitmatov Award) үчүнчү жолу ыйгарды. Бул жылы бул премия төмөндөгүлөргө берилди:

 

Болот Шамшиев – советтик режиссёр, Бүткүл союздук кинематография институтунун (ВГИК) бүтүрүүчүсү, Лариса Шепитьконун окуучусу, анын “Зной” (жазуучунун “Ботогөз булак” чыгармасы боюнча) кинотасмасынын тартылышында жардамчысы жана Кемелдин ролун аткаруучусу; Айтматовдун чыгармачыл ишмердигиндеги жолдошу; жазуучу менен бирге анын төрт чыгармасын – “Ак кеме”, “Эрте жазда келген турналар”, “Сүйүү жаңырыгы”, “Фудзиямага чыгуу” тасмаларында экрандаштырган. Кыргыз Республикасы

 

Ширин Акинер – Лондон университетинин Чыгыш факультетинин профессору, 60-жылдарда Кыргыз ССРнын Жазуучулар Бирикмесинин төр агалыгына Айтматовдун шайланганынын күбөсү, Орто Азия өлкөлөрүнүн саясий экономикасы боюнча адис, ICAA премиясына Улуу Британиянын ММКнда бул аймактын окуяларын орундуу чагылдырганы үчүн татыктуу болду. Англия

 

Ник Рован – Лондондогу “OpenCentralAsia” (Ачык Орто Азия) журналынын башкы редактору, Орто Азия өлкөлөрүнүн маданияты жана жаратылышына өзгөчө кызыккандыгы, Улуу Британияда, өз китептеринде баскан, бул аймак тууралуу жүргүзгөн изилдөө иштери үчүн премияга татыктуу болду. Англия

 

Борбордук Азиядагы Америкалык университет – жыйырма жылдык талыкпаган эмгеги, бул аймакка жогорку квалификациялуу адистерди даярдагандыгы үчүн премияга татыктуу болду. АКШ

 

Алматыдагы Мухтар Ауэзовдун музей үйү – курулушунун 50 жылдыгынын, казак жана кыргыз адабиятынын дөөлөрү – СССРдеги Ленин Сыйлыгынын ээлери Мухтар Ауэзов жана Чыңгыз Айтматовдун достугунун элесине, “Манас” эпосун изилдөө жөнүндөгү тарыхый материалдарды көздүн карегиндей сактагандыгы үчүн премияга татыктуу болду. Казакстан

 

Бул достуктун жаркын элесине Казак Республикасынын  Илимдер академиясынын Адабият жана көркөм өнөр институту жана Казак көркөм өнөр академиясы (Kazakh Arts Academy) (Амстердам), Айтматов Академиясынын (Лондон) колдоосу менен, быйыл биринчи жолу Эл аралык Мухтар Ауэзов Премиясын (IMAA) түзүштү. Бул сыйлыктын биринчи ээси болуп, англиялык SCRSS уюму – Лондондогу орус китепканасы табылды, бул китепканада казак көркөм адабиятынын устасынын орус жана англис тилдериндеги бардык эмгектери сакталган.

 

Казак түркологиясынын жана көркөм адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн, көз жумгандан кийин Чыңгыз Айтматовдун Атайын сыйлыгына, Франц Кафка европа медалынын кавалери, жазуучу, окумуштуу, котормочу, бүт өмүрүн казак адабиятын өнүктүрүүгө арнаган Немат Келимбетов татыктуу болду.

 

“Самрук-Казына” элдик жыргалчылык фонду АК («САМҰРЫҚ-ҚАЗЫНА» ҰЛТТЫҚ ӘЛ-АУҚАТ ҚОРЫ» АҚ) экинчи жолу Лондондогу бул салтанаттуу иш-чаранын негизги демөөрчүсү болду

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028