Talantaaly Bakchiev - Transcription Three
T3
Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 22 December 2017
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
| Кечээ көргөн бүгүн жок, | ||
| Алдамчы экен дүйнө бок, | ||
| Бүгүн көргөн эртең жок, | ||
| Ушундай экен дүйнө шок. | ||
| 5 | Жараткандын бергенин, | |
| Жазбай айтып берейин, | ||
| Жараткан билет ким билет, | ||
| Жараткандын бергенин, | ||
| Жаңылбай айтып кетейин, | ||
| 10 | Кудай билет ким билет, | |
| Кудайымдын бергенин. | ||
| Кут кылып айтып кетейин, | ||
| Эгем билет ким билет, | ||
| Эгемимдин бергенин, | ||
| 15 | Эбин таап берейин, | |
| Жараткандын иши экен, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Кечээ Караган өтүп кеткенде, | ||
| Кайрылгыс чын жайды, | ||
| 20 | Кайран киши көргөндө, | |
| Калың кыргыз мура журт, | ||
| Кары менен жашы бар, | ||
| Каңгырап ыйлап калганда: | ||
| “Кокуй эми кантем?” — деп, | ||
| 25 | Кара журттун баарысы, | |
| Какшап ыйлап калганда, | ||
| Кара кийип кан жутуп, | ||
| Зар какшап ыйлап калганда, | ||
| Калың кыргыз журтубуз, | ||
| 30 | Туш тарапка чачылып, | |
| Чамындыдай быркырап, | ||
| Жаш келиндер чыркырап, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| 35 | Ороздунун уулу экен, | |
| Кең Алтайда жатканда, | ||
| Жети жылдай өтүптүр, | ||
| Жетпей жүргөн бу Жакып, | ||
| Жетилип калган кези бу, | ||
| 40 | Качыр минген бу Жакып, | |
| Тулпар минген кези бу, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Заары жетип кудайга, | ||
| «Кантем кокуй кантем,— деп, | ||
| 45 | Жашым барат өйдөлөп, | |
| Бу жалгандын өзүнөн, | ||
| Куу баш болуп өтөмбү? | ||
| Кыямат жайды көрөмбү? | ||
| Аркамда калар бала жок, | ||
| 50 | Арман күнүм кантем,— деп, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Маңдайга жазган ушу»,— деп, | ||
| Мына ошентип турганда, | ||
| Боюна бүтүп Чыйырды, | ||
| 55 | Чымындай жаны чыркырап, | |
| Айланайын кудай,— деп, | ||
| Жаратканым жалгаса, | ||
| Ушу турган Жакыпка, | ||
| Уул тууп берсем,— деп, | ||
| 60 | Мына ошондо кайран жан, | |
| Сураганы кудайдан, | ||
| Айланайын кудай,— деп, | ||
| Неге мени кем кылдың? | ||
| Согончогум канабай, | ||
| 65 | Соолуп кетип барамын, | |
| Деп,— ошентип турганда, | ||
| Боюна бүтүп зайыптын, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Баралына келиптир, | ||
| 70 | Эки бетин нур чалып, | |
| Өзүң көргөн энекең, | ||
| Толгоо тартар күнү экен, | ||
| Айланайын кудай,— деп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| 75 | Миң күндөрдүн бири бу, | |
| Жараткандын күнү бу, | ||
| Бейшембинин күнү экен, | ||
| Жуманын кадыр түнү экен, | ||
| Миң күндөрдүн күнү экен, | ||
| 80 | Таң кашкайып сүрөрдө, | |
| Таң Чолпон жылдыз кирээрде, | ||
| Ошо кезде Чыйырды, | ||
| Он эки канат кең өргөө, | ||
| Он эки кабат төйшөктө, | ||
| 85 | Эчтеме менен иши жок, | |
| Катуу уйкуда жатканда, | ||
| Коңурукту кош тартып, | ||
| Оң капталда бай Жакып, | ||
| Сунган буту тартылбай, | ||
| 90 | Жумган көзү ачылбай, | |
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Катуу уйкуну салганда, | ||
| Кайран энең Чыйырды, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| 95 | Уйкудан чыкты буркурап, | |
| Түшүм эми кантем,— деп, | ||
| Маңдайга жазган ушу,— деп, | ||
| Уйкудан чочуп ойгонуп, | ||
| Оң жагына обдулуп, | ||
| 100 | Ообун таппай уйкунун, | |
| Оң жагын караса, | ||
| Оңбогур Жакып жатыптыр, | ||
| Соолуй жатып Чыйырды, | ||
| Сол жагына толгонуп, | ||
| 105 | Сообун таппай уйкунун, | |
| Сол жагы менен караса | ||
| Солгуур дүйнөң ушу экен, | ||
| Үрүл-бүрүл чогуу бар, | ||
| Коломто күйүп туруптур, | ||
| 110 | Муну көрүп энекең, | |
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Бай Жакыпты ойготуп, | ||
| Оң колунан бек тартса, | ||
| Ойгонуп койбойт бай Жакып, | ||
| 115 | Айланайын байым,— деп, | |
| Оң колунан бек тартса, | ||
| Ойгонуп койбойт бу Жакып, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Азыр жатып түш көрдүм, | ||
| 120 | Ойгонсоң боло уу Жакып, | |
| Азыр жатып иш көрдүм, | ||
| Адам көргүс түш көрдүм, | ||
| Бул эмине болуучу, | ||
| Бул түшүмдү жооруучу. | ||
| 125 | Көзүнүн жашы онталаа, | |
| Мурдунун суусун тарталбай, | ||
| Көзүнүн жашын арталбай, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Бай Жакыпты ойготсо, | ||
| 130 | Ойгонуп койбойт Бай Жакып, | |
| Олдо бирде дүнүйө, | ||
| Оргуштаган жалган ай, | ||
| Неге мени кем кылдың, | ||
| Ооо жараткан кудай ай, | ||
| 135 | Бул эминенин гана кокуй белгиси? | |
| Жараткандын пендеси, | ||
| Деп,— ошондо энекең, | ||
| Бай Жакыпты ойготуп, | ||
| Айтып турат гана мындай деп: | ||
| 140 | «Таң кашкайып сүрөрдө, | |
| Таң Чолпон гана жылдыз кирээрде, | ||
| Таңга маал түш көрдүм, | ||
| Таңгала турган иш көрдүм, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| 145 | Бул түшүмдү жооруучу, | |
| Бул эмине болуучу? | ||
| Менин атам Бакберген | ||
| Өзү кудай жолунда, | ||
| Аса-таяк колунда, | ||
| 150 | Сол колунда атамдын, | |
| Бышкан кызыл алма бар, | ||
| Айланайын кызым,— деп, | ||
| Көз жарып алгын аман,— деп, | ||
| Алмасын сунуп турганы, | ||
| 155 | Сунган алма менде,— деп, | |
| Айланайын атакем, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Бата кылып «оомийин», | ||
| Көздөн кайым болду эле, | ||
| 160 | Бул эмине болуучу? | |
| Бул түшүмдү жооруучу, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Мына ошондо Чыйырды, | ||
| Атакем Бакберген, | ||
| 165 | Бу д үйнөдөн кеткени, | |
| Жети жылдай болду эле, | ||
| Жети жылдан бер карай, | ||
| Алдынан өтпөдүм, | ||
| Арбагын көрбөдүм. | ||
| 170 | Атакемдин арбагы, | |
| Касиеттүү экен го, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Арбагын бир сыйлап, | ||
| Курмандыкка мал чалып, | ||
| 175 | Алдынан өтүп албадым, | |
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Бай Жакыпка муну айтса, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| 180 | Эки көзүн ушалап, | |
| Уйкудан чочуп ойгонуп, | ||
| Сунган бутун тартты,— дейт, | ||
| Жумган көзүн ачты,— дейт, | ||
| Кагынып, силкинип, | ||
| 185 | Мына ошондо бай Жакып, | |
| Он эки кабат төшөктөн, | ||
| Сурулуп эми чыкты,— дейт, | ||
| Ак дамбалчаң курган жан, | ||
| Аттап-буттап чыкты,— дейт, | ||
| 190 | Үйдөн чыгып бай Жакып, | |
| «Акбалталап» чакырып, | ||
| Бакырыгы баш жарып, | ||
| Олдо-бүлдө дүйнө ай, | ||
| Оргуштаган жалган ай, | ||
| 195 | Балта, Балта, Балта,— деп, | |
| Кайда кеттиң Акбалта, | ||
| Бери келчи жаныма, | ||
| Катынымды жин урду, | ||
| Жин урганда дин урду, | ||
| 200 | Ооңбогур зайыпты, | |
| Олдо-бүлдө дүйнө ай, | ||
| Ооо оңбай калды болду эми. | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
| Эптеп тапкан малымды, | ||
| 205 | Ээбин таап салдыбы? | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Сары эсеп сараң жан, | ||
| Ар качандан бир качан, | ||
| 210 | Жетим менен жесирге, | |
| Чычкак улак бербеген, | ||
| Мына ошондой жайы бар, | ||
| Сараңдыгы болжосуз, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| 215 | Эптеп тапкан малымдын, | |
| Эсебин эми тапты,— деп, | ||
| Кудай урган катынды, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Мени кокуй жин урду, | ||
| 220 | Ушу турган катындын, | |
| Азабын жаман тарттым,— деп, | ||
| Арман күнгө баттым,— деп, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Акбалтага муну айтса, | ||
| 225 | Ошо кезде Акбалта, | |
| Акчайымдын койнунан, | ||
| Аттап-буттап келди,— дейт, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Кандай шумдук болду,— деп, | ||
| 230 | Капталымда калмак бар, | |
| Калмактар каптап келдиби? | ||
| Кыр жагымда кытай бар, | ||
| Кыргын салып келдиби? | ||
| Маңдайымда манжуу бар, | ||
| 235 | Манжуулар келдиби? | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Кандай шумдук болду,— деп, | ||
