Talantaaly Bakchiev - Transcription Two
T2
Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 12 December 2017
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
| Ээ төрө Манас көк жалдын, | ||
| Төрөлгөнүн айтайын, | ||
| Көзөл энең Чыйырды, | ||
| Көз жарганын айтайын, | ||
| 5 | Айтпай кантип турайын, | |
| Жараткан билет ким билет, | ||
| Жанынан келген бир жан жок, | ||
| Жаза тайып албасам, | ||
| Жаңылып айтып салбасам, | ||
| 10 | Жараткандын бергенин, | |
| Жаңылбай айтып берейин. | ||
| Кудай билет ким билет, | ||
| Куруң айтып койбосом, | ||
| Көк жал Манас баатырдын, | ||
| 15 | Бу дүйнөгө келгенин, | |
| Эмиң айтып кетейин. | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Миң күндөрдүн бири экен, | ||
| Бейшембинин түнү экен. | ||
| 20 | Жуманын кадыр күнү экен, | |
| Мына ошондо Чыйырды, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| Ыйлап турду буркурап, | ||
| Обун таппай уйкунун, | ||
| 25 | Оң жагына обдулуп, | |
| Сообун таппай уйкунун, | ||
| Сол жагына толгонуп, | ||
| Кайран энең Чыйырды, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| 30 | Оң жагында бай Жакып, | |
| Бай Жакыпты ойготуп, | ||
| Ообун таппай жарыктык, | ||
| Ошондо оң колунан тарткан,— дейт, | ||
| Ойгонбой койду бай Жакып. | ||
| 35 | Сол колунан тарткан,— дейт, | |
| Турбай койду бай Жакып. | ||
| Айласы кетип түгөнгүр, | ||
| Олдо-бүлдө, дүнүйө ай. | ||
| Оргуштаган жалган ай, | ||
| 40 | Айланайын байым,— деп, | |
| Мына ошондо энекең, | ||
| Айтып турду Жакыпка, | ||
| Укчуң айткан сөзүмдү, | ||
| Жана байкаң өзүмдү, | ||
| 45 | Азыр жатып түш көрдүм, | |
| Адам көргүс иш көрдүм, | ||
| Түндө жатып түш көрдүм, | ||
| Түйшүккө салаар иш көрдүм. | ||
| Таңга маал түш көрдүм, | ||
| 50 | Таңгала турган иш көрдүм. | |
| Бул эмине болучу? | ||
| Бул түшүмдү жооруучу, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Менин атам — Бакберген, | ||
| 55 | Өзү кудай жолунда, | |
| Аса таяк колунда, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кашыма келип атакем, | ||
| Көз жарып алгын аман,— деп, | ||
| 60 | Сол колунда алма бар, | |
| Мага сунуп турганда, | ||
| Эми кокуй кантейин, | ||
| Айланайын атакем, | ||
| Бу дүйнөдөн өткөнү, | ||
| 65 | Жети жылдай болду эле, | |
| Жети жылдан бер карай, | ||
| Атакемдин алдына, | ||
| Арбагына багыштап, | ||
| Курмандыкка мал чалып, | ||
| 70 | Дуба кылбай мен акмак, | |
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Мына ошондо Чыйырды, | ||
| Бай Жакыпка муну айтса, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| 75 | Оңдолуп обдулуп, | |
| Оң жагына толгонуп, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Арбыды мээнет күнүгө, | ||
| Кандай шумдук болду деп, | ||
| 80 | Ушу турган катынды, | |
| Жин урганда жин урду, | ||
| Дин урганда дин урду, | ||
| Качан болсоң ушундай, | ||
| Кантейин кокуй кантейин? | ||
| 85 | Деп,— ошентип курган жан, | |
| Эптеп тапкан малымдын, | ||
| Эсебин эми табабы? | ||
| Зордоп тапкан малыма, | ||
| Зордук эми салабы? | ||
| 90 | Деп,— ошентип бай Жакып, | |
| Ичинен ойлоп мындай кеп, | ||
| Түшүң жакшы иш болсун, | ||
| Түш эмес, туш болсун, | ||
| Айланайын байбиче! | ||
| 95 | Деп,— ошентип жарыктык, | |
| Ак дамбалчаң дардактап, | ||
| Ордунан турду тартактап, | ||
| Он эки кабат төшөктөн, | ||
| Он эки канат өргөөдөн, | ||
| 100 | Чыга калып бай Жакып, | |
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Акбалталап чакырып, | ||
| Кокуй, кокуй Акбалта, | ||
| Бери кел деп гана бакырып, ооой | ||
| 105 | Ой Балта, кокуй, Акбалта, | |
| Менин катынымды жин урду, | ||
| Жин урганда дин урду, | ||
| Болду десем болбойт, ээ, | ||
| Болбогон кепти козгойт, ээ, | ||
| 110 | Айланайын Акбалта, | |
| Менин катынымды кокуй жин урду, | ||
| Карыганда курган жан, | ||
| Азыр жатып түш көрдү, | ||
| Түшүндө жакшы иш көрдү, | ||
| 115 | Менин кайнатам эле Бакберген, ооо, | |
| Түндө жатып гана ммм эээ байбиче, | ||
| Аян берди кантейин, | ||
| Аман-эсен көз жар,— деп, | ||
| Бышкан алма сунуптур, | ||
| 120 | Бу жакшылыктын гана кокуй белгиси, | |
