Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Адам укуктары боюнча жайкы мектеп

Адам укуктары боюнча жайкы мектеп

 

Борбордук Азиядагы Америка Университети Сизди Адам укуктары боюнча жайкы мектепке катышууга чакырат!

“Борбор Азиядагы адам укуктарынын көйгөйлөрү” деп аталган жайкы мектеп аймактагы адам укуктарын коргоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аянтча болмокчу. Катышуучулар авторитаризм, коррупция, технология, искусство, экология, экономика, коммуникация жана конфликттердин адам укуктарына тийгизген таасирин изилдешет.

Жайкы мектеп программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Борбордук Азияда БУУнун келишимдик сунуштарын ишке ашыруудагы кыйынчылыктар
  • Борбордук Азиядагы адам укуктарынын экономикасы
  • Эл аралык кылмыштардын контекстинде Борбор Азиядагы адам укуктары
  • Искусстводогу адам укуктары
  • Адам укуктары жана технология
  • Адам укуктары боюнча стратегиялык соттук териштирүүлөр
  • Борбор Азияда аялдарга карата зомбулукка каршы күрөш
  • Борбор Азиядагы адам укуктары жана коррупция
  • Борбор Азиядагы адам укуктары жана инвестиция
  • Борбордук Азиядагы адам укуктары жана экологиялык көйгөйлөр
  • Адам укуктары жана коммуникациялар

Негизги даталар:

  • Каттоонун акыркы мөөнөтү: 2023-жылдын 12-майы
  • Жайкы мектеп күнү: 2023-жылдын 19–30-июнь (БААУ кампусу)

Кимдер катыша алат? Жайкы мектепке Борбор Азиядан келген бардык адамдар, анын ичинде студенттер, активисттер жана жарандык коомдун мүчөлөрү катыша алат.

Кандай шарттар бар?

  • Катышуу акысыз
  • БААУ Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 10 катышуучуга каржылык колдоо көрсөтөт (учуу жана жатакана).
  • Жайкы мектептин жумушчу тили орус тили болот
  • Катышуучулар аяктагандан кийин расмий сертификат алышат
  • Жайкы мектеп учурунда Ысык-Көлгө бир күндүк экскурсия пландаштырылган

Кантип катталса болот? Катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу каттоо формасын толтуруңуз:

https://forms.gle/sn8yPbVEYWLAr7w66

Суроолор барбы? Суроолоруңуз болсо, төмөнкү дарекке кайрылыңыз: toktogazieva_s@auca.kg

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028