Встречайте нового директора по развитию Бермет Турсункулову!

Новости

Встречайте нового директора по развитию Бермет Турсункулову!

20 сентября 2020

Доктор Бермет Турсункулова хорошо известна сообществу АУЦА, так как с 2005 года является профессором кафедры международной и сравнительной политики. Она также успешно занимала пост вице-президента по академическим вопросам в 2008 – 2015 годах.

Бермет имеет большой опыт работы по сбору средств, поскольку с 2017 года работает в всемирной организации Snow Leopard Trust в качестве консультанта по связям с общественностью и сбору средств. С января по сентябрь 2016 года Бермет занимала должность заместителя руководителя секретариата Всемирных игр кочевников и отвечала за координацию подготовительных мероприятий к Играм, состоявшимся в сентябре 2016 года. Она была главным сборщиком средств и налаживала связь между секретариатом, спонсорами, партнерами и администрацией президента КР. Она привлекла более 3 500 000 долларов США за восемь месяцев от государственных и частных компаний и НПО. За эту работу в марте 2017 года Бермет получила почетную грамоту правительства КР.

Бермет также занимала пост заместителя министра образования в 2014 – 2015 годах, а затем советника премьер-министра в 2017 – 2018 годах.

Бермет получила степень кандидата наук в Кыргызско-Славянском Российском университете в 2006 году и получила степень магистра международных отношений и европейских исследований в центральноевропейском университете (CEU) в 1999 году, а затем в 2011 году была награждена 20-й юбилейной наградой Героя выпускников от президента CEU.


Президент АУЦА Э. Качинс отметил: «Я не могу представить себе более подходящего человека на данную должность, чем доктор Бермет Турсункулова. Благодаря своей преподавательской деятельности в течение более чем пятнадцати лет, и работе в качестве вице-президента по академическим вопросам в течение семи лет, Бермет действительно является одним из ведущих архитекторов современного АУЦА и страстно стремится построить свое будущее в этой новой роли. Она очень высоко ценится как в Кыргызстане, так и за его пределами, и я с нетерпением жду возможности работать с ней и ее командой в предстоящие месяцы и годы в захватывающей новой фазе роста и развития университета!»


– Для меня большая честь и привилегия занять эту новую должность. Я работаю в АУЦА уже 20 лет и считаю его своим вторым домом. Моя новая задача и цель состоят в том, чтобы сделать этот дом еще лучшим местом для всех наших студентов, преподавателей и выпускников. Я сделаю все возможное, чтобы использовать свой академический и фандрайзинговый опыт, чтобы помочь АУЦА достичь новых высот», – сказала доктор Турсункулова.

Поздравляем Бермета Турсункулову с назначением и желаем удачи на новой должности!

 

***

 

Өнүгүү боюнча жаңы директор Бермет Турсункулованы тосуп алыңыздар!

Доктор Бермет Турсункулова БААУнун коомчулугуна жакшы таанымал, анткени ал 2005-жылдан бери Эл аралык жана салыштырма саясат кафедрасынын профессору болуп саналат. Ошондой эле ал 2008-2015-жылдар аралыгында академиялык маселелер боюнча вице-президенттин милдетин аркалаган.

Бермет каражат чогултуу боюнча чоң тажрыйбага ээ, себеби 2017-жылдан тарта Бүткүл дүйнөлүк Snow Leopard Trust уюмунда коомчулук менен байланышуу жана каражат чогултуу боюнча кеңешчи катары эмгектенип келет. 2016-жылдын январь айынан тарта Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басарынын кызматын аткарып, ошол жылы сентябрь айында орун алган Оюндарга карата даярдык көрүү иш-чараларын координациялоого жооптуу болгон. Ал башкы каражат чогултуучу болуп, секретариат, демөөрчүлөр, өнөктөштөр жана КРнын Президентинин администрациясынын ортосундагы байланыштарды жолго койгон. Ал 8 ай аралыгында мамлекеттик жана жеке компаниялардан, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардан 3 500 000 доллар акча каражатын тарткан. Мындай эмгеги үчүн Бермет КРнын Өкмөтүнүң Ардак грамотасы менен сыйланган.

Бермет 2014-2015-жылдары КРнын Билим берүү жана илим министринин орун-басары болгон, андан соң 2017-2018-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болуп да иштеген.

Бермет илимдин кандидаты даражасын 2006-жылы Кыргыз-Орус славян университетинде жана Эл аралык мамилелер менен европалык изилдөөлөрдүн магистри даражасын 1999-жылы Борбордук Европалык университетинде (CEU) алган. Ал эми 2011-жылы CEU университетинин президенти ага 20-мааракелик бүтүрүүчүлөрдүн баатыры сыйлыгын тапшырган.

БААУнун президенти Э. Качинс бул тууралуу минтип белгиледи: “Мен бул кызматта доктор Бермет Турсункуловадан башка эч кимди элестете албайм. 15 жылдан ашык окутуучулук ишмердүүлүгү жана 7 жылдан ашык академиялык маселелер боюнча вице-президенттик ишинде Бермет чынында заманбап БААУнун алдыңкы куруучуларынын бири болду жана бул жаңы ролдо өз келечегин курууга чын дилинен умтулууда. Ал Кыргызстанда да, чет жерде да жогору бааланат. Мен ал жана анын командасы менен университетибиздин укмуштуудай жаңы өсүү мезгили боло турган алдыңкы айлар менен жылдарда иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам!”

– Мен үчүн бул жаңы кызматты ээлөө чоң сыймык жана артыкчылык. Мен БААУда дээрлик 20 жылдан бери иштеп келем жана аны экинчи үйүм деп эсептейм. Менин жаңы милдетим – ошол үйүмдү биздин студенттер, окутуучулар жана бүтүрүүчүлөр үчүн дагы да мыкты жайга айландыруу. Мен БААУнун жаңы чокулардын багынтуусу үчүн өз академиялык жана фандрайзингдик тажрыйбамды колдонуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм,- деди доктор Турсункулова.

Бермет Турсункулованы жаңы кызмат орду менен куттуктайбыз жана жаңы кызматында ийгиликтерди каалайбыз!

<< вернуться к списку новостей

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + Вн.
Факс: +996 (312) 915 028
Контакты АУЦА