| Жараткандын пендеси, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Акбалтага муну айтып: | ||
| Ошо кездең Акбалта: | ||
| 125 | «Атаганат дүнүйө, | |
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Кандай айла табам,— деп, | ||
| Кокуй байым кантесиң? | ||
| Кирип келген жоо барбы? | ||
| 130 | Каптап келген доо барбы? | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Таң агарып атканда, | ||
| Тараза жылдыз батканда, | ||
| Эл уйкуда жатканда, | ||
| 135 | Мени ойготуп чоочутуп, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Кандай шумдук болду деп, | ||
| Угуп турам өзүңдү, | ||
| Канаң айтчы сөзүңдү» | ||
| 140 | Деп,— ошентип Акбалта, | |
| Собол салса Жакыпка, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| Айтып турду дагы кеп. | ||
| Азыр жатып байбичем, | ||
| 145 | Таңга маал турганда, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Батасыз Бакберген, | ||
| Түшүнө кирип мындай дейт: | ||
| «Айланайын кудурет, | ||
| 150 | Атаганат дүнүйө, | |
| Минте берсе байбиче, | ||
| Эптеп тапкан малымдын, | ||
| Эсебин кокуй табабы? | ||
| Түйшүктөп тапкан малымдын, | ||
| 155 | Түбүнө кокуй жетип алабы? | |
| Минте берсе болбойт, ээ, | ||
| Менин түбүмө кокуй жетет, ээ» | ||
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Акбалтага гана муну айтып, | ||
| 160 | Тетиги Карагырдын ойунда, | |
| Кара-Аладан гана канчоо бар, уу, | ||
| Сары-Аладан сандан бар, | ||
| Көк-Аладан гана көптөн бар, | ||
| Сан жылкыдан канча бар? | ||
| 165 | Айланайын гана Акбалта, | |
| Курмандыкка чалууга, | ||
| Ылайыктуу гана мал алып кел» | ||
| Деп,— ошентип турганда, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| 170 | Өзүң көргөн Акбалта, | |
| Ордунан эми тура албай, | ||
| Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
| Кагылайын байым,— деп, | ||
| Астындагы минери, | ||
| 175 | Көк тулпар сындуу ат экен. | |
| Аркы-терки камчы уруп, | ||
| Үзөнгүнү теминип, | ||
| Жөнөп кетти көрдүңбү? | ||
| Эми аны коюп туралы, | ||
| 180 | Үйдө калган Чыйырды, | |
| Ошондон кабар алалы. | ||
| Өзүң көргөн энекең, | ||
| Бакырыгы баш жарып, | ||
| Кыйкырыгы таш жарып, | ||
| 185 | Айланайын балам,— деп, | |
| Кайда кетти кызым,— деп, | ||
| Карагызды чакырып, | ||
| Балакетиң алайын, | ||
| Кагылайын каралдым, | ||
| 190 | Мээнетиңди алайын, | |
| Каракыз бери келчи,— деп, | ||
| Айта турган кебим бар, | ||
| «Тетигинде көрдүңбү? | ||
| Жалгыз өскөн чынар бар, | ||
| 195 | Ал чынардын түбүндө, | |
| Жалгыз чыккан булак бар, | ||
| Ошол чынарга барып кел, | ||
| Кырк чырпыгын кыйып кел, | ||
| Айланайын кызым,— деп, | ||
| 200 | Ал булакка барып кел, | |
| Ошо булактын суусун куюп кел, | ||
| Айланайын кызым,— деп, | ||
| Аманат айттым ушул кеп» | ||
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| 205 | Ошо кезде Каракыз, | |
| Эки күндүк жол экен, | ||
| Керегеде илинген, | ||
| Чоң торпоктун чоң чанач, | ||
| Чоң чаначты алды дейт, | ||
| 210 | Атаганат дүнүйө, | |
| Чоң өгүздү минген,— дейт, | ||
| Ушуң айткан энеси, | ||
| Жалгыз өскөн чынарга, | ||
| Ошого жөнөп кетти,— дейт, | ||
| 215 | Эми аны коюп туралы, | |
| Кечээ кеткен Акбалта, | ||
| Ошондон кабар алалы. | ||
| Өзүң көргөн Акбалта, | ||
| Бай Жакыптын буйругу, | ||
| 220 | Эки кылар ал барбы? | |
| Жокерчилик заманда, | ||
| Деп,— ошентип Акбалта, | ||
| Аркы-терки камчы уруп, | ||
| Астындагы көк тулпар, | ||
| 225 | Желгенине жел жетпей, | |
| Жетип чуркап алыптыр. | ||
| Басканына бал жетпей, | ||
| Башкача арыш алыптыр, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 230 | Аман койгун жаным,— деп, | |
| Жолобосун жоом,— деп, | ||
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| Күнү жүрдү күйүгүп, | ||
| Түнү жүрдү түйүлүп, | ||
| 235 | Таң кашкайып сүрөрдө, | |
| Жерге жарык кирерде, | ||
| Мына ошондо Акбалта, | ||
| Карагырга жеткен,— дейт. | ||
| Ал Карагырдын оюнда, | ||
| 240 | Жайнап жаткан жылкы бар, | |
| Жадыбал жеткис жылкы экен, | ||
| Жетимиштей жылкычы, | ||
| Ал жылкыны кайтарган, | ||
| Жакын келип Акбалта, | ||
| 245 | Бакырыгы баш жарып, | |
| Кыйкырыгы таш жарып, | ||
