17 февраля 2023
Американский университет в Центральной Азии продолжает оказывать помощь школам Кыргызстана. В этот раз двадцать компьютеров были переданы Фёдоровской средней школе Жайыльского района Чуйской области.
Фёдоровская средняя школа была создана почти сто лет назад, в 1928 году. Современное здание школы было построено в 1963 году, в 2015 – 2016 годах был проведен капитальный ремонт. Несмотря на то, что руководство школы, местные власти прикладывают большие усилия, чтобы дети получали хорошее образование, они не всегда могут справиться с объективными трудностями. Так в школе вовсе нет компьютерного класса, а информатику учащиеся изучают только в теории.
Директор школы Чинара Анарбековна Макеева обратилась в АУЦА с просьбой о помощи в обеспечении компьютерами вверенного ей учебного заведения. Администрация АУЦА рассмотрела это обращение и изыскала возможность оказать помощь школе и подарить 20 компьютеров.
Для передачи компьютеров президент АУЦА Джонатан Бекер и вице-президент, главный исполнительный руководитель АУЦА Чынгыз Шамшиев посетили Фёдоровскую среднюю школу, встретились с преподавательским составом и учениками.
Это небольшая школа, располагающаяся в одноэтажном здании. В ней всего 11 классов, с первого по одиннадцатый. Самый большой класс насчитывает 27 учащихся, в среднем же учеников в классе – 20-23, всего в школе учатся 265 детей.
Директор школы Чинара Анарбековна провела для гостей из АУЦА экскурсию по школе, гости зашли в каждый класс, и пообщались со всеми учениками. Младшим школьникам было просто интересно пообщаться с гостями, показать им свои умения, сфотографироваться с ними. А вот вопросы у более старших школьников были уже вполне конкретные: как можно поступить в АУЦА или Инновационный колледж АУЦА, сколько стоит обучение, с какими вузами сотрудничает АУЦА, и даже как можно поступить в Бард колледж в Нью-Йорке. Многие из детей благодарили АУЦА за компьютеры, и то, что теперь они смогут изучать информатику не только в теории, но и на практике. На все свои вопросы школьники получили исчерпывающие ответы, а также получили приглашение посетить АУЦА.
В своём выступлении Чинара Макеева отметила: «В нашу эпоху компьютер занимает большое место в жизни человека. Современные дети не могут обойтись без компьютера. Учась в школах, как и в других учебных заведениях, много внимания сегодня уделяется компьютеризации образования. Компьютер помогает ребенку самоутвердиться во многих планах: от хороших оценок в школе до удовлетворённости собственной ловкостью и смекалкой, от общения со сверстниками на другом конце земли до осознанного выбора будущее профессии. Благодаря АУЦА у наших детей появилась возможность пользоваться компьютерами, которые откроют для них путь в интересный и увлекательный мир».
Президент АУЦА, вице-президент Бард Колледжа Джонатан Бекер отметил, что «Американский университет в Центральной Азии является как американским, так и кыргызским университетом. Для нас очень важно оказывать поддержку тем, кто в ней нуждается больше всего, помогать кыргызскому народу получать более качественное образование. Мы надеемся, что подаренные нами компьютеры помогут вам обучать ваших учеников и учениц. Но мы также знаем, что самые лучшие компьютеры никогда не заменят вас, преподавателей. Успехов вам!».
На церемонии передачи компьютеров также присутствовали ведущий специалист Жайыльского районного отдела образования Элмира Абдыкапаровна Султанкулова и представитель Сары-Кооского аильного совет.
Американский университет в Центральной Азии поможет школе собрать компьютеры и наладить их работу, а также организует выездной тур в АУЦА для старшеклассников.
***
БААУ айылдык мектепке компьютерлерди белекке берди
Борбор Азиядагы Америкалык университети Кыргызстандын мектептерине жардам берүүсүн улантат. Бул жолу 20 компьютер Чүй облусунун Жайыл районунун Фёдоров мектебине өткөрүлүп берилди.