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| Мунуң айтып турганда, | ||
| 240 | Ошо кезде бай Жакып, | |
| Акбалтага муну айтат: | ||
| «Кокуй, кокуй каран күн, | ||
| Катынымды жин урду, | ||
| Эми кокуй кантейин? | ||
| 245 | Жети жылдын ичинде, | |
| Жетти го менин түбүмө, | ||
| Эптеп тапкан малымдын, | ||
| Эсебин тапты го, | ||
| Минте берсе оңбойт го, | ||
| 250 | Ушу турган катындын, | |
| Тирүүсүнөн өлгөнү, | ||
| Артыгыраак өзүмө, | ||
| Деп,— ошондо курган жан | ||
| Тууй турган баласы, | ||
| 255 | Туйгун болсо кандай,— деп, | |
| Ушу турган байбиче, | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
| Азапты салды башыма, | ||
| Деп,— ошондо жарыктык, | ||
| 260 | Мунуң минтип турганда, | |
| Ошо кезде курган жан, | ||
| Өзүң көргөн Балтага, | ||
| Бай Жакып айтат мындай деп: | ||
| «Айта турган кебим бу, | ||
| 265 | Айланайын Акбалта, | |
| Карагырдын оюнда, | ||
| Калың жылкы бар эле, | ||
| Ал кара жылкы ичинде, | ||
| Сары-Аладан сандан бар, | ||
| 270 | Көк-Аладан көптөн бар, | |
| Кара-Аладан канча бар? | ||
| Ушу калың жылкыдан, | ||
| Ай-туякка чалууга, | ||
| Алып келчи ылайыктуу, | ||
| 275 | Атаганат дүнүйө, | |
| Курмандыкка чалууга, | ||
| Төп келген мал алып кел, | ||
| Деп,— ошентип жарыктык, | ||
| Ата-бабаң арбактын, | ||
| 280 | Алдынан өтүп алайын, | |
| Кайнатам эле Бакберген, | ||
| Бакбергендин алдынан, | ||
| Бүгүн өтүп алайын, | ||
| Курмандыкка мал чалып, | ||
| 285 | Ай туякка мал чалып, | |
| Аарыңа өтөйүн, | ||
| Андан кийин көрөйүн, | ||
| Бу катынымды жин урду, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 290 | Деп,— ошентип бай Жакып, | |
| Акбалтага муну айтса, | ||
| Макул, макул, макул,— деп, | ||
| Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
| Кагылайын бай Жакып, | ||
| 295 | Капа болбо кантет,— деп, | |
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| Астындагы минери, | ||
| Өзүң көргөн баягы, | ||
| Көк-Чолок сындуу ат экен, | ||
| 300 | Көк-Чолоктун үстүнө, | |
| Ашып-шашып кийинип, | ||
| Үзөнгүсүн теппестен, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Шамдагайы билинип, | ||
| 305 | Ат үстүнө минди,— дейт, | |
| Атты эми камчылап, | ||
| Аркы-терки койгулап, | ||
| Үзөнгүсүн ургулап, | ||
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| 310 | Кудай бетин салбай кал, | |
| Жөнөп калды көрдүңбү? | ||
| Карагырдын оюна, | ||
| Эми аны коюп туралы, | ||
| Үйдө жаткан Чыйырды, | ||
| 315 | Ошондон кабар алалы, | |
| Жаш баладай буркурап, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
| Ошо кезде буркурап, | ||
| 320 | Ыйлап турду кантейин? | |
| Оо жараткан кудайым, | ||
| Кантейин кокуй кантейин? | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Төрөй турган маалым,— деп, | ||
| 325 | Ушу турган баламды, | |
| Аман-эсен көз жарсам, | ||
| Аман-эсен төрөсөм, | ||
| Андан кийин көрөйүн, | ||
| Өлсөң өлүп көрөйүн, | ||
| 330 | Өлүмдүн оозун ачайын, | |
| Ажалдын ушу азуусун, | ||
| Азуусуна батайын, | ||
| Деп,— ошентип Чыйырды, | ||
| Айтып турса мындай кеп, | ||
| 335 | Ошо кезде гана жарыктык, | |
| Сооротуп турду гана бай Жакып, | ||
| Койгун эми койгун,— деп, | ||
| Аман-эсен көз жарсаң, | ||
| Алтайдын гана элин чогултуп, | ||
| 340 | Тогуз күнү той кылып, | |
| Мен тоо башында гана топоздон, | ||
| Токсонду гана эми алдырам, | ||
| Жылгадагы жылкыдан, | ||
| Жетимишти гана чалдырам, | ||
| 345 | Колотумда гана коюм бар, | |
| Короо-короо кой союп, | ||
| Мен алдыңан гана өтөм атаңдын, ооо | ||
| Кудайдын гана кылган иши экен, | ||
| Аян гана болуп арбактан, | ||
| 350 | Кабар келип кайыптан, | |
| Айланайын гана ой байбиче, | ||
| Деп,— ошентип жарыктык, | ||
| Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
| Чыйырдыга муну айтса, | ||
| 355 | Ошо кезде энекең, | |
| Көзүнөн жашын артты,— дейт, | ||
| Мурдунун суусун тартты,— дейт, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Ушу турган энекең, | ||
| 360 | Куурсагын бек сылап, | |
| Айланайын кудайым, | ||
| Жараткан жалгыз мен жалгыз, | ||
| Курсагымда сен жалгыз, | ||
| Аман-эсен төрөлсөң, | ||
| 365 | Айланайын балам,— деп, | |
| Тилегеним ушу,— деп, | ||
| Кудайымдын алдына, | ||
| Курман болуп кетем,— деп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| 370 | Жаратканга жалынып, | |
| Умай энем ула,— деп, | ||
| Жаратканым жалгаа,— деп, | ||
| Чоң Алтайдын ээси бар, | ||
| Алтай ээси колдо,— деп, | ||
| 375 | Мына ошондо жарыктык, | |
| Өзүң көргөн энекең, | ||
| Ичинен келме келтирип, | ||
| Асманды карап телмирип, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 380 | Бүгүн бир мени колдо,— деп, | |
| Мына ошентип алганда, | ||
| Эми аны коюп туралы, | ||
| Кечээ кеткен Акбалта, | ||
| Ошондок кабар алалы, | ||
| 385 | Ошо кездең Акбалта, | |
| Эки күндүк жол экен, | ||
| Күн эки күн жол жүрүп, | ||
| Ат аябай мол жүрүп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| 390 | Жебе менен жарышып, | |
| Жел менен алышып, | ||
| Астындагы Көкчолок, | ||
| Көкчолок атын ургулап, | ||
| Жетип барды көрдүңбү? | ||
| 395 | Карагырдын оюна, | |
| Ал Карагырдын оюнда, | ||
| Айланайын кудайым, | ||
| Жети жылдын ичинде, | ||
| Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
| 400 | Манжууларга кайрылып, | |
| Калмактарга кайрылып, | ||
| Эптеп тапкан мүлк сатып, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Малга эми алмашып, | ||
| 405 | Мал күттү көрдүңбү? | |
| Жердин үстүн чийдирип, | ||
| Аштык айдап бай Жакып, | ||
| Данын эми алмашып, | ||
| Тыргоот менен солоңго: | ||
| 410 | “Малдуу болдум мен эми | |
| Короо-короо малым бар, | ||
| Күтө турган өзүм,— деп, | ||
| Өттүп кетсем дүйнөдөн, | ||
| Малдын ээси ким болот? | ||
| 415 | Ээси турса кандай,— деп, | |
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Заары какшап кудайга, | ||
| Айтып турган арманын, | ||
| Жакыптын жайы ушундай, | ||
| 420 | Көркөмүн көрсөң момундай, | |
| Жети жылдын ичинде, | ||
| Жердин үстүн каздырып, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Алтын-күмүш алдырып, | ||
| 425 | Манжууларга барган,— дейт, | |
| Калмактарга кайрылып, | ||
| Алтын берип ат алып, | ||
| Күмүш берип кой алып, | ||
| Мына ошентип бай Жакып, | ||
| 430 | Эптеп жүрүп жарыган, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Короо-короо кой болуп, | ||
| Жылгада толгон жылкы бар, | ||
| Тоо башында топоз бар, | ||
| 435 | Айланайын кудурет, | |
| Жети жылдын ичинде, | ||
| Жетилип калган бай Жакып, | ||
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| Карагырга барганда, | ||
| 440 | Баягы эптеп тапкан малынын, | |
| Санын санга салганда, | ||
| Ошо кезде карасаң, | ||
| Сандаган жылкы жайнаган, | ||
| Жети миңдей жылкы бар, | ||
| 445 | Жети миңдей жылкыны, | |
| Кайтарып жүргөн жылкычы, | ||
| Жетимиштей бар экен, | ||
| Оо жараткан кудурет, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| 450 | Бай Жакыптын буйругу, | |
| Эки кылаар ал барбы? | ||
| Деп,— ошондо Акбалта, | ||
| Жылкычы башы Ыйманга, | ||
| Кайрылып айтат мындай деп: | ||
| 455 | «Оо Ыйманым, Ыйманым, | |
| Кайда кетти жыйганың? | ||
| Айтып келчи өзүмө, | ||
| Бери келчи өзүмө, | ||
| Айта турган сөзүм бар, | ||
| 460 | Бай Жакыптын буйругу, | |
| Кечээ жоокерчилик заманда, | ||
| Эки кылар ал барбы? | ||
| Айта турган кеп ушу, | ||
| Калың жылкы ичинен, | ||
| 465 | Курмандыкка чалууга, | |
| Ылайыктуу мал тапкын, | ||
| Деп,— ошентип тургуча, | ||
| Айтып оозун жыйгыча, | ||
| Калың жылкы четинде, | ||
| 470 | Өөзүнчө бөлүнүп, | |
| Көрүнгөндө көрүнүп, | ||
| Көрүнбөсө тим эле, | ||
| Камбар ата, Кара-Айгыр, | ||
| Кара-Айгырдын өзүндөй, | ||
| 475 | Бөлүнүп турган көзү экен, | |
| Кайыбынан кабылып, | ||
| Дарып кеткен кези экен, | ||
| Өзүң көргөн баягы, | ||