| Бери кел деп бастырып, | ||
| Эр Ыйманды чакырып, | ||
| Айланайын Ыйманым, | ||
| 250 | Жылкычынын башчысы, | |
| «Бери кел»,— деп чакырып, | ||
| «Кагылайын Ыйманым, | ||
| Курмандыкка чалууга, | ||
| Ушул турган жылкынын, | ||
| 255 | Ичинен бир малды тандап бер», | |
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Жылкынын четинен, | ||
| Тандап көрдү Акбалта. | ||
| 260 | Айланайын кудурет, | |
| Желени карыш болуптур, | ||
| Кула бээни көрүптүр, | ||
| «Айланайын Ыйманым, | ||
| Тетиги Кула бээни алып кел, | ||
| 265 | Ай-туякка чалууга, | |
| Ылайыктуу мал экен», | ||
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| Ошо кезде Ыйманың, | ||
| Элүүдөн өткөн жашы бар, | ||
| 270 | Көрбөгөнү көр болгон, | |
| Азапты жаман көргөн дейт, | ||
| Кезегинде Ыйманың, | ||
| Жалынгандан жалбарып, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| 275 | Акбалтага муну айтат: | |
| «Айланайын Балтам»,— деп, | ||
| «Ушу турган Кула бээ, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Тууй турган маалы»,— деп, | ||
| 280 | Желине карыш болду,— деп, | |
| Тууп калса Кула бээ, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Чыйырды аман-эсен көз жарса, | ||
| Ошогоң тартууга гана берсем деп, ммм | ||
| 285 | Энчилей гана турган малым,— деп, | |
| Көздөп жүргөн жаным,— деп, | ||
| Айланайын гана Акбалтаң, ооой! | ||
| Жаза гана тайып албасам, | ||
| Жаңылып айтып салбасам, | ||
| 290 | Тетигинде гана көрдүңбү? Уу, | |
| Жайнап гана жаткан жылкынын, | ||
| Аркы жаккы четинде, | ||
| Ошондо Камбар-Ата гана дарыган, | ||
| Кайыбынан карылган, | ||
| 295 | Касиеттүү ганаң, мм ээй, мал ошо, | |
| Ай-туякка жарачуу, | ||
| Ылайыктуу гана мала ошоң, ууй», | ||
| Деп,— ошондо Ыйманың, | ||
| Жакын келип бастырып, | ||
| 300 | Ошо кезде жарыктык, | |
| Укурукту бек салып, | ||
| Баягы турган Кара-Айгыр, | ||
| Кара-Айгырды жетелеп, | ||
| Башына нокто салды,— дейт, | ||
| 305 | Ушу турган Балтага, | |
| Жетелеп келип бастырып, | ||
| Колуна нокто тапшырып, | ||
| Айтып турду Балтага: | ||
| «Айланайын Акбалта, | ||
| 310 | Жаза тайып албасам, | |
| Касиеттүү мал ушул, | ||
| Курмандыкка чалууга», | ||
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| Ошо кездең Акбалта, | ||
| 315 | «Макул, макул, макул,— деп, | |
| «Бул айтканың акыл деп, | ||
| Айтканыңдай кылайын, | ||
| Бай Жакыптын өзүнө, | ||
| Буйрук экен айтайын», | ||
| 320 | Деп,— ошентип турганда, | |
| Эми аны коюп туралы, | ||
| Айылда калган бай Жакып, | ||
| Ошондон кабар алалы. | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| 325 | Өөдө-төмөн көп басып, | |
| Кандай шумдук болду деп, | ||
| Кеткениң эки күн болду, | ||
| Качан келет Балта деп, | ||
| Капталымда калмак бар, | ||
| 330 | Калмактар кармап алдыбы? | |
| Кыр жагымда кытай бар, | ||
| Кытайга кире качтыбы? | ||
| Маңдайымда манжуу бар, | ||
| Манжуулар топтошуп, | ||
| 335 | Байлап алдыбы Балтаны, | |
| Кандай шумдук болду,— деп, | ||
| Менин башымды азапка салдыбы? | ||
| Эми кокуй кантейин? | ||
| Кандай айла терейин? | ||
| 340 | Кайда кеттиң Акбалта? | |
| Келе турган маалы деп, | ||
| Мына ошентип тургуча, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Ошо кездең Акбалта, | ||
| 345 | Аркы-терки камчы уруп, | |
| Үзөнгүнү теминип, | ||
| Кирип келди айылга. | ||
| «Айланайын бай Жакып, | ||
| Издегениң табылды, | ||
| 350 | Курмандыкка чалууга, | |
| Ушу турган Кара-Айгыр, | ||
| Кайыбынан кабылган, | ||
| Камбар-Ата даарыган, | ||
| Касиеттүү мал экен, | ||
| 355 | Айтып берди Ыйманым», | |
| Деп,— ошентип айткыча, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| Атадан калган Актинте, | ||
| Актинтени колго алып, | ||
| 360 | Актинте жайын сураба, | |
| Актинтени сурасаң, | ||
| Ошо кезде сураба, | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
| Өз атасы Орозду, | ||
| 365 | Бай Жакыптын колуна, | |
| Берген экен тапшырып. | ||
| Аманатым ушул,— деп, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Кагылайын Жакып,— деп, | ||
| 370 | Укчу балам сөзүм,— деп, | |
| Ушу турган Актинте, | ||
| Абалкы атаң Арыстан, | ||
