Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - SPOTLIGHTS

Spotlights

Шайырбек Жураев

Эл аралык жана салыштырма саясаты 04

үлгүнүн негизинде башчылык кылуу


 


2009-жылы бүтүрүү аземинде, Шайырбек Журавеге Кыргызстандын жана бүт Борбордук Азиядан келген студенттерге лидерлигин көрсөткөндүгү үчүн Жеймс Вейд Эмиссон Ш. бүтүрүүчүлөрдүн Лидерлиги сыйлыгы тапшырылган.


Жураев мырза 2000-жылы БААУнун Эл аралык жана салыштырма саясаты программасын SummaCumLaude артыкчылыгы менен бүтүргөн. Ал ошондой эле Лондондогу Экономика жана саясый илимдер мектебинде эл аралык байланыштар боюнча магистратураны бүтүргөн. Ал Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын өнүгүүсүнө коп жылдары Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Согуш жана тынчтык институнда, Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү департаментинде жана Саясий өнүгүү институнда иштеп өз салымын кошкон. Ал 2007-жылдан бери БААУнун мугалими, 2008-жылдан бери Эл аралык жана салыштырма саясат багытынын жетекчиси болуп иштеген. 2009-10-окуу жылынын башында Жураев мырза БААУнун академиялык онуктуруу боюнча деканы болуп дайындалган.


 


Жеймс Вейд Эмиссон Ш. бүтүрүүчүлөрдүн Лидерлиги сыйлыгы Жеймс Вейд Эмиссондун эстелигин жана кызматын баалайт, ал Борбордук Азиядагы Америка университетинин Камкорчулар Кеңешинин мүчөсү 2002-жылдан тартып, 2005 жылы 28-декабрда, дүйнөдөн кайтканга чейин өзгөчө эмгеги сиңген кылган мүчөсү болгон. Бул сыйлык эң жакшы сапаттагы лидерликти мамлекеттик кызматта жана жеке интеграциясын көрсөткөн бүтүрүүчүгө ыйгарылат.


 


Сиз Жеймс Вейд Эмиссон Ш. бүтүрүүчүлөрдүн Лидерлиги сыйлыгын алуучу катары өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Сиз биздин коомдо лидерликти баалаган ушундай сыйлыкты берүү маанилүү деп ойлойсузбу?


 


Бул мен үчүн өтө чоң сыймык, ошондой эле чоң жоопкерчилик. Мындай сыйлыктар жогорку деңгээлдеги сиз аткара ала турган чоң күтүүлөр, үмүттөр менен келет.


Сыйлыкты алуу сөзсүз өтө жагымдууү окуя, жана мен силерди жашоомдо адам жетишкендиги үчүн сыйлык күтө турган тепкичте эмесмин деп ишендире алам. Мен чынында лидерлик сыйлыкка татыктуу көптөгөн улан-кыздар бар экенине ишенем.


 


Сиз эмне үчүн саясатты өзүңүздүн окуу тармагыңыз катары тандап алдыңыз?


Мен бала кезимден эле саясатка кызыкчумун. Мен тогуз жашымда үй- бүлөмдөн тышкаркы окуяларды түшүнө баштадым, мен Советтер союзунун ыдыраганына жана жана көз каранды эмес мамлекеттин түзүлүшүнө күбө болдум. 1990-жылдардын башы саясатка кызыккан элдер үчүн өтө кызыктуу мезгил болду, бизнеске жана экономикага кызыккандарга кыйын убакыт болсо да.


 


Лидерлик бул адамга төрөлгөндө берилген белекпи, же адам өзүн лидер кылып тарбиялай алат деп ойлойсузбу?


 


Бул көбүнчө лидерликке кандай маани бергениңизге жараша болот. Мен лидерликти белгилүү бир типтеги адамдардан таба


турган нерсе эмес деп ишенем.