| Баягы Кула бээ көрүнүп, | ||
| 480 | Кула бээни көргөндө, | |
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| Ыйманга айтат мындай деп: | ||
| «Ушу турган Кула бээ, | ||
| Курмандыкка чалганга, | ||
| 485 | Ылайыктуу мал экен, | |
| Башына нокто салып кел, | ||
| Адал өзүмө алып кел, | ||
| Деп,— ошентип тургуча, | ||
| Ошо кезде Ыйманың | ||
| 490 | сабылып туруп мындай дейт: | |
| «Айланайын Акбалта, | ||
| Бир карыш болгон желини, | ||
| Тууй турган маалы,— деп, | ||
| Арнап койгон мал эле, | ||
| 495 | Байбичең эркек төрөсө, | |
| Энчилеп берсем өзүм»,— деп, | ||
| Айтарым гана ушул Акбалта, | ||
| Жакшылыкка жарайт,— деп, | ||
| Ээ арнап жүргөн гана мал элең, | ||
| 500 | Айланайын гана кудурет, | |
| Маңдайга жазган ушу,— деп, | ||
| Мына ошондо гана Акбалта, | ||
| Калың жылкынын гана ортодо, | ||
| Камбар ата дарыган, | ||
| 505 | Кайыбынан гана кабылган, | |
| Касиеттүү гана Торайгыр, ууу | ||
| Торайгырды гана көрдү,— дейт, | ||
| Тоомуктай болгон мал экен, | ||
| Ушу курмандыкка гана чалуугаң, | ||
| 510 | Төп келүүчү гана жан экен, | |
| Бай Жакыпка барайын, | ||
| Мына айтканыңды гана кылдым,— деп, | ||
| Курмандыкка гана чалгын,— деп, | ||
| Бир мактанып гана айтайын, | ||
| 515 | Издегениң табылды, | |
| Каалаганың гана кабылдың, | ||
| Деп,— ошентип Акбалта, | ||
| Ичинен ойлоп мындай кеп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| 520 | Жылкыны барып аралап, | |
| Башына салды айгырдын, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Күмүштөн куйган ноктону, | ||
| Эми салып башына, | ||
| 525 | Жети акаң алып алды,— дейт, | |
| Ушу турган баягы, | ||
| Эки бөйрөк бел экен, | ||
| Өзүң көргөн Жакыптын, | ||
| Жердеп турган жери экен, | ||
| 530 | Айланайын кудурет, | |
| Кана эмесе жөнөң,— деп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Камчы салып атына, | ||
| Үзөңгүсүн теминип, | ||
| 535 | Жети акаң алып айгырды, | |
| Эми жөнөп калган,— дейт, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Күн эки күн жол жүрдү, | ||
| Ат аябай мол жүрдү, | ||
| 540 | Эми аны коюп туралы, | |
| Айылда күткөн баягы, | ||
| Бай Жакыптын өзүнөн, | ||
| Ошондон кабар алалы. | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| 545 | Өөдө-төмөн көп басып, | |
| Ары-бери эп басып, | ||
| Кайда кеттиң Акбалта? | ||
| Капталымда калмак бар, | ||
| Калмактар кармап алдыбы? | ||
| 550 | Колуна кишен салдыбы? | |
| Кыр жагымда кытай бар, | ||
| Кытайга кире качтыбы? | ||
| Кайда кеттиң Акбалта? | ||
| Келе турган маал эле, | ||
| 555 | Келбей турат кантет,— деп, | |
| Минте берсе болбойт,— деп, | ||
| Деп,— ошондо бай Жакып, | ||
| Маңдайымда манжуу бар, | ||
| Манжуулардын баарысы, | ||
| 560 | Айланайын кудурет, | |
| Акбалтаны аңдышып, | ||
| Моюнуна кишен салдыбы? | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Туткундап алды Балтаны, | ||
| 565 | Мына ошондо жарыктык, | |
| Кантем кокуй кантемин? | ||
| Кандай айла теремин? | ||
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Өөдө-төмөн көп басып, | ||
| 570 | Кейип-кепчип алган,— дейт, | |
| Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
| Ичинен Жакып сүйлөнүп, | ||
| Мына ошентип турганда, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| 575 | Күүгүм кирип күн бата, | |
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Элдин алды дым жата, | ||
| Кирип келди Акбалта, | ||
| Ай хай, ай хай, ай хай,— деп, | ||
| 580 | Айланайын байым,— деп, | |
| Айтканыңдай кылдым,— деп, | ||
| Курмандыкка чалууга | ||
| Төп келишкен Тор-Айгыр, | ||
| Алып келдим өзүңө, | ||
| 585 | Кудай билет ишиңди, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| Деп,— ошондо Акбалта, | ||
| Баягы эки тизгир, бир чылбыр, | ||
| 590 | Тор-Айгырдын мойнунда, | |
| Кармата салды Жакыпка, | ||
| Мына аманат кылып алып кел, | ||
| Алып келдим өзүңө, | ||
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| 595 | Ошо кезде бай Жакып, | |
| Ар качандан бир качан, | ||
| Алып жүрчү койнунда, | ||
| Түпкү атасы Арсылан, | ||
| Арсыландан калган,— дейт, | ||
| 600 | Өзүң көргөн Актинте, | |
| Актинте жайын сураба, | ||
| Актинте жайын сурасаң, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Арсыландан калыптыр, | ||
| 605 | Алла-талла кудурет, | |
| Дарып кеткен Тинте экен, | ||
| Арсыландын өзүнө, | ||
| Тартууга келген зат экен, | ||
| Ал Тинтенин бетинде, | ||
| 610 | Арсылан деген жазуу бар, | |
| Муну билген ар дайым, | ||
| Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
| Алып жүргөн койнунда, | ||
| Түбү атам Арсылан, | ||
| 615 | Арыстандын заты,— деп, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Аманат кылып балама, | ||
| Өткөрүп берсем өзүм,— деп, | ||
| Мына ошентип жарыктык, | ||
| 620 | Ичинен ойлоп мындай кеп, | |
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Болк эттирип койнунан, | ||
| Боосун алды мойнунан, | ||
| Өзүң көргөн баягы, | ||
| 625 | Атадан калган Актинте, | |
| Күмүш саптуу бычак,— дейт, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Уңгусу болот учу курч, | ||
| Мына ошондой зат экен, | ||
| 630 | Ала калып Тинтени, | |
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Бая кашына келген Тор-Айгыр, | ||
| Төрт аягын бек байлап, | ||
| Жаратканга жалынып, | ||
| 635 | Кыбыланы каранып, | |
| Кудайым өзүң колдо,— деп, | ||
| Жаны болсун сизге,— деп, | ||
| Эти болсун бизге,— деп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 640 | Колдой көргүн бул ирет, | |
| Ата-бабам арбагын, | ||
| Атап өттүм өзүңө, | ||
| Түп атакем Түмөнкан, | ||
| Түмөнкан атам колдосун, | ||
| 645 | Башкы атам баарыкан, | |
| Байыртан кызыр дарыган, | ||
| Баары атам колдосун, | ||
| Абалкы атам Арыстан, | ||
| Арыстан атам колдосун. | ||
| 650 | Улуу атам Угузкан | |
| Угузкан атам колдосун. | ||
| Улап берсин өзүмдү, | ||
| Карарган кара көзүмдү, | ||
| Кашайтпасын өзүмдү, | ||
| 655 | Кудайым улап берсин өзүмдү, | |
| Деп,— ошентип жарыктык, | ||
| Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
| Жаратканга жалынды, | ||
| Ата-бабаң арбагын, | ||
| 660 | Атын айтып чакырып, | |
| Жаратканга жалынып, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Сообу тийсин сизге,— деп, | ||
| Эти болсун бизге,— деп, | ||
| 665 | Мына ошондо жарыктык, | |
| Ала калып колуна, | ||
| Актинтенин жарыктык, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Ошо кокого эми урган,— дейт, | ||
| 670 | Кокуйлатып баягы, | |
| Кашында турган айгырды, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Бир кишинеп өттү,— дейт, | ||
| Караса көзгө илинбей, | ||
| 675 | Кайда экени билинбей, | |
| Жерге тамган каны жок, | ||
| Мына ошондо Тор-Айгыр, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Кашында турган жылкы жок, | ||
| 680 | Кайда экени билинбей, | |
| Караса көзгө илинбей, | ||
| Кайып болду бул жылкы. | ||
| Муну көрүп бай Жакып, | ||
| Аң-таң болуп турду,— дейт, | ||
| 685 | Бармак тиштеп баш чайкап, | |
| Кандай шумдук болду,— деп, | ||
| Оо кудайымдын жолуна, | ||
| Курмандыкка чалгамын, | ||
| Алып кеттиң өзүнө, | ||
| 690 | Айланайын кудайым, | |
| Мындайды адам көрбөдү, | ||
| Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Эки көзү төрт болуп, | ||
| 695 | Жүрөгү күйүп өрт болуп, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Мындайды адам көрбөгөн, | ||
| Кандай шумдук болду,— деп, | ||
| Мына ошентип тургуча, | ||
| 700 | Айтып оозун жыйгыча, | |
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| Бакырып ийди буркурап, | ||
| 705 | Кандай шумдук болду,— деп, | |
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Он эки канат кең өргөө, | ||
| Аттап-буттап киргенде, | ||
| Ошо кезде энекең, | ||
| 710 | Толгоо тартып калыптыр. | |