| Арыстандан калган зат, | ||
| Деп,— ошентип береги, | ||
| 375 | Өз атасы Орозду, | |
| Жакыпка берген тартууга, | ||
| Мына ошондон Актинте, | ||
| Ала калып колуна, | ||
| Өзүң көргөн бай Жакып, | ||
| 380 | Ушул турган жылкыны, | |
| Ыйык жалдан бек кармап, | ||
| Чөгөрүп чөк түшүп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Төрт аягын бек байлап, | ||
| 385 | Эми курмандыкка чалууга, | |
| Камданып калган чагында, | ||
| Ошо кезде сураба, | ||
| Ошо кезде сурасаң, | ||
| Сага жалган, мага чын, | ||
| 390 | Көрүп келген бир жан жок. | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| Өзүң көргөн гана бай Жакып, | ||
| Актинтени баягы, | ||
| 395 | Кокого гана бир урса, | |
| Кайыбына кабылып, | ||
| Кайда экени гана уу көрүнбөй, | ||
| Жерге гана тамган каны жок, | ||
| Мунун учуп кеткен гана жаны жок, | ||
| 400 | Кайда экени билинбей, | |
| Караса гана көзгө илинбей, ууу | ||
| Кайып гана болду кара айгыр, | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
| Арбыды мээнет күнүгө. | ||
| 405 | Айласы гана кетип бай Жакып, | |
| Бул эминенин белгиси, | ||
| Ооо жараткандын гана, ммм, бергени ой, | ||
| Деп,— ошентип турганда, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| 410 | Ал аңгыча болгон жок, | |
| Өзүң көргөн энекең, | ||
| Ий белим кокуй белим,— деп, | ||
| Белимди кокуй жеди,— деп, | ||
| Толгоо тартып алган дейт, | ||
| 415 | Ошо кезде энекең, | |
| Каракызды чакырып, | ||
| Бай Жакыпка айткың деп, | ||
| Атакеңе муну айткың, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| 420 | Атаңдын көрү дүнүйө, | |
| Көз жарып калсам кокустан, | ||
| Ушу турган бай Жакып, | ||
| Жанында турса кандай деп, | ||
| Кыргызда мындай салты жок, | ||
| 425 | Айланайын кудурет, | |
| Элге кеп болуп, | ||
| Уят болсок кандай деп, | ||
| Мына ошентип турганда, | ||
| Айтып оозун жыйганда, | ||
| 430 | Ошо кезде Каракыз: | |
| “Энемдин айткан сөзү” - деп, | ||
| Бай Жакыпка муну айтса: | ||
| “Зайыбым толгоо тартып калыптыр, | ||
| Көз жара турган күнү окшойт. | ||
| 435 | Бу жерге туруп нетейин? | |
| Мен жылкыны көздөй кетейин” | ||
| Деп,— ошентип бай Жакып, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Астындагы мингени, | ||
| 440 | Торучаар сындуу ат экен, | |
| Томуктай болгон мал экен, | ||
| Үстүнө минип бай Жакып, | ||
| Аркы-терки камчы уруп, | ||
| Кара жаак булдурсун, | ||
| 445 | Кармай колго имерип, | |
| «Каң» дегизе Торуну, | ||
| Ошондо капталга тартып жиберип, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Алкынтып миниптир, | ||
| 450 | Ушу турган Карагыр, | |
| Калың жылкы жайначу, | ||
| Ошого жетип барыптыр. | ||
| Эми аны коюп туралы, | ||
| Үйдө калган Чыйырды, | ||
| 455 | Ошондон кабар алалы. | |
| Ошо кездең энекең, | ||
| Төбөм кокуй төбөм,— деп, | ||
| Төбөмдү кокуй жээди,— деп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 460 | Мени бу жээй турган балабы? | |
| Балаң эмес балеби? | ||
| Кантейин кокуй кантейин? | ||
| Кандай айла терейин? | ||
| Бу көрөкчө өлөйүн | ||
| 465 | Кыямат жайды көрөйүн. | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Жаным аман болсо деп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Кокуй, кокуй каран күн, | ||
| 470 | Жараткан жалгыз мен жалгыз, | |
| Менден калар бу жалгыз, | ||
| Ушу курсагымда бала деп, | ||
| Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
| Чымындай жаны чыркырап, | ||
| 475 | Канчалык кыйын болсо да, | |
| Катын эмеспи Чыйырды, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Катуураак ыйлап алды дейт, | ||
| Карагызды чакырып, | ||
| 480 | Ал аңгыча болгон жок, | |
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Айланайын Каракыз, | ||
| Калаадагы катынды, | ||
| Кокуй үйгө жакын койбостон, | ||
| 485 | Токой көздөй айдагын, | |
| Айылдагы аялды, | ||
| Айылга кокуй койбостон, | ||
| Алысыраак айдагын. | ||
| Көрө албаган көз жаман, | ||
| 490 | Айланайын кудурет, | |
| Сүйлөп койсо сөз жаман. | ||
| Балама көзү тийеби, | ||
| Балама сөзү тийеби, | ||
| Айылга аял койбогун, | ||
| 495 | Айланайын Каракыз, | |
| Мээнетиңди алайын, | ||
