Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Психологиялык консультация кызматы

Психологиялык консультация кызматы

Урматтуу БААУнун студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери! 


Биздин Консультациялык кызматтын психологдору Сиздерге кесипкөйлүк консультация берүүгө ар дайым даяр. Белгилүү болгондой, университетте билим алуу - илим жана ачылыштар, изденүү, өзүңдү жана курчап турган айлана-чөйрөнү таануу коштогон бойго жеткен толгон жаштын жашоосунун башталышы. Ошого карабастан, жаңы чөйрө менен маданиятка көнүү, окуу материалдарын тырышчаактык менен өздөштүрүү же социализация процессинен өтүү учурунда айрым бир көйгөйлөргө кабылуу коркунучу жок эмес. 


Биздин адистер, кесипкөй терапевттер сизге ар кандай жеке, эмоционалдык жана психологиялык көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берүү үчүн ар дайым кызматта. Биздин
тилегибиз сиздердин жыргал жашооңор - тынчтык өкүм сүргөн жашоодо пландарды түзүү, кыялдарды ишке ашыруу, жеке мамилелерди куруу, жашоо кыйынчылыктарын ийгиликтүү басып өтүү.


Консультациялык топ психикалык ден-соолук жана психологиялык консультациялоо тармагындагы тажрыйбалуу терапевттерден турат. Алар кеп-кеңештерин жеке жолугушу
учурунда же онлайн бере алышат.

 

Биздин байланыштар

Email: cs@auca.kg

Cell phone: +996 (770) 003986

Room: #416 (Counselling Office)

 

Кабыл алууга жазылуу

Ушул заматта консультация алуу үчүн төмөнкү баскычты басыңыз  Эсиңизде болсун, БААУнун почтасынан кирүүңүз кажет.  Эгер брондоого байланыштуу маселелер жаралса, анда биз менен электрондук почта аркылуу байланышыңыз. 
 
Консультация алууга жазылуу

 

 

 

 

Сервистин кызматкерлери

Аида Парпиева Жетекчи 

MD, MA, Психотерапевт
КПТ, Схема Терапевт
parpieva_a@auca.kg
кыргыз, орус тилдеринде

Нелли Абдрахманова

MA, Психолог
Транзакциялык терапевт

abdrakhmanova_n@auca.kg
кыргыз, орус тилдеринде

 

Диана Похилько

MD, Психотерапевт

Сертификацияланган гештальт терапевт, насаатчы, куратор

pohilko_d@auca.kg
орус, англис тилдеринде

 

Екатерина Цой

Психолог, сертификацияланган гештальт терапевт, психология мугалими

tsoy_e@auca.kg
орус, англис тилдеринде

 

Наргиз Субаналиева

MA, Психолог, камкорчулук боюнча сертификацияланган улуттук насаатчы, EMDR терапевт

subanalieva_n@auca.kg
кыргыз, орус, англис тилдеринде

 

Анастасия Сластникова

MA, Психолог, Психотерапевт
slastnikova_a@auca.kg
орус, англис тилдеринде

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028