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Колдогун мени өзүң,— деп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| 715 | Ичин кармап бир кейип, | |
| Балтырын кармап бир кейип, | ||
| Кокуй, кокуй төбөм,— деп, | ||
| Төбөмдү кокуй жээди,— деп, | ||
| Белим кокуй белим,— деп, | ||
| 720 | Белимди жээди кокуй,— деп, | |
| Эми кокуй кантем,— деп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Толгоо тартып алганда, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| 725 | Ошо кезде бай Жакып, | |
| Акбалтаны чакырып, | ||
| «Айланайын Балтам,— деп, | ||
| Уккуң айткан сөзүмдү, | ||
| Эми байкаң өзүмдү, | ||
| 730 | Бул жерге туруп нетейин? | |
| Жылкыны көздөй кетейин, | ||
| Укчуң айткан сөзүмдү, | ||
| Төрөп калса байбиче, | ||
| Эркек тууса өзүмө, | ||
| 735 | Сүйүнчүлөп баргын,— дейт, | |
| Кыз тууса байбичем, | ||
| Үндөбөстөн калгын,— деп, | ||
| Тогуз күндүн ичинде, | ||
| Кайра кайтып келем,— деп, | ||
| 740 | Тогуз күндөй күтөйүн, | |
| Тогуз күндүн ичинде, | ||
| Толгоосу бүтүп байбичем, | ||
| Төрөп калса өзүмө, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 745 | Кудайымдын бергени, | |
| Жаратканым жалгаса, | ||
| Эркек тууса байбиче, | ||
| Кудайымдын бергени», | ||
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| 750 | Акбалтага муну айтса, | |
| Макул, макул, макул,— деп, | ||
| Бул айтканың акыл деп, | ||
| Канытың тууса кантесиң? | ||
| Айланайын, бай Жакып, | ||
| 755 | Үйдө турган болбос,— деп, | |
| Эркектердин белгиси, | ||
| А дүйнө көздөй кетет,— деп, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Бу жерге туруп нетесиң? | ||
| 760 | Андан көрө бай Жакып, | |
| Жылкыны көздөй кеткениң, | ||
| Оң болоор,— деп Акбалта, | ||
| Кеңеш кылды Жакыпка. | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| 765 | Макул, макул, макул,— деп, | |
| Бул айтканың акыл,— деп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Экөө кеп-кеңешип алган дейт, | ||
| Мына ошондо сураба, | ||
| 770 | Мына ошондо сурасаң, | |
| Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
| Ар качандан бир качан, | ||
| Минип жүргөн аты эле. | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| 775 | Мамыда турган байланып, | |
| Тору-Чаарды токунуп, | ||
| Үзөңгү менен басмайыл, | ||
| Бек тартып алган дейт, | ||
| Кашкасы күмүш ээр токум, | ||
| 780 | Эми токунуп алган кези дейт, | |
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Аркы-терки камчы уруп, | ||
| Оң тетири теминип, | ||
| Умай энең уласын, | ||
| 785 | Жаратканым жалгасын, | |
| Эркек туусун байбиче, | ||
| Деп,— ошентип баягы, | ||
| Ичинен келме келтирип, | ||
| Бул жерге туруп нетейин? | ||
| 790 | Андан көрө мен шордуу, | |
| Жылкыны көздөй кетейин, | ||
| Сүйүнчүлөп барсаң Акбалта, | ||
| Бек сүйүнүп алайын, | ||
| Сүйүнчүсүн берейин, | ||
| 795 | Деп,— ошентип бай Жакып, | |
| Тору-Чаарды койгулап, | ||
| Тоону көздөй кеткен дейт. | ||
| Тобо кылып кудайга, | ||
| Эми аны коюп туралы, | ||
| 800 | Үйдө калган Чыйырды, | |
| Ошондон кабар алалы. | ||
| Ошо кезде Чыйырды, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| Жаш баладай буркурап, | ||
| 805 | Ыйлап турду жарыктык, | |
| Чыдай албай чыркырап, | ||
| Кантейин кокуй кантейин? | ||
| Балаң эмес балээби, | ||
| Бу курмандыкка жетеби? | ||
| 810 | Ушу турган башымды, | |
| Мени жээй турган балабы? | ||
| Деп,— ошондо жарыктык, | ||
| Жута турган балабы? | ||
| Минте берсе болбойт,— деп, | ||
| 815 | Кантем кокуй кантем,— деп, | |
| Ырымын кылсам момундай, | ||
| Деп,— ошентип Чыйырды, | ||
| Ар качандан бир качан, | ||
| Баласындай көрчү эле, | ||
| 820 | Асырап баккан бала эле, | |
| Өзүң көргөн Каракыз, | ||
| Дал ошондо Каракыз, | ||
| Быйыл санай келгенде, | ||
| Ошондо он экиге чыккан дейт, | ||
| 825 | Каракыз!— деп чакырып, | |
| Бери кел!— деп бакырып, | ||
| «Балекетиң алайын, | ||
| Укчуң айткан сөзүмдү, | ||
| Байкадың го өзүмдү, | ||
| 830 | Болбой турам Каракыз, | |
| Мээнетиң алайын, | ||
| Тээтигинде көрдүңбү? | ||
| Чай кайнатым жерде дейт, | ||
| Өзүң көргөн Каракыз, | ||
| 835 | Жалгыз өскөн чынар бар, | |
| Ал чынардын түбүндө, | ||
| Жалгыз чыккан булак бар. | ||
| Ошо булакка бара көр, | ||
| Толтура чанач суу куюп, | ||
| 840 | Дал өзүмө ала кел, | |
| Ырым кылсам ушундай, | ||
| Ошол чынар өзүнөн, | ||
| Кырк чырпыкты кыйып кел, | ||
| Дал өзүмө алып кел, | ||
| 845 | Айтканымды кыла көр, | |
| Деп,— ошентип Чыйырды, | ||
| Каракызга муну айтса, | ||
| Каракыз жайын сураба, | ||
| Каракыз жайын сурасаң, | ||
| 850 | Айт десең айтып берейин, | |
| Айтпай кантип кетейин, | ||
| Ошо кезде гана Каракыз, | ||
| Быйыл он экиге гана келген дейт, | ||
| Кезегинде Чыйырды, | ||
| 855 | Баягы Эне-Сайдын гана боюнан, | |
| Калмактын гана эски журтунан, | ||
| Таап алган кыз экен, | ||
| Ошондо Алтайлык гана бала экен, | ||
| Өлүп калган гана энесин, | ||
| 860 | Бек кучактап наристе, | |
| Буркурап ыйлап тургандаң, | ||
| Жерде жаткан гана оой баланы, | ||
| Жерден гана ала калгандаң, | ||
| Артынан гана бала келсин,— деп, | ||
| 865 | Ошо кезде энекең, | |
| Асырап багып алган дейт, | ||
| Ырым кылып ушундай, | ||
| Атын коюп Каракыз, | ||
| Көрө албаган көз жаман, | ||
| 870 | Сүйлөп койсо сөз жаман, | |
| Аты болсун Каракыз, | ||
| Деп,— ошондо жарыктык, | ||
| Баралына келгенде, | ||
| Ммм, бой тартып алганда, | ||
| 875 | Келишкен кыз болгондо, | |
| Ушу турган Каракыз, | ||
| Атын коём өзгөртүп, | ||
| Азырынча Каракыз, | ||
| Эл ичинде болсун,— деп, | ||
| 880 | Мына ошондо энекең, | |
| Ырымдап койгон ат экен, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Он экиде жан экен, | ||
| Ушу турган Каракыз, | ||
| 885 | Жашы жетиге эми келгенде, | |
| Бүбүлүгү көрүнүп, | ||
| Ууу, күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
| Өзүнчө бала сүйлөнүп, | ||
| Мына ошентип калган дейт, | ||
| 890 | Урунарга тоо таппай, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Урушаарга жан таппай, | ||
| Кагылып балаң өскөн дейт, | ||
| Мына ошондо Каракыз, | ||
| 895 | Бүбүлүгү чыккан дейт. | |
| Эки көзү караса, | ||
| Кызыл басып жарыктык, | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Көз ачыктык жайы бар, | ||
| 900 | Көрүнгөндү көргөн дейт, | |
| Көрбөгөндү айткан дейт, | ||
| Билбегенди билгизип, | ||
| Чачылганды жыйнаган, | ||
| Үзүлгөндү улаган, | ||
| 905 | Бүлөнгөндү бүтөгөн, | |
| Мына ошондой жан экен. | ||
| Каракыз жайы ушундай, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Ар качандан бир качан, | ||
| 910 | Алып жүргөн гана жанына, | |
| Бери десе гана кызым,— деп, | ||
| Ары десе жолдош,— деп, | ||
| Мына ошондо гана энекең, | ||
| Жандооч гана кылып жанына, | ||
| 915 | Алып жүргөн гана эмеспи? | |
| Каракыз гана жайы ушундай, | ||
| Көркөмүн көрсөң момундай, | ||
| Кудай гана бетин салбай кал. | ||
| Мына ошондо Каракыз, | ||
| 920 | Кетип барат көрдүңбү? | |
| Энеси айткан Чынарга, | ||
| Жалгыз чыккан булакка, | ||
| Эми аны коюп туралы, | ||
| Үйдө калган Чыйырды, | ||
| 925 | Ошондон кабар алалы. | |
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Жалгыз үйдө калган дейт, | ||
| 930 | Айтаарына жан чыкпай, | |
| Ооо атаганат дүнүйө, | ||
| Кайрыларга жан чыкпай, | ||
| Кайгыга баткан дейт, | ||
| Кайрылып толгонуп, | ||
| 935 | Толгоо тартып алган дейт, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Бу кудайдын кылган иши экен, | ||
| Эми аны коюп туралы, | ||
| Баягы Чынарга кеткен Каракыз, | ||
| 940 | Ошондон кабар алалы. | |
| Өзүң көргөн Каракыз, | ||
| Эптеп жеткен кез экен, | ||
| Чоң торпоктун чоң чанач, | ||
| Аның алган жанына, | ||
| 945 | Чоң өгүздү минген дейт, | |
| Ммм, күүгүм кирип калганда, | ||
| Эми жакын барганда, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Ошол чынар жанында, | ||
| 950 | Айланайын кудурет, | |
| Көрүнгөнгө көрүнөт, | ||
| Көрүнбөгөн адамга, | ||
