5 декабря 2024
Урматтуу достор жана кесиптештер!
Жүрөгүбүздө жылуулук менен ушул өзгөчө учурда бардыгыңыздарга кайрылгыбыз келет. Көп жылдар бою чогуу иштегенден кийин, биз үчүн коштошууга дагы убакыт келди. Маалым болгондой, мен ушул жылдын аягында 31-декабрьда пенсияга чыгып жатам. Басып өткөн мезгил артка кылчайып, чогуу өткөргөн көз ирмемдерди эстегиң келген учур.
Ар бириңиздерге колдоо жана достук үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Биз Кыргызстанда 22 жыл эмгектенип чоң жолду басып өттүк. Стипендия ээлери, бүтүрүүчүлөр, мугалимдер, эксперттер, башкаруу кызматкерлери жана өнөктөш уюмдардын жетекчилиги – Сиздер ар бириңиздер биздин жалпы ишибизге жана ийгиликтерибизге баа жеткис салым коштуңуздар. Биз бирге сонун күндөрдү баштан кечирдик, диплом тапшыруу аземдерин өткөрдүк, өз ара түшүнүшүү менен оор күндөрдө да бири-бирибизге колдоо көрсөттүк.
Мен азыр профессионалдык кызматтан кетип жатсам да, жубайым экөөбүздүн жүрөгүбүздө ушул жылдар бою биз жашап, иштеп келген кооз Кыргыз жерлерде өнөктөштөрүбүз жана кереметтүү адамдар менен болгон жолугушууларыбыз эсибизде түбөлүккө калат.
Баарыңыздарга келечектеги кесиптик ишиңиздерге ийгилик, ден-соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайбыз. Биздин жолдорубуз дагы кесилишет деп ишенебиз.
Эң мыкты каалоолор менен,
Хюлия жана Макс Георг Майер