27 июня 2023
#чынгыз.шамшиев#chingiz.shamshiev
Он также заметил, что равный доступ всех к качественному образованию должен быть стратегическим приоритетом государства
Много лет назад во время интервью о качестве в системе высшего образования вице-президент АУЦА Чынгыз Шамшиев особо отметил, что государству необходимо оказать поддержку вузам страны. Он тогда подал идею, что хотя бы пяти университетам нужно предоставить академическую и финансовую свободу. По прошествии этих лет пять государственных университетов на сегодня получили особый статус и могут самостоятельно разрабатывать свою учебную программу, исходя из потребностей рынка и студентов, а также распоряжаться финансовыми ресурсами учебного заведения.
Корреспондент Vesti.kg обратился за комментарием к вице-президенту АУЦА, доктору экономических наук, почетному доктору наук НАН КР Чынгызу Шамшиеву.
— Да, действительно, у нас с вами когда-то был разговор об этом, я сейчас припоминаю, — сказал он. — Впоследствии был указ президента, внесли изменения в закон об образовании. Я считаю, что это хорошая инициатива. Образование — это прежде всего забота государства. Хорошее образование и наука не могут основываться исключительно на рыночных принципах. Нужно создавать равные условия для всех. А они у всех разные, есть богатые и не очень. Если опираться на рыночные принципы, то качественное образование смогут получить только те, у кого хорошие стартовые условия. Многие талантливые дети, которые родились в семьях со скромными доходами, будут обделены в доступе к хорошему образованию. От этого будет проигрывать прежде всего государство.
При этом Шамшиев отметил, что качественное образование — это не только инфраструктура.
— Качественное образование — это не только инфраструктура, — продолжил он. — К сожалению, у нас строится много школ по старому типу, которые не соответствуют получению качественного образования. Помимо зданий, это прежде всего люди. И пока мы значительно не повысим заработную плату преподавательскому составу и научным работникам, не выстроим систему привязки оплаты к подготовке, то есть к базовому обучению и повышению квалификации, переподготовке преподавателей, никакие реформы не дадут положительного результата. Можно что угодно менять и перестраивать, но пока не будут решены эти два вопроса: оплата труда и подготовка преподавателей, ничего не изменится. И это забота государства. И это не вопрос одного дня или года. Нужно системно работать сейчас, чтобы через 10-20 лет получить результат. Например, Финляндия в начале 2000-х выстрелила высокими рейтингами в системе PISA, но причиной этому стали реформы, которые запустили в 60-70-х годах прошлого века. Было много критики, непризнания, нареканий. Но, как только рейтинги повысились, все признали, что реформы были правильными. На это потребовалось 30 лет. Поэтому это долгосрочная перспектива, и ни одна коммерческая структура за это не возьмется. Это должно быть стратегическим приоритетом государства.
Кроме того, Чынгыз Шамшиев заметил, что юридические основы для формирования пяти флагманских университетов созданы.
— Государство выделило пять флагманских университетов, — пояснил он. — Они пока флагманы в потенциале. Если честно, то ситуация в этих национальных университетах плачевная, но созданы юридические условия, чтобы они стали таковыми. Пока реального финансирования за всем этим нет, но первый важный шаг сделан. И теперь нужно решать вопрос финансирования и качества преподавателей. А это вопрос не одного дня. Специалистов надо готовить. К сожалению, за 30 лет специалисты уезжали за рубеж или уходили в бизнес. Конечно, вернуть их обратно можно, но это трудно. Надо думать о том, чтобы ребята, которые обучаются сейчас, были готовы работать в местной системе образования. И для этого необходимы хорошие оплата труда и среда, где они будут работать. То есть коллектив и руководство учебного заведения должны быть заинтересованы в их развитии. Даже если предложить высокую зарплату, но будут постоянные нападки, не будут ценить интеллект и труд молодого человека, нет дальнейшего профессионального развития, то он уйдет с работы. Чем отличается нынешняя молодежь от более старшего поколения? Они больше ценят второй аспект — интеллектуальное, профессиональное и духовное развитие.