 


Бул көз караш, окуу жана эрк менен келе турган нерсе, жана ар бир адам муну өздөштүрө алат деп ишенем. Чыныгы лидердин көз карашы кенен жана терең болушу керек, маселенин тамырын көрө алган, ар бир жеке окуяны контекстте карай алган жана узак мөөнөттүү кыйынчылыктар менен мүмкүнчүлүктөдү көрө алган. Чыныгы лидер өмүр бою окуу процессине даяр болуш керек жана өзүнүн кемчиликтерин билиш керек.


Жана лидер сөзсүз түрдө максатына жетүү үчүн күчтүү эркке ээ болуш керек, чанда гана ойлогон максатына оңой жетесиң. Эн маанилүүсү, жакшы лидер бул социалдык контекстте жашаган жана иштеген, коомго кызмат кылган лидер.


 


Сиздин оюнузча, азыркы коомдо жакшы лидер кандай сапаттарга ээ болушу керек?


Биринчиден, лидерлер өз иштеринде компетентүү болушу керек. Курулай наам үчүн иштөө жана кандайдыр бир лидер болуп калуу оңой. Кыргызстандык элитанын жаңы лидерлери алар эмне жасап жатканын жана кантип жасап жатканын биле тургандыктарын көрсөтүшү керек жана ар качан керек болгондо окуй алгандай болуш керек. Экинчиден  лидерлер принципиалдуу болушу керек, азгырыктарга берилип кетпегендей болуш керек. Бул үчүн чоң эрк жана көз караш керек. үчүнчүдөн, лидерлер коом менен дайыма байланышты сакташ керек.


 


Сиздин оюңузча лидер болуш үчүн эл аралык тажрыйба керекпи?


 Менин оюмча керек эмес, бирок мен эл аралык тажрыйба көз карашты жана бул дүйнөгө болгон түшүнүктү абдан кеңейтерине ишенем. Кыргыздар айткандай, көптү көргөн көп жашагандан көп билет. Кыргызстан кичинекей мамлекет, жана биз бир гана сырткы дүйнө менен жигердүү жана ойлонулган мамиле түзүү жолу аркылуу өнүгө алабыз. Эл аралык тажрыйба ушундай жардам берет.


 


Келечектеги лидерлерге кандай кеңеш бересиз?


Мен студенттерге БААУ берген мүмкүнчүлүктөрдү жакшылап пайдалангыла деп кеңеш берет элем. Көпчүлүк учурда ар түрдүү гранттардан, саякаттардан жана башкалардан бир гана маалымат жетпегендиктен аз сандагы гана студенттер диспропорционалдуу пайда көргөндөру болот. Студентер кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү табууга аракет кылышы керек, жана  жаңы пайда болгон нерселерге ачык болушу керек. Чындыгында студенттик жылдар мүмкүнчүлүктөргө бай мезгил жана студенттердин азыр жашоодо эмне кылып жаткандары калган жашоосуна таасир болот.


 


Сиздин БААУдагы студенти катарында тажрыйбаңыз кандай?


КАУнун Эл аралык ана салыштырма саясаты программасына которулганга чейин Бишкек гуманитардык университетинин саясий илимдер факультетинде окудум. Мен окууну бүткөн кезде КАУ БААУ болуп калды. КАУнун түзүлүшү дүйнөнүн ушул бөлүгүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн чагылдырышы болчу. КАУ өсүп, азыр БААУ маанилүү окуу жай жана өзгөрүүнүн лидери. Бул өлкөнүн жана региондун жакшыга карай өзгөрүүсү. Бул түшүнүк мага БААУда алган тажрыйбанын жыйынтыгында келди.


 


Сиз азыр кайда иштейсиз жана келечекте пландарыңыз кандай?


Мен азыр эл аралык ана салыштырма саясаты факультетинин жетекчиси жана окутуучусу болуп иштейм. Биз көп жылдан бери бул факультеттин жогорку академиялык стандарын кармоо үчүн иштеп келебиз. Сабак берүүдөн тышкары, мен суу, энергияга тиешелүү маселелер боюнча бир нече изилдөө долбоорунда иштейм.

<< вернуться к списку

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028