Мамлекеттик тил жумалыгы

Мамлекеттик тил жумалыгы

23 сентября 2013

Кыргыз элинин “Манас” дастаны, байыркы элдик рухтун ак мөңгүлүү туу чокусу болуп саналат.

 

Кийинки семестрден тартып, БААУ Ректору Эндрю Вахтель мырза “Манас таануу” боюнча сабак берип баштайт, ошондуктан биз ага бир нече суроо узатууну туура көрдүк:

 

“Манас” эпосу эмне үчүн сизди кызыктырды?

 

Оозеки маданият чыгармасы катары “Манас” эпосу мени өтө кызыктырбайт. Башка оозеки салттар, өзгөчө жазуу кеңири таркаган коомдордо эчак унутуп калган кезде, бул дастан дагы эле тирүү болгондугу менен кызыктуу. Бул жагдай “Манас” эпосун башка, мурда оозеки болуп, кийинчерээк кагаз бетине түшүрүлгөн дастандар менен, мисалы Гомердин чыгармалары менен салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Дастан оозеки түрдөн жазуу түрүнө өткөн кезде, мындай салыштырмалуу анализ аркылуу чыгарманын түпкү маңызын түшүнө алабыз. Ошондой эле мени кыргыз мамлекети “Манас” эпосун өзүнүн долбоорлору үчүн кантип колдонуп жаткандыгы кызыктырат.

 

Кыргыз маданияты жөнүндө эмне айта аласыз?

 

Бул абдан татаал суроо. Эгерде сиз көркөм маданият жөнүндө кеп кылып жатсаңыз, мен жергиликтүү музыкадан жана визуалдык маданияттан ырахаттанганымды айта аламын. Жергиликтүү адабияттан ырахат алам деп айта албайм, анткени менин оюмча менин кыргыз тилди билгеним керектүү даражага жете элек.

 

Кайсы маданият сизге көбүрөөк жагат? Эмне себептен?

 

Бул суроо да абдан татаал болушу ыктымал. Мен кайсы гана жакта болбоюн, жергиликтүү маданият менен таанышууга жана аны жараткан кишилер менен баарлашууга аракет жасаймын. Менин оюмча, эгерде сиз бөтөнчө көз караш менен мамиле кылсаңыз, чоочун маданиятта кандайдыр бир кооз жана кызыктуу нерселерди дайыма таба аласыз. Бирок өз маданиятыңыз менен улам эле салыштыргыңыз келсе, анда мындан ырахат алуу кыйыныраак болот.

 

Кыргыз маданияты Сизде кандай сезимдерди жаратат?

 

Эгерде биз салттуу маданият жөнүндө кеп кылып жатсак, кыргыз маданияты бирдиктүү болуп эсептелет. Бул маданият аны жараткан кишилердин өмүрү менен тыгыз байланышкан. Баса белгилегим келген бир нерсе бар, заманбап кыргыз маданияты эскини жандандырууга улам-улам аракет кылып жатат, менин көз карашымча салттуу маданияттын түзүлмөлөрүн тандап, аларды жаңы инновациялар менен аралаштыруу туура болот болуш керек. Кыргыз эли мурдагыдай көчмөн турмушту токтотконуна көп эле жыл өттү. Бул жашоо образына тыгыз байланыштуу болгон маданият менен гана улуу көчтү улантуу мүмкүндүккө жатпай калганын түшүнүүнүн мезгили жетти.

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028