| Укчуң айткан сөзүмдү, | ||
| Байкадың го өзүмдү, | ||
| Деп,— ошентип Чыйырды. | ||
| 500 | Толгоо тартып тогуз күн, | |
| Тогузунчу күнүндө, | ||
| Күнүндө эмес бешимде, | ||
| Кеч кирип калган мезгилде, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| 505 | Жер силкинип термелди, | |
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Ошо кезде сураба, | ||
| Ошо кезде сурасаң, | ||
| Өзүң көргөн энекең, | ||
| 510 | Айланайын кудурет, | |
| Жатып алса туралбайт, | ||
| Туруп алса жаталбайт, | ||
| Белим кокуй ий белим,— деп, | ||
| Балтырымды жээди,— деп, | ||
| 515 | Кантейин кокуй кантейин, | |
| Деп,— ошондо энекең. | ||
| Көзүнүн жашы оңталаа, | ||
| Мурдунун суусун тарталбай, | ||
| Көзүнүн жашын арталбай, | ||
| 520 | Ыйлап турду буркурап. | |
| Кантейин кокуй кантейин? | ||
| Кандай айла терейин? | ||
| Деп,— ошентип турганда, | ||
| Ошо кезде сураба, | ||
| 525 | Ошо кезде сурасаң, | |
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Каканак суусу шар этип, | ||
| Ммм, баягы турган энекең, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| 530 | Баканды турду кучактап, | |
| Каканак суусу шар этип, | ||
| Баланын үнү бар этип, | ||
| Аягы менен тик түшүп, | ||
| Мына ошондо бу бала, | ||
| 535 | Айланайын кудурет, | |
| Бакырыгы баш жарып, | ||
| Кыйкырыгы таш жарып, | ||
| Муну көрбөй калдың энекең, | ||
| Марту басып карасаң, | ||
| 540 | Эки көзү сүзүлүп, | |
| Ошо жаны кетип барат үзүлүп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Кара басты энеңди, | ||
| Ошо кезде Каракыз, | ||
| 545 | Бала эмеспи энеңе, | |
| Өөдө-төмөн жүгүрүп, | ||
| Доолбасын колго алып, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
| 550 | Ичинен кызың сүйлөнүп, | |
| Мунун бүбүлүгү бар эле. | ||
| Бүүлүнгөндү бүтөгөн, | ||
| Үзүлгөндү уулаган, | ||
| Чачылганды жыйнаган, | ||
| 555 | Кайран энең Чыйырды, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Эки көзү ачылбай, | ||
| Сунган буту тартылбай, | ||
| Жатып алсаң Каракыз, | ||
| 560 | Кантейин кокуй кантейин, | |
| Энекемден айрылсам, | ||
| Бу дүйнөдөн кантип турайын, | ||
| Деп,— ошондо Каракыз, | ||
| Аа дүйнө көздөй безейин, | ||
| 565 | Бу жерге кантип турайын, | |
| Айланайын энеке, | ||
| Ой энекең, энеке, | ||
| Энеке биздин береке, | ||
| Аман жаның кыла көр, | ||
| 570 | Деп,— ошентип Каракыз, | |
| Жаратканга жалынып, | ||
| Көкө Теңир колдо,— деп, | ||
| Умай энем ула,— деп, | ||
| Жаратканым жалга,— деп, | ||
| 575 | Суу атасы суу мерген, | |
| Суу мерген өзүң колдо,— деп, | ||
| Тоо атасы тоо мерген, | ||
| Тоо мерген өзүң жалга,— деп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 580 | Кантейин кокуй кантейин? | |
| Энелүү адам зор экен, | ||
| Энемди жутуп алсам мен кор экен, | ||
| Кантейин кокуй кантейин? | ||
| Ой энеке, энеке! | ||
| 585 | Энемдин жаны аман калса деп, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Балаң эмне болсо, аа болсун, | ||
| А дүйнө сапар тартсын деп, | ||
| Энем аман калсын деп, | ||
| 590 | Мына ошондо Каракыз, | |
| Ойлогону ушундай. | ||
| Энекесин ойлоду, | ||
| Каалаганы момундай. | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 595 | Бүбүлүгүң ушундай, | |
| Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
| Ичинен байкуш сүйлөнүп, | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| Бир жерге такыр туралбай. | ||
| 600 | Айланайын энеке, | |
| Ой энекең, энеке, | ||
| Жаныңды аман кала көр, | ||
| Жаның аман калсын деп, | ||
| Жаратканга жалынып, | ||
| 605 | Ата-бабаң арбагын, | |
| Атын айтып чакырып. | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Энемдин жанын аман сактай көр, | ||
| Деп,— ошентип тургуча, | ||
| 610 | Айтып оозун жыйгыча, | |
| Ошо кезде энекең, | ||
| Эки көзү ачылып, | ||
| Умаштай көзү ачылып, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 615 | Сага жалган мага чын, | |
| Жараткандын иши экен. | ||
| Ошо кезде энекең, | ||
| Күңгүрөнүп күүлөнүп, | ||
| Айтып турду сүйлөнүп. | ||
| 620 | Баламды алып келчи деп, | |
| Эркек бекен, кыз бекен? | ||
| Айтып ийчи тез деп, | ||
