Нестана Жумашева: “Бул ар башка өлкөлөрдөн жана ар башка маданияттардан келген студенттер менен баарлашуунун эң сонун тажрыйбасы болду”
«Экологиялык туруктуулук жана климатология» факультетинин студенти Нестана Жумашева бул жылы төртүнчү курска өттү. Өткөн күздө, үчүнчү курста окуп жатканда, ал студенттерди алмашуу программасы боюнча Түштүк Кореянын Ульсан университетинде төрт ай өткөргөн.