Накануне состоялось торжественное открытие нового здания Института сейсмологии — консорциума между АУЦА и НАН КР, объединение науки и образования.
В свою очередь президент НАН КР Канатбек Абдрахматов особо отметил роль Чынгыза Шамшиева в реализации данного проекта.
— Я знал, что у знаменитого режиссера Болота Шамшиева есть сын и дочь, но не был лично знаком с ними, — сказал он. — И я очень рад знакомству с Чынгызом Шамшиевым. Он мне стал родным, как младший брат. Именно он стоял от начала и до завершения проекта. Лично контролировал каждый этап реализации. Благодаря ему, Чынгызу Болотбековичу, Институт сейсмологии получил новое и комфортное здание.
Безусловно, был создан очень хороший прецедент государственно-частного партнерства. И Акылбек Жапаров выразил надежду на то, что данный проект послужит хорошим примером для других организаций.
При этом Чынгыз Шамшиев заметил, что у государственно-частного партнерства большой потенциал.
— Потенциал у государственно-частного партнерства огромный, — заявил он. — Если подходить к этому делу с умом и желанием, то можно многого добиться. Таким образом можно привлекать средства для развития науки и инфраструктуры. Это все связано, когда у вас хорошая инфраструктура, то легче привлекать партнеров и доноров. И наоборот, когда есть доноры, проще создать инфраструктуру. Главное, чтобы правительство это поддерживало. От открытости и гибкости людей, принимающих решение на различных государственных уровнях, многое зависит. Мы запустили наш проект в 2016 году и через семь лет завершили строительство. Это большой срок. Были периоды, когда мы думали, что, наверное, уже ничего не получится, но продолжали работать. Когда что-то делаешь по новой схеме, по новой модели, нужно набраться терпения, чтобы всем досконально все объяснить. Чтобы было понимание у людей, в чем выгода для страны. У АУЦА миссия социальная — это образование и развитие науки, нет никакой коммерции. Находить деньги для некоммерческих проектов сложнее, но реализовать в юридической плоскости проще. Для коммерческого проекта легче найти инвестора, но нужно объяснять, в чем выгода для государства. Нужна тонкая настройка партнерства. Я хочу поблагодарить всех людей в государственных структурах, которые в разные годы на разных уровнях принимали решения. Они все отстаивали интересы государства. И я очень рад, что у нас много таких людей. Я горжусь ими всеми.
Статья опубликована на новостном портале Vesti.kg: https://vesti.kg/zxc/item/113572-chyngyz-shamshiev-u-autsa-missiya-sotsialnaya-razvitie-nauki-i-obrazovaniya.html.
***
Чыңгыз Шамшиев: БААУнун миссиясы социалдык - билим берүү жана илимди өнүктүрүү
Ал ошондой эле сапаттуу билимге жетүү мамлекеттин стратегиялык приоритети болушу зарылдыгын белгиледи.
Мындан көп жыл мурда БААУнун вице-президенти Чынгыз Шамшиев билим берүү системасынын сапаты тууралуу берген маегинде мамлекеттин ЖОЖдорго колдоо көргөзүүсү зарыл экендигин баса белгилеген. Ошондо ал жок дегенде 5 университетке академиялык жана каржылык эркиндик берүү идеясын айтып чыккан. Арадан жылдар өтүп, мына бүгүнкү күндө 5 мамлекеттик университет өзгөчө статуска ээ болду. Эми алар рынок менен студенттердин суроо-талабына ылайык, окутуу программаларын өз алдынча иштеп чыгуу жана ошондой эле каржылык ресурстарды эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурушат.
Vesti.kg`нин кабарчысы бул тууралуу оюн сурап БААУнун вице-президенти, КРнын УИАнын ардактуу доктору Чынгыз Шамшиевге кайрылды.