| Мына ошентип айтканда, | ||
| Ошо кезде баягы, | ||
| 625 | Өзүң көргөн Каракыз, | |
| Тогуз кездей оромол, | ||
| Оромолду колго алып, | ||
| Орой салды баланы. | ||
| Мына ошондо жарыктык, | ||
| 630 | Энесине тапшырып, | |
| Ой энеке койчу,— деп, | ||
| Балаң менен балэ кал! | ||
| Ушу турган жаның,— деп, | ||
| Жаның аман калса,— деп, | ||
| 635 | Тилегеним момундай | |
| Өз камын жеп ыйлап, | ||
| Өзүң көргөн Каракыз, | ||
| Мунуң минтип турганда, | ||
| Ошо кезде энекең, | ||
| 640 | Ала калып баланы, | |
| Айланайын кудурет! | ||
| Чормоюп турган чочогун, | ||
| Эми көрүп алды эми, | ||
| Айланайын кудурет! | ||
| 645 | Жаратканым колдо,— деп, | |
| Берген экен өзү,— деп, | ||
| Оң эмчегин салганы, | ||
| Оң эмчегин салганда, | ||
| Оболкусу сүт чыгып, | ||
| 650 | Экинчиси суу чыгып, | |
| Үчүнчүсү кан чыгып, | ||
| Байбичеден жан чыгып, | ||
| Ий кокуй кантет деп, | ||
| Кандай айла терем деп, | ||
| 655 | Жанымды кокуй алабы? | |
| Ушу турган бу бала, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Жанымды кокуй кыябы? | ||
| Деп,— ошондо сураба, | ||
| 660 | Мына ошондо сурасаң, | |
| Ошо кезде Чыйырды, | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
| Жараткандын кылган иши экен, | ||
| Мына ошондо байкасаң, | ||
| 665 | Эки күнү ай чыкпай, | |
| Алты күнү күн чыкпай, | ||
| Жердин үстү термелди, | ||
| Ал аңгыча болгон жок, | ||
| Оң жагынан баланын, | ||
| 670 | Кара чаар кабылан, | |
| Капталында камынды, | ||
| Көсө куйрук көк арстан, | ||
| Көт жагында чамынды, | ||
| Жети дөбөт көк бөрү, | ||
| 675 | Тегеректеп курчады, | |
| Төбө жагын карасаң, | ||
| Бу баланы байкасаң, | ||
| Төбө жактан баягы, | ||
| Куш төрөсү будайык, | ||
| 680 | Чеңгелин сунган арбайтып, | |
| Канатын жайган калдайтып, | ||
| Ач ажыдаар айлантып, | ||
| Алты айланып алыптыр, | ||
| Муну көрүп баягы, | ||
| 685 | Өзүң көргөн Каракыз, | |
| Бүбүлүгү бар эле, | ||
| Көз ачыктык жайы бар, | ||
| Муну көрүп Каракыз, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| 690 | Жантасилим болду эле, | |
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| Маңдайга жазган ушу экен, | ||
| Чече албады көп ойлоп, | ||
| 695 | Өзүң көргөн баягы, | |
| Өзүң көргөн энекең, | ||
| Каракызды козгоду, | ||
| Айланайын кызым,— деп, | ||
| Мээнетиңди гана алайын, ооо, | ||
| 700 | Койгун кызым, койгун,— деп, | |
| Бу жалганга мени калтырба, | ||
| Куу баш кылып атыкпа, | ||
| Кантейин гана балам кантейин? | ||
| Койгун балам, койгун деп, | ||
| 705 | Айта турган гана кебим бар, ооо, | |
| Акбалтанын зайыбы, | ||
| Актинтени гана чакыр деп, | ||
| Акчайымды чакыр деп, | ||
| Акчайым деп гана бакырып, | ||
| 710 | Үйдөн чыкты Каракыз, | |
| Эсине келип жарыктык, | ||
| Согончогу шак этип, | ||
| Май куйрукка так этип, | ||
| Ошо кезде Акчайым, | ||
| 715 | Атаганат дүнүйө, | |
| Кандай гана шумдук болду деп, | ||
| Атаганат дүнүйө, | ||
| Арбыды мээнет күнүгө, | ||
| Оо байбичең гана аман калдыбы? | ||
| 720 | Балаң менен опат кал, | |
| А байбиче гана аман барбы,— деп, | ||
| Акчайым собул салганда, | ||
| Ошо кезде Каракыз, | ||
| Айланайын жеңеке, | ||
| 725 | Ой жеңеке, жеңеке, | |
| Энем аман калды,— деп, | ||
| Оой айланайын кудурет, | ||
| Оой баланы тапкан энем,— деп, | ||
| Оой баладан аман калды,— деп, | ||
| 730 | Кагылайын жеңеке, | |
| Ой жеңеке, жеңеке, | ||
| Энекемдин буйругу, | ||
| Ой Акбалта абамды чакыр,— деп, | ||
| Балта абамды чакыр,— деп, | ||
| 735 | Айта турган кеби бул, | |
| «Бай Жакыпка барсын,— дейт, | ||
| Сүйүнчүлөп айтсын,— дейт, | ||
| Байбичең эркек тууду,— деп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 740 | Ээриккенде байбиче, | |
| Эркек тапты сүйүнчү», | ||
| Деп,— ошентип айтсын деп, | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө, | ||
| Кудай бетин көргөзбө, | ||
| 745 | Ошо кезде Акчайым, | |
| Аттап-буттап үйүнө, | ||
| Кирип барды төрүнө, | ||
| Төрдө жаткан баягы, | ||
| Эчтеме менен иши жок, | ||
| 750 | Өзүң көргөн Акбалта, | |
| Куш жаздыкты жазданып, | ||
| Жаткан экен жарыктык, | ||
| Акчайым айтат мындай,— деп, | ||
| «Айланайын Акбалта, | ||
