SWITCH-Asia PERETO Кыргызстандын HoReCa секторунда экологиялык мыкты тажрыйбаларды таануу менен ECO KG сертификатын ишке киргизди

SWITCH-Asia PERETO Кыргызстандын HoReCa секторунда экологиялык мыкты тажрыйбаларды таануу менен ECO KG сертификатын ишке киргизди

15 января 2024

##tspc

PERETO долбоору Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) жана өнөктөш уюмдар менен консорциумда ишке ашырылууда: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Туруктуу керектөө жана өндүрүш боюнча кызматташуу борбору - КөКБ (Германия).

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган SWITCH-Asia PERETO долбоору Кыргызстанда HoReCa бизнеси үчүн ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясын жаңы ишке киргизди. Бул сертификация кардарларга кафелерде, мейманканаларда жана ресторандарда ишке ашырылган жашыл технологиялар жана туруктуу өнүгүү ыкмалары жөнүндө маалымат берет.

Туруктуу өнүгүү туризмдин күн тартибиндеги маанилүү тема бойдон калууда жана пандемия адамдын иш-аракеттеринин айлана-чөйрөгө жана жергиликтүү жамааттарга тийгизген таасирин баса белгиледи. Бул көптөгөн адамдарды келечектеги саякат багыттары үчүн көбүрөөк көңүл бурууга шыктандырды. Көптөгөн туристтер эми экологиялык зыянды азайтуу менен ар кандай жерлерге баруу мүмкүнчүлүгүн баалайт.

«Экосертификация туруктуу туризмди илгерилетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул HoReCa ишканаларында жашыл технологияларга болгон кошумча суроо-талапка өбөлгө түзөт, ошону менен бизнес секторунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтат», - дейт PERETO долбоорунун программалык менеджери Максат Дамир уулу.

"Ишкерлердин өтүнүчү боюнча биз Кыргызстан боюнча 23 мейманкана, кафе, ресторанда пилоттук форматта эко-аудит өткөрдүк. Бул аудитти энергия жана ресурстарды үнөмдөө боюнча сертификацияланган эксперттер жүргүзүштү. Бүгүн биз сертификаттарды жана атайын сапат белгилерин тапшырдык. Аудиттен ийгиликтүү өткөн ишканаларга «Коло» (9 ишкана), «Күмүш» (9 ишкана) жана «Алтын» (5 ишкана)», - деп бөлүштү Юнисон Групптун негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директору Нурзат Абдырасулова

Экосертификациянын негизги критерийлерине төмөнкүлөр кирет:

  • Курчап турган чөйрөнү башкаруу
  • Сууну сактоо жана саркынды сууларды башкаруу
  • Таштандыларды башкаруу
  • Энергияны үнөмдөө жана кайра жаралуучу энергияны ишке ашыруу
  • Материалдык ресурстарды экологиялык жактан таза пайдалануу
  • Эко-транспорт жана эко-мобилдүүлүк
  • Азык-тулук менен камсыз кылууну уюштуруудагы экологиялык жактан туура мамиле кылуу
  • Чектеш аймактарда экологиялык практикалар (эгер бар болсо)
  • Социалдык жоопкерчилик
  • Азык-тулук менен камсыз кылууну уюштуруудагы экологиялык жактан туура мамиле кылуу

Ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн PERETO ошондой эле ECO KG мобилдик тиркемесин иштеп чыгууда, бул бизнеске өздөрүнүн экологиялык абалына өз алдынча баа берүүгө жана Кыргызстандын каалаган жеринен эко-аудитке кайрылууга мүмкүндүк берет. Шайкештик сертификаттары аттестацияланган объекттердин бирдиктүү реестринде аткаруучу уюм жана ПЕРЕТОнун өнөктөшү, Кыргызстандын Жашыл Альянсы тарабынан катталат жана 2 жыл бою күчүндө болот.

"Бул биздин биринчи сертификатыбыз. Бүгүн биздин мейманкана "Коло" категориясын алды, бирок биз жаратылышка аяр мамиле кылуу менен конокторубузга ыңгайлуулуктарды түзүүнү жана ошондой эле эң жогорку - "Алтын" категориясына умтулууну улантабыз", - деп бөлүштү Шайыргүл Абдырахманова, Ош шаарындагы “TES” мейманканасынын ээси.

 

<<


 


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028