Послание президента АУЦА о планах на весенний семестр

Послание президента АУЦА о планах на весенний семестр

21 декабря 2020

#Президент

Дорогое сообщество АУЦА!

Я знаю –  всем нам не терпелось узнать о планах университета на весенний семестр. Я ожидал информации от Министерства образования и науки КР, и очень надеялся, что нам будет разрешено работать в обычном режиме, но пока этого не произошло. На данный момент каждому из нас необходимо понимать план работы университета. Ниже вы можете ознакомиться с нашим видением.

Если правительство не одобрит обучение в штатном порядке для университетов Кыргызской Республики, мы продолжим занятия онлайн. Если же ВУЗам будет разрешено работать в обычном режиме, мы перейдем в него с тщательной подготовкой и обеспечением максимальной безопасности нашего сообщества. Переход будет осуществлен наиболее безопасными методами, поскольку нынешняя эпидемиологическая ситуация в стране остается очень сложной и не оправдывает снятия всех ограничений.

Только те курсы, которые не могут эффективно преподаваться в режиме онлайн (например, лабораторные занятия или уроки, требующие специального оборудования, доступного в кампусе), будут проводиться офлайн. Офис Вице-президента по академическим вопросам проконсультировался со всеми руководителями факультетов, на основании чего был составлен список из 22-ух курсов, которые соответствуют этому строгому критерию. Это примерно 4-5% от всех уроков, преподаваемых этой весной. Студенты, зарегистрированные на подобные классы будут уведомлены отдельно. Точный перечень данных курсов будет предоставлен офисом Вице-президента по академическим вопросам, тогда как все остальные занятия будут проходить онлайн. Мы не хотим принуждать физически присутствовать на уроках ни преподавателей, ни студентов, которые не хотят приезжать в кампус. Поэтому у студентов будет возможность посещать данные офлайн-занятия дистанционно, насколько это позволят технические возможности университета. Приоритет в обеспечение одновременного онлайн и офлайн подхода будет дан тем курсам, которые являются обязательными для специальностей и выпуска. Это означает, что те студенты и преподаватели, которые в настоящее время находятся за пределами Бишкека, смогут оставаться по месту пребывания хотя бы в течение первой половины семестра. Существующие протоколы медицинской безопасности и социального дистанцирования останутся прежними. Кафетерий и кофейни не будут работать в этот период.

Мы проанализируем ситуацию во второй половине февраля, чтобы оценить, улучшились ли эпидемиологические условия в стране и безопасно ли снятие карантинных ограничений после весенних каникул. Мы понимаем, что важно объявить о нашем решении в первых числах марта для того, чтобы у студентов и преподавателей, которые не находятся в Кыргызстане была возможность вернуться в страну на весенних каникулах.
Я хочу особо подчеркнуть, что главная причина данного решения – наше желание наилучшим образом обеспечить сохранность здоровья членов сообщества АУЦА.

С прошедшей весны мы добились больших успехов в улучшении качества онлайн-образования в нашем ВУЗе. Тем не менее, 2020 год был сложным для всех нас: сотрудники, преподаватели и студенты испытывают стресс, не говоря уже о личных переживаниях, связанных с эпидемиологической ситуацией в стране и беспокойством о здоровье наших близких.

Я хочу воспользоваться возможностью и поблагодарить всю нашу семью АУЦА за огромные усилия, направленные на то, чтобы извлечь максимальную пользу в этой трудной ситуации. Или, говоря более образно, спасибо, что вы помогаете «сделать сладкий лимонад из кислых лимонов». 

Важно подчеркнуть, что университет хорошо справлялся с поставленными задачами в условиях пандемии и экономических потерь. 2021 год также может принести определенные трудности, но, я надеюсь, что со временем ситуация улучшится. Поэтому мы все нуждаемся и заслуживаем спокойного отдыха, чтобы зарядиться энергией в период зимних каникул.

Я желаю всем вам и вашим семьям счастливого Нового года, и чтобы наступающий год принес всем нам здоровье, счастье и успех.

Эндрю Качинс

***

Урматтуу БААУнун жамааты!

 

Сиздердин БААУда окуу жылынын экинчи жарымын кандай тартипте уланта тургандыгыбыз тууралуу пландарыбызды тынчсыздануу менен күтүп жатканыңыздарды жана баарыбызга жеке пландарды түзүүнүн маанилүү экенин эске алып, башкы билдирүү менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Тилекке каршы, келерки жарым жылдыктагы окуу пландарыбыз тууралуу убада кылган убакыттан кечирээк маалымат бергенге мажбурмун. Себеби Билим берүү жана илим министрлигинин окуу тартиби тууралуу маалыматын күтүп, жооп алам деген ишенимде элем. Азыркы учурга чейин талап кылынган маалымат жарыялана элек. 