| 755 | Ой байбичең эркек тууду,— деп, | |
| Сүйүнчүлөп баргын,— дейт, | ||
| Бай Жакыптын өзүнө, | ||
| Барып айткын кабарды, | ||
| Сүйүнчүсүн алгын,— деп, | ||
| 760 | Сүйүнчүсүн берет,— деп, | |
| Калыңдап берет сүйүнчү». | ||
| Ошонун бирин калтырбай, | ||
| Айланайын Балта,— деп, | ||
| Мына ошондо Акчайым, | ||
| 765 | Акбалтага муну айтса, | |
| Ошо кезде Акбалта | ||
| Макул, макул, макул,— деп, | ||
| Айтканыңдай кылам,— деп, | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| 770 | Өзүң көргөн баягы, | |
| Көк Тулпарды токунуп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Карагыр көздөй бет алып, | ||
| Күн эки күн жол жүрүп, | ||
| 775 | Ат аябай мол жүрүп, | |
| Ошо кезде Акбалта, | ||
| Жетип барды кырына, | ||
| Айтып турду мындай деп: | ||
| «Ой сүйүнчү, сүйүнчү, | ||
| 780 | Бакырыгы баш жарып, | |
| Кыйкырыгы таш жарып, | ||
| Колундагы баягы, | ||
| Доолбосту бир уруп, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| 785 | Ой жоголордо байбичең, | |
| Жолборс тапты сүйүнчү! | ||
| Эриккенде байбичең, | ||
| Эркек тапты сүйүнчү! | ||
| Каарыганда байбичең, | ||
| 790 | Каралды тапты сүйүнчү! | |
| Ой сүйүнчү, сүйүнчү! | ||
| Сүйүнчүм гана»,— деп, | ||
| Мына ошондо Акбалта | ||
| Бай Жакыпка муну айтса, | ||
| 795 | Ошо кезде бай Жакып, | |
| Карыш тартып кулагы, | ||
| Кана кайталачы дагы,— деп, | ||
| Мына ошентип алганда, | ||
| Ошо кезде Акбалта, | ||
| 800 | Жакын келди бастырып, | |
| А бай Жакыпка муну айтат: | ||
| «Айланайын байым,— деп, | ||
| Жоголоордо байбичең, | ||
| Жолборс тапты сүйүнчү! | ||
| 805 | Каарыганда байбичең, | |
| Кабылан тапты сүйүнчү! | ||
| Эриккенде байбичең, | ||
| Эрмек тапты сүйүнчү! | ||
| Айланайын байым»,— деп, | ||
| 810 | Мына ошондо Акбалта, | |
| Айтып турса Жакыпка, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Кудайымдын бергени, | ||
| 815 | Жаратканым жалга,— деп, | |
| Жараткан жалгыз мен жалгыз, | ||
| Менден калган бул жалгыз, | ||
| Деп,— ошондо кудайым, | ||
| Өзү Кудай жалында, | ||
| 820 | Ошо кезде бай Жакып, | |
| Айланайын кудурет, | ||
| Атадан калган тулпары, | ||
| Тору-Чаарды минген дейт, | ||
| Томуктай болгон булдурсун, | ||
| 825 | Эми Томукту көздөй урду,— дейт, | |
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Тоо аралап жүрдү,— дейт, | ||
| Өзү турган айылы, | ||
| Айылына келди,— дейт, | ||
| 830 | Күн эки күн жол жүрүп, | |
| Ат аябай мол жүрүп, | ||
| Жакын келип айылга, | ||
| Бакырыгы баш жарды, | ||
| Айланайын балам,— деп, | ||
| 835 | Аман берсең бэргин,— деп, | |
| Мына ошентип айтканда, | ||
| Үйдөн чыгып Акчайым, | ||
| Сүйүнчүңүз канаке, | ||
| Ой сүйүнчү, сүйүнчү, | ||
| 840 | Ээриккенде байбичең, | |
| Эркек тапты сүйүнчү! | ||
| Деп,— ошентип турганда, | ||
| Жоо душманга күйүнчү, | ||
| Жакындарга сүйүнчү! | ||
| 845 | Деп,— ошентип турганда, | |
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| Үстүндөгү баягы атынын, | ||
| Күмүш каңкы ээр токумду, | ||
| Ошону гана чечип берди эми, | ||
| 850 | Сүйүнчүңө ушул,— деп, | |
| Арты гана болсун тулпар,— деп, ооо, | ||
| Жакын келип бай Жакып, | ||
| Он эки канат өөргөгө, | ||
| Кирбей баш багып, | ||
| 855 | Ошо кезде караса, | |
| Кайран энең Чыйырды, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Чыйырды жайын сураба, | ||
| Чыйырды жайын сурасаң, | ||
| 860 | Айланайын кудурет, | |
| Айласын таппай кыйналып, | ||
| Жаткан экен бул ирет, | ||
| Мына ошондо Чыйырды, | ||
| Баласын бекем кучактап, | ||
| 865 | Сол эмчегин салганы, | |
| Сол эмчегин салганда, | ||
| Оболкусу сүт чыгып, | ||
| Экинчиси суу чыгып, | ||
| Үчүнчүсү кан чыгып, | ||
| 870 | Байбичеден кан чыгып, | |
| Жаны кейип турганда, | ||
| Ошо кезде бай Жакып, | ||
| Жакын келип кудурет, | ||
| Ушу турган баягы, | ||
| 875 | Булдурсунун колго алып, | |
| Чекесине тийгизип, | ||
| Коркурата бир жыттап, | ||
| Аман болсун бала,— деп, | ||
| Оо жараткан кудурет, | ||
| 880 | Өмүрүң узун болсун,— деп, | |
| Ушул узун өмүрдө, | ||
| Бакыт-таалай болсун,— деп, | ||
| Астына так болуп, | ||
| Кылган иши ак болуп, | ||