| Көк түтүндөй бөлүнөт. | ||
| Көз ачыктык жайы бар, | ||
| 955 | Каракыздын көзүнө, | |
| Умай энең көрүнүп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Айтып турду шыбырлап. | ||
| Энекең эркек туат,— деп, | ||
| 960 | «Эркек тууса энеңдин, | |
| Ууу атаганат дүнүйө, | ||
| Аты «Манас» болот,— деп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Белги берди бу кызга, | ||
| 965 | Аны уккан Каракыз, | |
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Жакын келип булакка, | ||
| Чоң торпоктун чоң чанач, | ||
| Ошого толтуруп сууну куйган дейт, | ||
| 970 | Энекеси айткандай, | |
| Чоң чынардын өзүнөн, | ||
| Кырк чырпыкты кыйган дейт. | ||
| Эмне кылат энекең, | ||
| Аны ойлобой Каракыз, | ||
| 975 | Канжыгага бек байлап, | |
| Оң жагына чаначты, | ||
| Сол жагына чырпыкты, | ||
| Кайра кайтып келген дейт. | ||
| Чоң өгүздү койгулап, | ||
| 980 | Мына ошондо энекең, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Бакырыгы баш жарып, | ||
| Кыйкырыгы таш жарып, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| 985 | Толгоо тартып алган дейт, | |
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Айтып турду бу кызга: | ||
| «Айланайын Каракыз, | ||
| 990 | Мээнетиң алайын, | |
| Тээтигинде тай казан, | ||
| Тутандырып от койгун, | ||
| Тай казандын өзүнө, | ||
| Толтура сууну куйгун,— деп, | ||
| 995 | Кайнап калса ал сууга, | |
| Кырк чырпыкты салгын,— деп, | ||
| Ырымым бар ушундай, | ||
| Айланайын Каракыз, | ||
| Деп,— ошентип Чыйырды, | ||
| 1000 | Айланайын кудурет, | |
| Алты күнү толготту, | ||
| Айласы жаман болду дейт, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| Жети күнү толготту, | ||
| 1005 | Ммм, жаман энең кыйналып, | |
| Тогуз күнү толготуп, | ||
| Толгоосу жаман иш болуп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Ий кокуй белим,— деп, | ||
| 1010 | Балтырымды эзди,— деп, | |
| Белимди кокуй жээди,— деп, | ||
| Кантет кокуй кантет,— деп, | ||
| Минте берсе болбойт,— деп, | ||
| Түбүмө кокуй жетет,— деп, | ||
| 1015 | Мына ошондо энекең, | |
| Тогузунчу күнүндө, | ||
| Күнүндө эмес күйгүндө, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| 1020 | Каканак суусу шар этип, | |
| Баланын үнү бар этип, | ||
| Бакырыгы чыкты дейт. | ||
| Мына ошондо баягы, | ||
| Ыңалагын баланын , | ||
| 1025 | Үнүн угуп энекең, | |
| Марту басып кетти дейт, | ||
| Эки көзү жумулуп, | ||
| Сунган буту тартылбай, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| 1030 | Жумган көзү ачылбай, | |
| Акыл эстен танган дейт. | ||
| Муну көргөн Каракыз, | ||
| Кандай шумдук болду,— деп, | ||
| Айланып жүгүрүп, | ||
| 1035 | «Айланайын энеке, | |
| Ой энекең, энеке, | ||
| Энеке гана биздин береке, | ||
| Балаң менен гана апатка, | ||
| Энем гана аман калса»,— деп, | ||
| 1040 | Каалааганы ушундай, | |
| Өзүң көргөн гана Каракыз, | ||
| Кыйкырып гана ыйлап буркурап, | ||
| Өөз камын жеп ыйлап, | ||
| Мына ошондо гана Каракыз, | ||
| 1045 | Оой энеке гана кокуй энеке, | |
| Кантесиң кокуй кантесиң? | ||
| Деп,— ошентип гана тургандаң, | ||
| Айласы кетип түгөнүп, | ||
| Керегеде илинген, | ||
| 1050 | Атаганат дүнүйө, | |
| Ммм, өзүң көргөн добулбас, | ||
| Мунун кыйындыгы билинген, | ||
| Ала калып колуна, | ||
| Койгулап урду добулбас, | ||
| 1055 | Добулбастын урганда, | |
| Ошол кезде жарыктык, | ||
| Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
| Өзүнчө Каракыз турду сүйлөнүп: | ||
| “Умай энем ула!” — деп, | ||
| 1060 | “Жаратканым жалга!” — деп, | |
| “Жер-суу ээси колдо!” — деп, | ||
| “Суу атасы Суумерген, | ||
| Суумерген өзү колдо!” — деп. | ||
| “Тоо атасы Тоомерген, | ||
| 1065 | Тоомерген өзү колдо!” — деп, | |
| “Чоң Алтай ээси”—деп, | ||
| “Алтай атам колдо!” — деп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Өзүң көргөн Карагыз, | ||
| 1070 | Ата-баба арбагың, | |
| Атын айтып чакырып, | ||
| Баарын бирден атады. | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Арбагында колдо,— деп, | ||
| 1075 | Энекем аман калса,— деп, | |
| Мына ошентип суранды, | ||
| Доолбасын ургулап, | ||
| Өөдө-төмөн жүгүрүп, | ||
| Мына ошондо Каракыз, | ||
| 1080 | Бүбүлүгүң ушундай, | |
| Мына ошентип турганда, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Ошо кезде энекең, | ||
| Жумган көзү ачылып, | ||
| 1085 | Сунган буту тартылып, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Эки жагын караса, | ||
| Ыңалаган баланын, | ||
| Үнү угулат кулакка. | ||
| 1090 | Кайда кетти балам,— деп, | |
| Алып келгин өзүмө, | ||
| Көрсөткүн кара көзүмө, | ||
| Кара көзүм кашайды, | ||
| Айланайын кызым,— деп, | ||
| 1095 | Кана балам, балам,— деп, | |
| Мына ошентип турганда, | ||
| Ошо кезде Каракыз, | ||
| Жерде жаткан баланы, | ||
| Ала калып колуна, | ||
| 1100 | Тогуз кездей оромол, | |
| Оромолго бек ороп, | ||
| Алып келди эненин, | ||
| Дал колуна тапшырып, | ||
| Ай энекең, энеке, | ||
| 1105 | Мынакей тапкан балаң,— деп, | |
| Менден кийин иним,— деп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Өзүң көргөн Каракыз, | ||
| Энесине тапшырса, | ||
| 1110 | Ошо кезде жарыктык, | |
| Эркек бекен кыз бекен, | ||
| Айтып берчи өзүмө. | ||
| Кээдең эске келалса, | ||
| Кээдең эске келалбай, | ||
| 1115 | Өзүң көргөн энекең, | |
| Кээде тилге келалса , | ||
| Кээде тилге келалбай, | ||
| Каракызга соболду, | ||
| Салган экен ушундай. | ||
| 1120 | Кыз бекен, эр бекен? | |
| Айтып берчиң өзүмө», | ||
| Деп,— ошентип турганда, | ||
| Ошо кезде Каракыз, | ||
| Айтып турат энеңе, | ||
| 1125 | Айланайын энеке, | |
| Тапканың эркек болду,— деп, | ||
| Айланайын энеке, | ||
| Ой энекең, энеке, | ||
| Жаның аман калсын,— деп, | ||
| 1130 | Балаң менен куруп кал, | |
| Койчуң энең, койчу,— деп, | ||
| Энем аман болсо,— деп, | ||
| Сураганың ушундай, | ||
| Бир кудайга кайрылып, | ||
| 1135 | Айланайын кудурет, | |
| Мына ошентип турганда, | ||
| Өзүң көргөн энекең, | ||
| Бек сүйүнүп алган дейт, | ||
| Күлүмсүрөп кайран жан, | ||
| 1140 | Алды баланы колуна, | |
| Оң эмчегин салды дейт, | ||
| Оң эмчегин салганда, | ||
| Оболкусу сүт чыгып, | ||
| Экинчисин соргондо, | ||
| 1145 | Бул энеңдин төшүнөн, | |
| Ошондо суу чыгып. | ||
| Үчүнчүсүн салганда, | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Бала сооруп алганда, | ||
| 1150 | Үчүнчү сапар тартканда, | |
| Ошо кезде сураба, | ||
| Ошо кезде сурасаң, | ||
| Эмчегинен кан чыгып. | ||
| Энекеңден жан чыгып, | ||
| 1155 | Кокуй, кокуй кантет,— деп, | |
| Минте берсе болбойт,— деп, | ||
| Түбүмө кокуй жетет,— деп, | ||
| Мына ошентип турганда, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| 1160 | Өзүң көргөн энекең, | |
| Айтып берген баягы, | ||
| Ай кайненеси гана ууу Актинте, | ||
| Өзүң көргөн Акбийке, | ||
| Ошондо кайненеси гана айткан кеп элең, | ||
| 1165 | Айланайын гана балам,— деп, | |
| Аман-эсен көз жарсаң, | ||
| Бул атадан калган гана белги,— деп, | ||
| Күмүштөн куйган гана ок эле, | ||
| Кезегинде бул күмүш ок, | ||
| 1170 | Карагандын гана мойнунда, | |
| Тумар болуп гана турчу элең, | ||
| Ааа Балта атаң Арыстан, | ||
| Ошо Арыстандан гана калган ок эле, | ||
| Оозантмакка баланы, | ||
| 1175 | Оозуна гана окту салгын дейт, | |
| Мына ошондо энекең, | ||
| Эсине келип кайран жан, | ||
| Кайненеси Акбийке, | ||
| Айтканын эстеп курган жан, | ||
| 1180 | Күмүш окту алган дейт, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Оозантмакка баланы, | ||
| Оозуна окту салганы, | ||
| Ошо кезде сурасаң, | ||
| 1185 | Кудай бетин салбай кал, | |
| Тиштегениң ок болсун, | ||
| Тиктегени жок болсун, | ||
| Кармаганың ок болсун, | ||
| Катылганы жок болсун, | ||
| 1190 | Деп,— ошентип энекең, | |
| Оң колуна баланын, | ||
| Окту эми салганы, | ||
| Жандаганың жок болсун, | ||
| Жалаганың ок болсун, | ||
| 1195 | Деп,— ошондо энекең, | |
