Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Ачык лекциялар

Ачык лекциялар

 

Изоляция жана стресс: Жаңы шарттардагы жашоо

Биздин борбор менталдык ден соолук боюнча адистердин катышуусунда COVID-19 пандемиясынын адамдардын психологиялык абалына тийгизген таасирин талдаган онлайн семинарлар сериясын уюштурду. БААУнун Консультация кызматынын адистери коркунучтуу эмоциялар менен күрөшүү, чектен чыккан коркуу сезимин жеңүү жана жаңы оор шарттарга ыңгайлашууга жардам бере турган натыйжалуу ыкмаларды сунушташты.

Учурдагы COVID-19 пандемиясы шартында биз күн сайын дүйнөлүк “алдыңкы саптан” маалыматтарды алып турабыз: ооругандардын саны тездик менен өсүүдө, үрөй учурган өлүм көрсөткүчтөрү, ар түрдүү жана карама-каршылыктуу божомолдор, өлкөлөрдөгү саламаттыкты сактоо системаларынын кыйроосу, өкмөттөрдүн шашылыш жана ойлонулбаган чечимдери.

Мунун баары бизге кандай таасир этет? Окуялардын жүрүшү белгисиз болгон учурда, адамдын аң-сезимине сокку урулуп, ашыкча коркуу сезими, тынчсыздануу жана анын натыйжасында кыйратуучу жүрүм-турум пайда болот. Чындыгында, коом "кошумча бонус" катары адамдарга коркуу жана паника вирусун жуктурган абалды алат, ал вирустун таралышы өзүбүз туш болгон вируска караганда алда канча тезирээк.

2020-жылдын 17-24-апрель жумалыгында жалпы төрт вебинар өткөрүлүп, алар "Кактус медиа" маалымат агенттиги аркылуу өлкө боюнча онлайн көрсөтүлгөн. Вебинарлар миңдеген көрүүчүлөрдүн, суроолорунун жана пикирлеринин толкунун жаратты. Ар бир вебинарда ар башка психологдор белгилүү бир теманы талкуулап, интерактивдүү режимде көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.

 

Бул вебинарларды CCEнин YouTube барагынан көрүүгө болот:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028