Фёдоров орто мектеби дээрлик 100 жыл мурда, тактап айтканда 1928-жылы ачылган. Мектептин жаңы имараты1963-жылы курулуп, 2015-2016-жылдары ага капиталдык оңдоп-түзөтүү иштери жасалган. Окуучулардын жакшы билим алуусу үчүн мектептин жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү канчалык аракет жасашпасын, алар объективдүү кыйынчылыктардан улам пландаган нерселерин ишке ашыра алышпай калган учурлар болот. Алсак, мектепте компьютердик класс таптакыр жок болуп, информатика сабагынын теориясы гана иликтенип келет.
Андыктан мектеп директору Чинара Анарбековна Макеева БААУга комьютерлер менен камсыздоону өтүнүп кайрылган. БААУнун администрациясы кайрылууну карап чыгып, мектепке жардам берүү чечимин кабыл алган. Натыйжада 20 компьютер белекке берилди.
Компьютерлерди өткөрүп берүү үчүн БААУнун президенти Джонатан Бекер жана вице-президенти, башкы аткаруучу жетекчиси Чыңгыз Шамшиев Фёдоров мектебинде болуп, мугалимдер жамааты жана окуучулар менен жолугушту.
Фёдоров мектеби 1 кабаттуу имараттан турган чакан мектеп. Анда 1-класстан 11-класска чейин болгону 11 класс гана класс бар. Эң чоң класс 27 окуучудан турса, калган класстарда окуучулардын орточо саны 20-23 окуучуну түзөт. Жалпысынан мектепте 265 окуучу билим алып келет.
Мектеп директору Чинара Анарбековна БААУнун коноктору үчүн экскурсия өткөрүп берди. Коноктор ар бир класска баш багып, окуучулар менен баарлашышты. Башталгыч класстардын окуучулары үчүн конокторго өз өнөрлөрүн тартуулап, алар менен сүрөткө түшүү кызык болду. Ал эми бүтүрүүчү класстардын окуучуларынын суроолору конкреттүү мүнөзгө ээ болду: “БААУ же Инновациялык колледжге кантип окууга тапшырууга болот?”, “Билим алуунун акысы канча?”, “БААУ кайсы ЖОЖдор менен кызматташат?”, “Нью-Йорктогу Бард Колледжге кантип окууга өтсө болот?”. Балдар компьютерлерди белекке берип, информатиканы эми теория гана эмес, иш жүзүндө да иликтөө мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендиги үчүн БААУга ыраазычылык билдирди.
Өз сөзүндө Чинара Макеева буларды белгилеп өттү: “Биздин доордо компьютер адамдын жашоосунда маанилүү орунда турат. Заманбап балдар компьютерсиз күн кечире алышпайт. Мектеп жана башка окуу жайларда билим берүүнүн компьютерлештирүүсүнө чоң көңүл бурулууда. Компьютер окуучулардын ар тараптан өсүп-өнүгүүсүнө жардам берет: мектепте жакшы баа алуудан тарта өз жөндөмдөрүнө канааттанууга чейин, жер шарынын башка аймактарындагы теңтуштары менен баарлашуудан тарта болочок кесибин тандоого чейин. БААУнун жардамы менен балдарыбызда кызыктуу жана өзүнө тарткан ааламга жол ачкан компьютерлерди пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду”.
БААУнун президенти жана Бард Колледждин вице-президенти Джонатан Бекер “Борбор Азиядагы Америкалык университети америкалык да, кыргызстандык да университет болуп эсептелет. Биз үчүн жардамга муктаждарга жардам берүү, кыргыз элине сапаттуу билим алууга жардам берүү абдан маанилүү. Биз белекке берген компьютерлер сиздерге окуучуларыңыздарга билим берүүгө жардам берет деген үмүттөбүз. Бирок ошол эле учурда биз компьютер канчалык мыкты болбосун, сиздердин ордуңуздарды баса албастыгын билебиз. Ийгилик сиздерге!”,- деп билдирди.
Комьютерлерди тапшыруу салтанатына Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Абдыкапаровна жана Сары-Коос айылдык кеңешинин өкүлү да катышты.
Борбор Азиядагы Америкалык университети мектепке компьютерлерди чогултуп, иштөөгө даярдоого жардам бермекчи. Ошондой эле жогорку класстардын окуучулары үчүн БААУда көчмө тур уюштуруп бермей болду.