- Ооба мындай сүйлөшүү качандыр бир кезде болгон, мен азыр эстеп атам,- деди ал. - Жыйынтыгында президенттин жарлыгы чыгып, билим берүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Мен муну абдан жакшы демилге деп эсептейм. Билим берүү - бул эң оболу мамлекеттин милдети. Жакшы билим берүү менен илим рыноктук принциптерге гана негизделе албайт. Баары үчүн бирдей шарттарды жаратуу абзел. Чынында азыркы учурда шарттар бирдей эмес, анткени байлар жана шарты чектелүүлөр бар. Эгер рыноктук принциптерге гана таянсак, анда сапаттуу билимди баары эле ала алышпайт. Таланттуу бирок мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөдө жашаган балдар сапаттуу билим алууда тосколдуктарга кабылып калуусу мүмкүн. Мындан көбүн эсе мамлекет уттуруп коет.
Шамшиев белгилеп кеткендей, сапаттуу билим - бул инфраструктура гана эмес.
- Сапаттуу билим - бул инфраструктура гана эмес,- дейт ал. - Тилекке каршы бизде эски типтеги жаңы мектептер көп курулууда, бирок алар сапаттуу билим алууга туура келбейт. Имараттан тышкары жакшы кадрлар керек. Окутуучулук курам менен илимий кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлбөсө, билим берүүнүн акысынын системасы даярдоо системасы менен айкалыштырылбаса, анда эч кандай реформалар жагымдуу жыйынтыктарга алып келбейт. Каалаган нерсени өзгөртүү мүмкүн, бирок төмөнкү 2 маселе чечилбесе анда эч нерсе өзгөрбөйт: эмгек акы жана окутуучуларды даярдоо. Бул мамлекеттин милдети. Бул бир күндүк же жылдык маселе эмес. Системалык түрдө азыр иштеп башташ керек. Мына ошондо 10-20 жылдан кийин жыйынтык жаралат. Мисалы 2000-жылдардын башында Финляндия PISA системасында жогорку рейтингдерди көрсөтө баштаган. Буга өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы реформалар себепчи болгон. Аларда да ошол мезгилде көптөгөн сындар айтылган, каршы чыгуулар болгон. Бирок рейтингдер көтөрүлгөндө баары туура жасалганын түшүнүшкөн. Буга 30 жыл керектелди. Андыктан бул узак мөөнөттүү иш-аракеттер жана ал үчүн эч кандай коммерциялык мекемелер жоопкерчилик алышпайт. Бул мамлекеттин стратегиялык приоритети болушу зарыл.
Мындан тышкары Чынгыз Шамшиев беш флагмандык университетиттин калыптануусу үчүн юридикалык негиз жаралганын айтып өттү.
- Мамлекет 5 флагмандык университетти белгиледи,- деп түшүндүрдү ал. - Алар азырынча ишке аша элек флагмандар. Ал улуттук университеттерде абал начар, анткени алардын ошондой болуусу үчүн юридикалык негиздер түзүлгөн. Азырынча реалдуу каржылоо жок болгону менен алгачкы кадам жасалды. Эми каржылоо менен окутуучулардын сапатына байланышкан маселелерди чечүү керек. Ал эми бул маселе дароо чечилип калбайт. Адистерди даярдоо керек. Тилекке каршы 30 жыл аралыгында адистер чет өлкөгө кетип калышты же бизнеске өтүп кетишти. Албетте аларды кайтарууга болот, бирок өтө кыйын. Эми учурда окуп жаткан жаштарды жергиликтүү билим берүү системасында алып калууну ойлонуу маанилүү. Ал үчүн жакшы эмгек акысы жана жагымдуу чөйрөнү түзүү керек. Башкача айтканда окуу жайдын жетекчилиги менен жамааты алардын өнүгүүсүнө кызыкдар болуусу керек. Эгер айлык акысы жакшы болсо да, бирок жөнү жок асылуулар менен айыптоолор орун алып, эмгеги бааланбаса, кесипкөйлүк жактан өнүгүүгө шарттар түзүлбөсө, анда алар жумуштан кетип калышат. Бүгүнкү күндүн жаштары улуу муундан эмнеси менен айырмаланат? Алар экинчи аспектини баалашат - интеллектуалдык, кесипкөйлүк жана руханий жактан өнүгүүнү.