Демек, азырынча биз өзүбүздүн пландарыбызды тактообуз шарт. Өкмөттүн чечимине ылайык, эгерде жогорку окуу жайларда офлайн тартипте окутууга уруксат берилсе, анда биздин окуу процессибиз дагы атайын даярдыктардын жана камдануулардын негизинде офлайн түргө өтөт. Ал эми жалпы чечимге ылайык онлайн форматта окуй турган болсок, анда БААУ дагы онлайн окууну улантат. Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалдын кооптуу бойдон калуусуна байланыштуу БААУ өз чечиминде этият болуу менен БААУнун жамаатынын жалпы коопсуздугун көзөмөлгө алат. 

Азыркы учурда БААУнун Академиялык маселелер боюнча вице-президентинин жана программалардын жетекчилеринин баарлашууларынын жыйынтыгында окуу жылынын экинчи жарымынын алгачкы учурунда 22 сабак офлайн форматта окутула тургандыгы аныкталып келет. Бул тизмедеги курстар онлайн режиминде үзгүлтүккө учурай турган сабактар болуп, бардык курстардын ичинен 4-5% түзөт. Жогоруда белгиленген 22 курстун толук тизмеси Академиялык маселелер боюнча вице-президенттин кеңсеси тарабынан жарыяланып, негизги адистиктер жана бүтүрүүчү курстар үчүн толук катышууну талап кылат. Бирок кайсы бир мугалим же студент кампуска келүүнү каалабаса, биз мажбурлабайбыз. Адатта кимде ким аралыктан байланышууну кааласа, анда БААУнун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз. Ал эми башка курстар адаттагыдай онлайн режиминде улантылып, атайын студенттер тараптан тандалып алынган курстар офлайн окутулган болсо, анда техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендигинен улам бир эле учурда онлайн шартында өткөрүлбөйт. Натыйжада Бишкек шаарынан тышкары аймактарда жана мамлекеттерде жашаган студенттер жана окутуучулар окуу жылынын экинчи жарымынын биринчи жумаларында онлайн окуй турганыбыз тууралуу кабардар болуусу зарыл. Ошол эле учурда бардык медициналык коопсуздук жана социалдык аралыкты сактоо боюнча протоколдор колдонулуп, университет ичиндеги тамактануу жайлары жабык бойдон калат. 

Ал эми БААУнун толук офлайн форматта ишке кирүүсү тууралуу чечим февраль айынын ортосунан кийин каралып, жалпы эпидемиологиялык абалдын жетишээрлик деңгээлде жакшырганы тууралуу маалыматтар толук такталган соң ишке ашат. Эң башкысы, окуу режими боюнча жалпы жыйынтык жазгы эс алууга чейин 3-4 жума мурда атайын Бишкек шаарынан тышкары жашаган студенттер менен окутуучулар үчүн иш сапарларын пландоо максатында жарыяланат. Чечимдерди кабыл алууда ар бирибиздин медициналык коопсуздугубуз эске алынгандыгын эскертким келет. Себеби 2020-жыл катаал жыл болуу менен бирге окутуу, үйрөнүү жана иштөө көз карашынан алганда, өзүбүздүн эле ооруп калбашыбыз, ошондой эле жакындарыбызга кам көрүшүбүз керектигин айтпаганда, көбүрөөк стрессти баштан кечирип жатабыз. Мына ушул себептерден улам, учурдан пайдаланып бардык студенттерибизге, окутуучу-профессордук курамга жана кызматкерлерибизге пандемия менен байланышкан оор кырдаалдан жогорку деңгээлде чыгуу максатында жасаган эбегейсиз зор аракеттериңиздер үчүн ыраазычылык билдиремин. Образдуу айтсак, баарыбыз бирдикте лимондон лимонад жасадык десек болот. 

Жалпы пандемия жана экономикалык жоготуулардын шартында БААУда башкаруу салыштырмалуу мыкты деңгээлде ишке ашырылып жатканын белгилөө менен, 2021-жыл дагы чоң көйгөйлөрдү жарата турган жыл болушу толук мүмкүн деп эсептейм. Албетте, убакыттын өтүшү менен шарттар жакшырат деп үмүттөнөм. Дал ушул себептерден улам, күч-кубат топтоо үчүн баарыбыз кышкы тыныгуу күндөрү эс алууга муктажбыз жана татыктуубуз деп билем!

Сиздерди жана сиздердин үй-бүлөңүздөрдү келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, жаңы жылда ден соолук, бакыт-таалай жана ийгилик каалайм!

 

Доктор Эндрю Качинс

<< вернуться к списку новостей

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + Вн.
Факс: +996 (312) 915 028
Контакты АУЦА