Назначен временный президент Американского университета в Центральной Азии

Назначен временный президент Американского университета в Центральной Азии

16 июня 2021

Американский университет в Центральной Азии рад объявить о назначении временным президентом АУЦА доктора Джонатана Беккера. В течение многих лет он близкий друг АУЦА и член Попечительского совета университета.
 
 
Джонатан Беккер является исполнительным вице-президентом, вице-президентом по академическим вопросам и директором Центра гражданского участия в Бард колледже в Аннандейле, штат Нью-Йорк, а также вице-канцлером университетской сети Открытого общества. В 2018-2019 учебном году он занимал пост временного президента Американского университета Центральной Азии, а в сентябре 2019 года доктор Беккер был награжден почетной грамотой Жогорку Кенеша.
 
Доктор Беккер много писал о роли образования в области гуманитарных и естественных наук во всем мире. В этом году он стал соавтором главы «Влияние образования в области гуманитарных и естественных наук на трудоустройство выпускников в XX веке» в недавней книге под редакцией Алексея Кудрина, Данилы Раскова и Дениса Кадочникова «Гуманитарные науки и науки как образовательная модель: мировой и российский опыт», опубликованной Институтом Гайдара. В 2015 году он был приглашенным редактором специального выпуска журнала «Вопросы образования/Исследования в области образования» Высшей школы экономики (Москва), посвященного гуманитарному образованию, в том числе авторской статьи «Гуманитарное и естественнонаучное образование: ответы на вызовы XX века».
 
Доктор Беккер получил степень бакалавра в Университете Макгилла и степень доктора философии колледжа Святого Антония Оксфордского университета.
 
***
 
Борбор Азиядагы Америкалык университети окуу жайга убактылуу президент болуп доктор Джонатан Беккердин дайындалганын кубаныч менен маалымдайт. Көптөгөн жылдар бою ал БААУнун жакын досу жана Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү болуп келди.
 
Джонатан Беккер аткаруучу вице-президент, академиялык маселелер боюнча вице-президент жана Аннандейлдеги Бард колледждин (Нью-Йорк штаты) Жарандык катышуу борборунун директору жана ошондой эле Ачык коом университеттер түйүнүнүн вице-канцлери болуп эсептелет. 2018-2019-окуу жылында Борбор Азиядагы Америкалык университетинин президентинин милдетин убактылуу аркаласа, ал эми 2019-жылдын сентябрь айында доктор Беккер Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.
 
Доктор Беккер дүйнө жүзүндөгү гуманитардык жана табигый илимдер тармагында билим берүүнүн ролу жөнүндө көп жазган. Быйыл ал “ХХ кылымдагы бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна гуманитардык жана табигый илимдер тармагындагы билим берүүнүн таасири” бөлүмүнүн авторлошу болгон. Аталган бөлүм Алексей Кудрин, Данила Расков жана Денис Кадочниковдун редакциясы астында “Гуманитардык илимдер жана илимдер билим берүүнүн үлгүсү катары: дүйнөлүк жана орусиялык тажрыйба” аталышында жакында жарык көргөн китепте орун алып, Гайдардын институту тарабынан жарыяланды.  2015 жылы ал Экономиканын жогорку мектебинин (Москва) “Билим берүүнүн маселелери/Билим берүү тармагындагы изилдөөлөр” басылмасынын атайын чакырылган редактору болгон. Ал эмгек гуманитардык билим берүү, анын ичинде “Гуманитардык жана табигый илимий билим берүү: ХХ кылымдын чакырыктарына жооп” деп аталган автордук макалага арналган.
 
Доктор Беккер бакалавар даражасына Макгилл университетинде ээ болсо, философиянын доктору даражасын Оксфорд университетинин Ыйык Антоний колледжинде алган.

<< вернуться к списку новостей

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + Вн.
Факс: +996 (312) 915 028
Контакты АУЦА