| Окту колго алганы, | ||
| Оозуна баланын, | ||
| Эми барып салганы, | ||
| Ошо кезде сурасаң, | ||
| 1200 | Айланайын кудурет, | |
| Чопулдатып бу бала, | ||
| Оозуна окту салганда, | ||
| Чопулдатып соргон дейт, | ||
| Оозуна эмчек түшкөндөй, | ||
| 1205 | Айланайын кудурет, | |
| Муну көргөн энекең, | ||
| Күлүмсүрөп калды дейт. | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Кудайдын кылган иши экен, | ||
| 1210 | Деп,— ошондо энекең, | |
| Тумар кылып мойнуна, | ||
| Баланы эми салганы, | ||
| Атадан калган күмүш ок, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 1215 | Бүгүн көргөн эртең жок, | |
| Ушундай экен дүйнө шок, | ||
| Маңдайга жазган ушу экен, | ||
| Ошону менен энекең, | ||
| Эркек бала тууду дейт, | ||
| 1220 | Көрүнгөнгө көргөзбөй , | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Деп,— ошондо Чыйырды, | ||
| Каракызды чакырып, | ||
| Кайрылып айтты мындай кеп: | ||
| 1225 | «Калаага катын койбо,— деп, | |
| Калаадан эми чыгаргын, | ||
| Токойду көздөй айдагын, | ||
| Айылга аял койбостон, | ||
| Ормонду көздөй айдагын, | ||
| 1230 | Айылга адам турбасын, | |
| Көралбаган көз жаман, | ||
| Сүйлөп койсо сөз жаман, | ||
| Көзү тийсе балама, | ||
| Оңбой калат балам,— деп, | ||
| 1235 | Сөзү тийсе балама, | |
| Оңбой калат балам»,— деп, | ||
| Мына ошондо энекең, | ||
| Каракызга муну айтса, | ||
| Ошо кезде Каракыз, | ||
| 1240 | Айылдагы аялды, | |
| Баарын айылга койбостон, | ||
| Токойду көздөй айдады, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Байбиченин буйругун, | ||
| 1245 | Эки кылаар ал барбы? | |
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| Буйрук эки кылбастан, | ||
| Макул, макул, макул,— деп, | ||
| Айылдагы аялдар, | ||
| 1250 | Токойду көздөй кетти дейт, | |
| Мына ошондо Каракыз, | ||
| Кайра кайтып келген дейт. | ||
| Энесине кайрылып, | ||
| Айтканыңдай кылдым,— деп, | ||
| 1255 | Айланайын энеке, | |
| Энеке биздин береке, | ||
| Деп,— ошентип тургуча, | ||
| Ошо кезде Чыйырды, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| 1260 | Айтып турду бу кызга, | |
| Айланайын Каракыз, | ||
| Кагылайын Каракыз, | ||
| Укчуң айткан сөзүмдү, | ||
| Ушу турган Акбалта, | ||
| 1265 | Акбалтанын зайыбы, | |
| Акчайымга айткың дейт, | ||
| Сүйүнчүлөп кабарды, | ||
| Катын байбичең эркек тууду,— деп, | ||
| Мына ошентип айткын дейт, | ||
| 1270 | Макул, макул энеке, | |
| Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Ошо кезде Каракыз, | ||
| Согончогу так этип, | ||
| 1275 | Май куйрукка шак этип, | |
| Жерге тийип так этип, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Өзүң көргөн Каракыз, | ||
| Он экиде жан эле, | ||
| 1280 | Мына ошондо жарыктык, | |
| Үйдөн чыга калган дейт, | ||
| Акчайымга барган дейт, | ||
| Айланайын жеңеке, | ||
| Ой жеңеке, жеңеке, | ||
| 1285 | Энекем эркек тууду дейт. | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Акбалта авама айткың дейт, | ||
| Акбалта абам Жакыпка, | ||
| Атакеме айтсын дейт, | ||
| 1290 | Сүйүнчүлөп барсын дейт, | |
| Энекемдин айтканын, | ||
| Эки кылбай айттым,— деп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Каракыз муну айтканда, | ||
| 1295 | Ошо кезде Акчайым, | |
| Аттап-буттап үйүнө, | ||
| Кирип барды төрүнө, | ||
| Төрдө жаткан баягы, | ||
| Акбалтаны ойготуп, | ||
| 1300 | Коңурукту кош тартып, | |
| Катуу уйкуну салган дейт. | ||
| Эчтеме менен иши жок, | ||
| Төрдө жаткан Акбалта, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 1305 | Илбирс ичик жамынып, | |
| Мына ошентип турганда, | ||
| Айланайын, Акчайым, | ||
| Айтып турду Балтага: | ||
| «Ой Акбалта козголчу, | ||
| 1310 | Ммм, атаганат дүнүйө, | |
| Ийинде жаткан аюудай, | ||
| Уктай бербей ойгончу, | ||
| Койгун Балта козголчу, | ||
| Айта турган кеп ушул, | ||
| 1315 | Ой сүйүнчү, сүйүнчү! | |
| Байбичең эркек тууду,— деп, | ||
| Бай Жакыптын зайыбы, | ||
| Эркек бала тууду,— деп, | ||
| Сүйүнчүлөп баргын дейт, | ||
| 1320 | Бай Жакыптын өзүнө, | |
| Куру келбей өзүң,— деп, | ||
| Сүйүнчүсүн алгын»,— деп. | ||
| Мына ошентип айтканда, | ||
| Ошо кезде Акбалта, | ||
| 1325 | Айтканыңдай кылам,— деп, | |
| Кудай бетин гана салбай кал, | ||
| Баягы мамыда гана эми байланган, | ||
| Тору-Чаар гана, ууу, дагы жок, | ||
| Бай Жакып минип кетти эле, | ||
| 1330 | Көкчологумду гана минейин, | |
| Ал да тулпардын гана бири эле, | ||
| Кечиктирбей жарыктык, | ||
| Керилбей гана тездеп барайын, | ||
| Бай Жакыпка айтайын, | ||
| 1335 | Деп,— ошондо гана Акбалтаң, | |
| Акбалтаны сураба, | ||
| Акбалтаны сурасаң, | ||
| Алтымыштан өткөн дейт, | ||
| Алтымыштан өткүчө, | ||
| 1340 | Алты катын алган дейт, | |
| Алты катын алса да, | ||
| Алты катын түк туубай, | ||
| Туяк көрбөй жүргөн дейт. | ||
| Анын да бар арманы, | ||
| 1345 | Кудайга күнүгө зар айтып, | |
| Айланайын кудайым, | ||
| Неге мени кем кылдың? | ||
| Жоо душманды шер кылдың, | ||
| Аркамда калаар бала жок, | ||
| 1350 | Айланайым кудайым, | |
| Деп,— ошондо Акбалта, | ||
| Ада кылган арманын, | ||
| Ошентсе да жарыктык, | ||
| Өз байбичеси туугандай, | ||
| 1355 | Бек сүйүнүп алган дейт. | |
| Бай Жакып уулду болду,— деп, | ||
| Чыйырды эркек тууду,— деп, | ||
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| Көкчолокту койгулап, | ||
| 1360 | Үзөнгүсүн теппестен, | |
| Көкчолокко минди дейт, | ||
| Аркы-терки камчы уруп, | ||
| Оң тетири теминип, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| 1365 | Карагыр көздөй жүргөн дейт. | |
| Эми аны койуп туралы, | ||
| Үйдө калган байбиче, | ||
| Ошондон кабар алалы. | ||
| Мына ошондо Чыйырды, | ||
| 1370 | Чымындай жаны чыркырап, | |
| Оң колунда бала бар, | ||
| Баласын эми кучактап, | ||
| Мээнетиңди алайын, | ||
| Өлөөрдө көргөн балам,— деп, | ||
| 1375 | Паана тутуп алайын, | |
| Деп,— ошентип тургуча, | ||
| Айтып оозун жыйгыча, | ||
| Колдогону кырк тогуз, | ||
| Колдоп алды көрдүңбү? | ||
| 1380 | Жөөлөгөнүң кырк тогуз, | |
| Жөөлөп алды көрдүңбү? | ||
| Өзүң көргөн баягы, | ||
| Кара чаар кабылан, | ||
| Капталында камынды, | ||
| 1385 | Көсө куйрук көк арстан, | |
| Көт жагынан чамынды. | ||
| Оо жараткан кудай ай, | ||
| Муну көрбөй жүргөн Каракыз, | ||
| Аң-таң болуп турган дейт, | ||
| 1390 | Эки көзү төрт болуп, | |
| Жүрөгү күйүп өрт болуп, | ||
| Көзү ачыктык жайы бар, | ||
| Баягы кабыланды көргөндө, | ||
| Кантем кокуй кантем,— деп, | ||
| 1395 | Кайсап ийчү жан экен, | |
| Эми кокуй кантем,— деп, | ||
| Мына ошентип тургуча, | ||
| Айтып оозун жыйгыча, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| 1400 | Ач ажыдаар баланы, | |
| Алты айланып алганы, | ||
| Муну көрүп Каракыз, | ||
| Бу да аң-таң болуп калганы. | ||
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| 1405 | Ал аңгыча болгон жок, | |
| Жети дөбөт, көк бөрү, | ||
| Тегеректеп курчады. | ||
| Муну көрдү Каракыз, | ||
| Төбө жагын караса, | ||
| 1410 | Төбөсүнөн баягы, | |
| Куш төрөсүп буудайык, | ||
| Ошо чеңгелин сунган арбайтып, | ||
| Канатын жайган калдайтып. | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| 1415 | Муну көрдү Каракыз, | |
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Колдогону бар экен, | ||
| Бу аман-эсен чоңойсо, | ||
| Бул алтымыш миң аймакты, | ||
| 1420 | Апчый турган бала экен. | |
| Алтымыш балбан бир келсе, | ||
| Чапчый турган бала экен, | ||
| Деп,— ошондо жарыктык, | ||
| Ичинен ойлоп мындай кеп, | ||
| 1425 | Ал аңгыча болгон жок, | |
| Өзүң көргөн баягы, | ||
| Өзүң көргөн баланы, | ||
| Тегеректеп курчаган, | ||
| Кырк чилтен кызыр Ильяз, | ||
| 1430 | Муну көрдү Каракыз. | |
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Колдогону кырк тогуз, | ||
| Санай тактап келгенде, | ||
| Ал санакты эске салганда, | ||
| 1435 | Кырк тогуз экен колдоочу, | |
| Муну көрдү Каракыз. | ||