| 885 | Жаратканым жалгасын, | |
| Умай эне уласын, | ||
| Алтай ээси колдосун, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Жол атасы Жол Акмат, | ||
| 890 | Жол Акмат дайым жолдосун, | |
| Кол атасы Кол Акмат, | ||
| Дайым муну колдосун, | ||
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| Ошо кезде сураба, | ||
| 895 | Ошо кезде сурасаң, | |
| Өзүң көргөн Чыйырды, | ||
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Тоюна токсон соёлу, | ||
| Тоо башында топоз бар, | ||
| 900 | Топоздон токсонду алдыртып, | |
| Тоюна эми соёлу, | ||
| Жылгада жаткан жылкыдан, | ||
| Жетимишти соёлу, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| 905 | Жэнтекти мыктап берели, | |
| Айланайын байым,— деп, | ||
| Айтканындай болсун,— деп, | ||
| Жакын менен алысты, | ||
| Бери кел,— деп чакырып, | ||
| 910 | Бай Жакып уулду болду,— деп, | |
| Атын кандай коём,— деп, | ||
| Айласы кетип түгөнгөн, | ||
| Жаман менен жакшыны, | ||
| Алыс менен жакынды, | ||
| 915 | Баарын бирдей чакырып, | |
| Тогуз күнү той кылып, | ||
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Тогузунчу күнүндө, | ||
| Токтоналбай түгөнгүр, | ||
| 920 | Эми кокуй кантем,— деп, | |
| Баламдын аты кандай,— деп, | ||
| Атын кандай койсом,— деп, | ||
| Айласы кетип бай Жакып, | ||
| Өөдө-төмөн көп басып, | ||
| 925 | Мына ошентип турганда, | |
| Ошо кезде сураба, | ||
| Ошо кезде сурасаң, | ||
| Өзүң көргөн баягы, | ||
| Кайыбынан кабылып, | ||
| 930 | Ак сакалчан думана, | |
| Өзү кудай жолунда, | ||
| Аса таяк колунда, | ||
| Кайыбынан кабылып, | ||
| Кайдан келди билбейбиз, | ||
| 935 | Ошо кезде береги, | |
| Жакын келип Жакыпка, | ||
| Берчи балаң колума, | ||
| Деп,— ошентип думана, | ||
| Ала калып колуна, | ||
| 940 | Көктү көздөй каратып, | |
| “Аман болсун балаң!” — деп, | ||
| “Кундак боосу бек болсун! | ||
| Кылган иши ак болсун! | ||
| Астына минээр так болсун!” | ||
| 945 | Деп,— ошондо жарыктык | |
| Теңирим өзү тескесин, | ||
| Умай эне уласын, | ||
| Жаратканы жалгасын, | ||
| Узун болсун өмүрү, | ||
| 950 | Ал өмүрдүн ичинде, | |
| Бакыт берсин Кудайым, | ||
| Деп,— ошентип думана, | ||
| Аты болсун «Манас» деп, | ||
| Кылган иши ак болсун | ||
| 955 | Деп,— ошондо кудайым, | |
| Өзүң көргөн думана, | ||
| Кайда экени билинбей, | ||
| Караса көзгө илинбей, | ||
| Кайып болду көрдүңбү? | ||
| 960 | Муну көрүп бай Жакып, | |
| Аң-таң болду көрдүңбү? | ||
| Бармак тиштеп баш чайкап, | ||
| Кандай шумдук болду,— деп, | ||
| Аты «Манас» болду деп, | ||
| 965 | «Манас» атка конду деп, | |
| Азан айтып чакырып, | ||
| Кулагына шыбырап, | ||
| Жаратканга жалынып, | ||
| Жетимиш ата арбагын, | ||
| 970 | Атын айтып чакырып, | |
| Ата-бабам арбагы, | ||
| Ар качандан бир качан, | ||
| Арбагы колдоп жүрсүн,— деп, | ||
| Жаратканым жалгасын, | ||
| 975 | Теңирим өзүң теске,— деп, | |
| Мына ошондо бай Жакып, | ||
| Кудай бетин салбай кал, | ||
| Жалпылардын алдына, | ||
| Баласын алып көтөрүп, | ||
| 980 | А батаң алып тиледи, | |
| Ооо Кудайым кылган иши экен, | ||
| Ошону менен бай Жакып, | ||
| «Манас» уулду болду,— деп, | ||
| Жакындарга «Манас» деп, | ||
| 985 | Билбегенге аты деп, | |
| Айта турган ушу кеп, | ||
| Айланайын кудурет, | ||
| Чоң тентек болсун деп, | ||
| Ошону менен бай Жакып, | ||
| 990 | Жарыя кылды жалпыга, | |
| Жалпы кыргыз журтуна, | ||
| Кырк үйлүү түтүнгө, | ||
| Айтып турду күбүлө, | ||
| Айланайын кыргыздар, | ||
| 995 | Айта турган ушу иш, | |
| Ушу турган балам,— деп, | ||
| Баламын аты Манас болсун,— деп, | ||
| Билбегендин баарына, | ||
| Жоо душман касыма, | ||
| 1000 | Аты болсун Тентек, | |
| Деп,— ошентип айтканда, | ||
| Ошону менен баардыгы, | ||
| Антын берди Жакыпка, | ||
| Айтайын макул айтайын, | ||
| 1005 | Айланайын кудурет, | |
| Кол куушуруп баягы, | ||
| Кырк үйлүү кыргыз журт, | ||
| Ошо кезде жарыктык, | ||
| Солбуй басып жүгүнүп, | ||
| 1010 | Сол тизеден бүгүнүп, | |
| Олбуй басып жүгүнүп, | ||
| Оң тизеден бүгүнүп, | ||
| Келин болуп жүгүнүп, | ||
| Баары берди антын,— дейт, | ||
| 1015 | Бай Жакыптын өзүнө, | |
| Карарган гана кара көзүнө. |