Кечээ жакында БААУ менен КРнын УИАнын консорциумунун негизинде курулган Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жаш өлкөнүн тарыхында биринчи жолу жеке менчик университет, Илимдер академиясы жана Эл аралык донорлор Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн өнөктөштүктө иш алып барганын белгиледи.
Өз кезегинде КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов аталган долбоорду ишке ашырууда Чынгыз Шамшиевдин ролун өзгөчө белгилеп өттү.
- Мен атактуу режиссерубуздун уулу менен кызы бар экенин билчүмүн, бирок алар менен жеке тааныш эмес элем, -деди ал. - Чынгыз Шамшиев менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Ал мага кичүү инимдей эле жакын болуп калды. Ал долбоордун башынан аягына чейин турду. Ишке ашыруунун ар бир этабын көзөмолдөп жатты. Чынгыз Болотбековичтин жардамы менен институт жаңы жана ыңгайлуу имаратка ээ болду.
Талашсыз түрдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жакшы преценденти түзүлдү. Акылбек Жапаров аталган долбоор башка уюмдар үчүн да жакшы мисал болоруна ишеним билдирди.
Ал эми Чынгыз Шамшиев мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн келечеги чоң экенин эскертти.
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн дарамети абдан чоң, - деди ал. - Эгер мындай ишке акыл калчап, чоң кызыгуу менен киришсе, анда көп нерселерге жетишүүгө болот. Мындай жол менен илим жана инфраструктураны өнүктүрүүгө чоң каражаттарды табууга болот. Мунун баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Эгер инфраструктура жакшы болсо, анда өнөктөштөр менен донорлорду тартуу жеңил болот. Эң негизгиси өкмөт колдоп турса болгону. Ар кандай мамлекеттик деңгээлдердеги адамдардын тазалыгы менен ийкемдүүлүгүнөн көп нерсе көз каранды. Биз долбоорду 2016-жылы баштаганбыз жана минтип 7 жыл дегенде курулуш иштерин аяктап отурабыз. Бул чынында чоң убакыт. Анын аралыгында идея ишке ашпай калат деп ойлогон күндөр болду. Бирок биз токтобостон уланта бердик. Жаңы схема жана үлгүлөр менен иш алып барганда баарына так түшүндүрүп берүү үчүн чыдамдуулук керектелет экен. Мисалы мамлекетке кандай пайдасы тиерин. Айтор сабырдын түбү - сары алтын. БААУнун миссиясы социалдык - бул билим берүү жана илимди өнүктүрүү, эч кандай коммерция жок. Коммерциялык эмес долбоорлорго каражат табуу кыйыныраак, бирок юридикалык жактан ишке ашыруу жеңил. Коммерциялык долбоорго инвесторду табуу жеңил, бирок анын мамлекет үчүн пайдласын түшүндүрүү керек. Өнөктөштүктүн ичке бир толкуну зарыл. Мен мамлекеттик мекемелерде иштеп чечимдерди кабыл алган адамдардын баарына ыраазычылыгымды билдирем. Алардын баары өлкө кызыкчылыгы үчүн жан үрөштү. Бизде андай адамдардын көптүгүнө кубанычтамын. Мен алар менен сыймыктанам.
Макала Vesti.kg жаңылыктар порталында жарык көрдү: https://vesti.kg/zxc/item/113572-chyngyz-shamshiev-u-autsa-missiya-sotsialnaya-razvitie-nauki-i-obrazovaniya.html.