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Аман-эсен бар болсо, | ||
| Ушу турган бу бала, | ||
| 1440 | Жалпы кыргыз журтуна, | |
| Каатаган болот көрдүңбү? | ||
| Деп,— ошондо жарыктык, | ||
| Үзүлгөндү уулачу, | ||
| Чачылганды жыйначу, | ||
| 1445 | Кыргырга кеткен кыргызды, | |
| Кыргызга кеткен кыргызды, | ||
| Кыргыйдай эми таптайтко, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Конот-колот кеткен кыргызды, | ||
| 1450 | Ошо чогултуп эми жыят го, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кулагы көзүн каратпай, | ||
| Куруп алат кыргызды, | ||
| Карганын көзүн каратпай, | ||
| 1455 | Чогултуп алат кыргызды. | |
| Аман-эсен бар болсо, | ||
| Ушу турган бу бала, | ||
| Деп,— ошентип Каракыз, | ||
| Ичинен ойлоп тургуча, | ||
| 1460 | Эми аны коюп туралы, | |
| Баягы кеткен Акбалта, | ||
| Ошондон кабар алалы. | ||
| Күнү жүрдү күйүгүп, | ||
| Түнү жүрдү түйүлүп, | ||
| 1465 | Мына ошондо Акбалта, | |
| Көкчолокту койгулап, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Ичинде жүрөт туйгулап, | ||
| Жаратканга жалынып, | ||
| 1470 | Бай Жакыпка эмне дейм? | |
| Сүйүнчүлөп айтсам дейм, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Сүйүнчүсүн эмне дейм? | ||
| Сүйүнчүгө не сурайм? | ||
| 1475 | Бай Жакыпка эмне дейм? | |
| Сүйүнчүлөп айтсам дейм. | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Сүйүнчүсүн эмне дейм? | ||
| Сүйүнчүгө не сурайм? | ||
| 1480 | Айтканына макул,— деп, | |
| Бергенине макул,— деп, | ||
| Бергенин алсам болбос,— деп, | ||
| Сураганым чоң болсо, | ||
| Деп,— ошондо Акбалта, | ||
| 1485 | Атаганат дүнүйө, | |
| Аттап тоңдоп жөнөткөн, | ||
| Айтып берген Балтага, | ||
| Байбичеси Акчайым. | ||
| Сураганын алба,— деп, | ||
| 1490 | Калаганын алгын,— деп, | |
| Жылгасында жылкы мол, | ||
| Ошол жылкы ичинен, | ||
| Теңин берсин өзү,— деп, | ||
| Калаганың алгын,— деп, | ||
| 1495 | Мына ошондо Акчайым, | |
| Акбалтанын кулакка, | ||
| Айтып берген шыбырап, | ||
| Акыл айттым ушул кеп. | ||
| Айланайын Акбалта, | ||
| 1500 | Боло турган кезиң,— деп, | |
| Ушул турган Жакыпка, | ||
| Сүйүнчүлөп айткын,— деп, | ||
| Жылкысынын теңин де, | ||
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| 1505 | Ошо кезде Акбалта, | |
| Макул, макул зайып,— деп, | ||
| Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кой оозуна чөп албай, | ||
| 1510 | Момундугу мол экен, | |
| Ушу турган Акбалта, | ||
| Камчылап эми барганда, | ||
| Карагырдын оюнда, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| 1515 | Баягы Ыйман айткан Кула бээ, | |
| Толгоо тартып тогуз күн, | ||
| Жети күнү чыңырып, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Эки күнү ыйынып, | ||
| 1520 | Кулун тууп коюптур. | |
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| Ары-бери телчитип, | ||
| Ал кулунду ээрчитип, | ||
| Жүргөн кезин көрүптүр. | ||
| 1525 | Муну көрүп Акбалта, | |
| Бу Кудайдын кылган иши экен, | ||
| Камбар ата дарыган, | ||
| Кайыбына кабылган, | ||
| Касиеттүү Кула бээ, | ||
| 1530 | Тууп койгон турбайбы. | |
| Ушу Кула бээ тууган кулунду, | ||
| Энчилеп берсем экен,— деп, | ||
| Ыйман айтып берди эле, | ||
| Айтканындай кылалы, | ||
| 1535 | Деп,— ошондо жарыктык, | |
| Өзүң көргөн Акбалта, | ||
| Бай Жакыпты көргөндө, | ||
| Тай чабымдай жерден дейт, | ||
| Бакырыгы баш жарып, | ||
| 1540 | Тайманбастан курган жан. | |
| Талпынып айтты бакырып, | ||
| «Ой сүйүнчү, сүйүнчү! | ||
| Ой бай Жакып сүйүнчү! | ||
| Жоо душманга күйүнчү, | ||
| 1545 | Ээриккенде байбичең, | |
| Эрмек тапты сүйүнчү! | ||
| Карыганда байбичең, | ||
| Кабылан тапты сүйүнчү! | ||
| Жоголоордо байбичең, | ||
| 1550 | Жолборс тапты сүйүнчү! | |
| Ой сүйүнчү, сүйүнчү! | ||
| Уксаң боло бай Жакып, | ||
| Деп,— ошондо Акбалта, | ||
| Жакын келип бастырып, | ||
| 1555 | Кайра турду кайталап, | |
| Айтып турду Жакыпка, | ||
| Ой сүйүнчү, сүйүнчү! | ||
| Байбичең эркек тапты сүйүнчү! | ||
| Жоо душманга күйүнчү | ||
| 1560 | Алда бул да дүйнө ай! | |
| Оргуштаган жалган ай, | ||
| Суураганың угулду, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Заарың жетип кудайга, | ||
| 1565 | Арманың жетип арбакка, | |
| Арбактан болду аян,— деп, | ||
| Кайыптан болду кабар,— деп, | ||
| Карыганда байбичең, | ||
| Каралды тапты сүйүнчү! | ||
| 1570 | Жоголоордо байбичең, | |
| Жолдош тапты сүйүнчү! | ||
| Ой сүйүнчү, сүйүнчү! | ||
| Деп,— ошентип Акбалта, | ||
| Бай Жакыпка муну айтса, | ||
| 1575 | Ошо кезде бай Жакып, | |
| Элүүдөн өткөн жашы бар, | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Сакалы бурул таркан дейт, | ||
| Карыса да бай Жакып, | ||
| 1580 | Кайратынан кайта элек, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| Кечең Алтай келгенде, | ||
| Жети жылдай болду эле, | ||
| 1585 | Жетпей жүргөн бай Жакып, | |
| Жетилип калган көрдүңбү? | ||
| Качыр минген бай Жакып, | ||
| Тулпар минди көрдүңбү? | ||
| Топоз куйрук ээрчиген, | ||
| 1590 | Тоодой болгон бай Жакып, | |
| Эми тообо кылды кудайга, | ||
| Ооо жараткан кудайым. | ||
| Бу кудайымдын бергени, | ||
| Жараткандын пендеси, | ||
| 1595 | Аман-эсен чоңойсо, | |
| Эптеп тапкан малымдын, | ||
| Эсебин табат бул бала. | ||
| Малдын ээси болот,— деп, | ||
| Калаганың ушундай, | ||
| 1600 | Мына ошондо көркөмүң, | |
| Көркөмүң көрсөң момундай, | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Бек сүйүнүп бай Жакып, | ||
| Ашып-шашып кийинип, | ||
| 1605 | Мына ошондо жарыктык, | |
| Шамдагайы билинип, | ||
| Томуктай болгон Торучаар, | ||
| Торучаарды токунуп, | ||
| Аттап-буттап минген дейт, | ||
| 1610 | Акбалтаны аркалап, | |
| Эми айылды көздөй жөнөп калган дейт. | ||
| Күнү жүрдү күйүгүп, | ||
| Түнү жүрдү түйүлүп, | ||
| Күнү такыр тынбастан, | ||
| 1615 | Күн эки күн жол жүрүп, | |
| Түнү такыр тынбастан, | ||
| Түн эки күн жол жүрүп, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Акбалтасы артында, | ||
| 1620 | «Айланайын Акбалта, | |
| Тездеп айда атыңды, | ||
| Камчылагың малыңды, | ||
| Айылга тезден жетели, | ||
| Ушу турган байбиче, | ||
| 1625 | Байбиченин баласы, | |
| Эптеп тапкан паанасын, | ||
| Эми көрүп алайын. | ||
| Маңдайымда паанайым, | ||
| Көрүп койгон таалайым, | ||
| 1630 | Башымдагы таалайым, | |
| Айланайын паанайым», | ||
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Жакын келди айылга, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| 1635 | Аны күтүп тургансып, | |
| Өзүң көргөн Акчайым, | ||
| Акбалтанын зайыбы, | ||
| Тозуп чыкты алдынан, | ||
| Ой сүйүнчү байым,— деп, | ||
| 1640 | Ой сүйүнчү, сүйүнчү, | |
| Ээриккенде байбичең, | ||
| Эркек тапты сүйүнчү! | ||
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| Айланайын Акчайым, | ||
| 1645 | Кагылайын байбиче, | |
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Атынан түшүп алган дейт, | ||
| А күмүш кашка эр токум, | ||
| Аны чечип Акчайым, | ||
| 1650 | Акчайымдын колуна, | |
| Сүйүнчүңө ушул,— деп, | ||
| Аздык кылып баратса, | ||
| Жанымды кыйып алгын,— деп, | ||
| Каныңды төгүп алгын дейт, | ||
| 1655 | Айланайын кудурет, | |
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Эр токумду байбиче, | ||
| Акчайымга карматып, | ||
| Аттап-буттап үйүнө, | ||
| 1660 | Он эки канат өргөөгө, | |
| Эми кирип барганда, | ||
| Ошо кезде энекең, | ||
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Өңүнө келип калган дейт. | ||
| 1665 | Эки бетин нур чалып, | |
| Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
| Тапкан эми паанайын, | ||
| Бек кучактап алды дейт, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| 1670 | Айланайын кудурет, | |
| Бу кудайымдын бергени, | ||
| Жараткандын буйругу, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Деп ошентип Чыйырды, | ||
| 1675 | Бай Жакыпка муну айтса, | |
| Көзүм тийсе кандай,— деп, | ||
| Кокус кандай болот,— деп, | ||
| Сөзүм тийсе кандай,— деп, | ||
| Сөзүм тийсе кокус,— деп, | ||
| 1680 | Мына ошондо бай Жакып, | |
| Ар качандан бир качан, | ||
| Күмүш жаак булдурсун, | ||
| Кармай жүргөн колуна, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| 1685 | Кашкасын тийип башына, | |
| Мына ошондо баланын, | ||
| Коркуратта бек жыттап, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Ырым кылып ушундай, | ||
| 1690 | Аман-эсен болсун,— деп, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Бу кудайдын кылган иши,— деп, | ||
| Абалкы атам Арыстан, | ||
| Түп атакем Түмөн кан, | ||
| 1695 | Түбүнөн кызыр дарыган. | |
| Өлгөн сайын өөрчүгөн, | ||
| Түгөнгөн сайын түтөгөн, | ||
| Касиеттүү эл элең, | ||
| Эми атаганат дүнүйө, | ||
| 1700 | Кечээ Караган атам өлгөндө, | |
| Кыямат жайды көргөндө, | ||
| Калың кыргыз журтубуз, | ||
| Туш тарапка чачылып, | ||
| Чамындыдай быркырап, | ||
| 1705 | А кеби кетип тереңге, | |
| Бири кетип береңге, | ||
| Бири кетип Кангайга, | ||
| Бири кетип Алтайга, | ||
| Ооо жараткан кудай ай, | ||
| 1710 | Кудайдын кылган иши экен. | |
| Ушу балам аман чоңойсо, | ||
| Калың кыргыз журтумду, | ||
| Бир этекке жыйса,— деп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 1715 | Деп,— ошондо бай Жакып, | |
| Калаганың ушундай, | ||
| Тилек кылып кудайга, | ||
| Алаканын жайган дейт, | ||
| Оң алакан жайган дейт, | ||
| 1720 | Оң алакан караса, | |
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Ошо кезде сураба, | ||
| Ошо кезде сурасаң, | ||
| Аппак сүт уюп калыптыр. | ||
| 1725 | Сол алакан жайган дейт, | |
| Сол алакан жайганда, | ||
| Сол алакан караса, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Аппак сүт уюп калыптыр. | ||
| 1730 | Муну көрүп бай Жакып, | |
| Жаратканга жалынып, | ||
| Кудайга эми ыйман келтирип, | ||
| Айланайым кудайым, | ||
| Бу кудайдын кылган иши экен, | ||
| 1735 | Аман-эсен чоңойсун, | |
| Аты болсун Чоң Жинди, | ||
| Деп,— ошентип жарыктык, | ||
| Көрө албаган көз жаман, | ||
| Сүйлөп койсо сөз жаман, | ||
| 1740 | Аты болсун Чоң Жинди. | |
| Жашы жетсе жетилип, | ||
| Жетиге жашы келгиче, | ||
| Аты болсун Чоң Жинди. | ||
| Андай кийин көрөөрмүн, | ||
| 1745 | Жараткандын буйругун, | |
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Атын коюп Чоң Жинди, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| 1750 | Деп,— ошондо жарыктык, | |
| Алтымыш балбан бир келсе, | ||
| Апчый турган эр чыксын, | ||
| Алтымыш аймак бир келсе, | ||
| Чапчый турган эр чыксын, | ||
| 1755 | Деп,— ошондо бай Жакып, | |
| Жаратканга жалынып, | ||
| Тилек кылды ичинен, | ||
| Аны көргөн Акбалта, | ||
| Алаканын жайган дейт. | ||
| 1760 | Кыбыланы каранып, | |
| Кудайга кылып таазим,— деп, | ||
| Мына ошондо сураба, | ||
| Мына ошондо сурасаң, | ||
| Кудайдын кылган иши экен. | ||
| 1765 | Өмүрүң узун болсун,— деп, | |
| Ал узун өмүр ичинде, | ||
| Бакыт консун башыңа, | ||
| Асты так консун алдына, | ||
| Деп,— ошентип жарыктык, | ||
| 1770 | Кылган ишиң ак болсун, | |
| Мине турган так болсун, | ||
| Кудайдын кылган иши экен, | ||
| Аман-эсен чоңойсун, | ||
| Деп,— ошондо жарыктык, | ||
| 1775 | Бай Жакып айтат мындай,— деп, | |
| Кулалы таптап куш кылып, | ||
| Курама жыйып журт кылсын, | ||
| Кыргы эк таптап куш кылып, | ||
| Кыргызды жыйып журт кылсын, | ||
| 1780 | Карганынн көзүн каратпай, | |
| Кап кайда элди таратпай, | ||
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кузгундун көзүн каратпай, | ||
| 1785 | Кокту колот таратпай, | |
| Кыргызды жыйсын уулум,— деп, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Жаратканга жалынып, | ||
| Бата тилеп турган дейт, | ||
| 1790 | «Ооомин артын берсин,— деп, | |
| Түбүн берсин бир кудай, | ||
| Түптүү элдин бири элек, | ||
| Артын берсин бир кудай, | ||
| Артык элдин бири элек. | ||
| 1795 | Ооо жараткан кудай ай», | |
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Бата кылды ушундай, | ||
| Аны көргөн Акбалта, | ||
| Анын аркы жагында, | ||
| 1800 | Байбичеси Акчайым, | |
| А да алакан жайып алганда, | ||
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Көрүнгөндө көрүнүп, | ||
| 1805 | Көрүнбөсө тим эле, | |
| Көк түтүндөй бөлүнүп. | ||
| Кайдан келди билбеймин, | ||
| Кайыбынан кабылып, | ||
| Аксакалчан думана, | ||
| 1810 | Өзү кудай жолунда, | |
| Аса таяк колунда, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Берчи балаң колума, | ||
| Деп,— ошондо думана, | ||
| 1815 | Кайыбынан кабылып, | |
| Келди Жакып кашына, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Мына ошондо байбиче, | ||
| Кайран энең Чыйырды, | ||
| 1820 | Койнундагы баланы, | |
| Думананын колуна, | ||
| Кармата салды көрдүңбү? | ||
| Кудайымдын кылган иши экен. | ||
| «Оо жараткан кудурет, | ||
| 1825 | Кундак боосу бек болсун! | |
| Бешик боосу бек болсун! | ||
| Өмүрү узун болсун уулуңдун», | ||
| Деп,— ошондо думана, | ||
| Аты болсун Манас,— деп, | ||
| 1830 | Атаганат дүнүйө, | |
| Жердеген жери Талас,— деп, | ||
| Мына ошентип айтканда, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Айтаарым ушу момундай, | ||
| 1835 | «Алтымыш балбан бир келсе, | |
| Апчый турган эр чыксын, | ||
| Алтымышы бир келсе, | ||
| Чапчый турган шер чыксын. | ||
| Аман-эсен болсун,— деп, | ||
| 1840 | Калың кыргыз журтуңду, | |
| Жыя турган эр болсун, | ||
| Аю болбой алп болсун», | ||
| Деп,— ошондо жарыктык. | ||
| Өзүң көргөн думана, | ||
| 1845 | Көздөн кайым болуп кайтканда, | |
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Аң-таң болуп турган дейт, | ||
| Аты болсун Манас,— деп, | ||
| Айтканын көрчү кудайым, | ||
| 1850 | Атаганат дүнүйө, | |
| Бу кудайдын кылган иши,— деп, | ||
| Маңдайга жазган ушу,— деп, | ||
| Бул жараткандын иши го? | ||
| Артын берсин бир Кудай”. | ||
| 1855 | Артык элдин бири элек. | |
| Ооо жараткан кудай ай», | ||
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Бата кылды ушундай, | ||
| Аны көргөн Акбалта, | ||
| 1860 | Анын аркы жагында, | |
| Байбичеси Акчайым, | ||
| А да алакан жайып алганда, | ||
| Ооо жараткан кудурет, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| 1865 | Көрүнгөндө көрүнүп, | |
| Көрүнбөсө тим эле, | ||
| Көк түтүндөй бөлүнүп. | ||
| Кайдан келди билбеймин, | ||
| Кайыбынан кабылып, | ||
| 1870 | Аксакалчан думана, | |
| Өзү кудай жолунда, | ||
| Аса таяк колунда, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Берчи балаң колума, | ||
| 1875 | Деп,— ошондо думана, | |
| Кайыбынан кабылып, | ||
| Келди Жакып кашына, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Мына ошондо байбиче, | ||
| 1880 | Кайран энең Чыйырды, | |
| Койнундагы баланы, | ||
| Думананын колуна, | ||
| Кармата салды көрдүңбү? | ||
| Кудайымдын кылган иши экен. | ||
| 1885 | «Ооо жараткан кудурет, | |
| Кулдак? боосу бек болсун, | ||
| Бешик боосу бек болсун, | ||
| Өмүрү узун болсун уулуңдун», | ||
| Деп,— ошондо думана, | ||
| 1890 | Аты болсун Манас,— деп, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Жердеген жери Талас,— деп, | ||
| Мына ошентип айтканда, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| 1895 | Айтаарым ушу момундай, | |
| «Алтымыш балбан бир келсе, | ||
| Апчый турган эр чыксын, | ||
| Алтымышы бир келсе, | ||
| Чапчый турган шер чыксын. | ||
| 1900 | Аман-эсен болсун,— деп, | |
| Калың кыргыз журтуңду, | ||
| Жыя турган эр болсун, | ||
| Аю болбой алп болсун», | ||
| Деп,— ошондо жарыктык. | ||
| 1905 | Өзүң көргөн думана, | |
| Көздөн кайым болуп кайтканда, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Аң-таң болуп турган дейт, | ||
| Аты болсун Манас,— деп, | ||
| 1910 | Айтканын көрчү кудайым, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Бу кудайдын кылган иши,— деп, | ||
| Маңдайга жазган ушу,— деп. |