Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КАМПУСТАГЫ ЖАШОО
ОКУУДАН ТЫШКАРЫ ИШ-ЧАРАЛАР

Окуудан тышкары иш-чаралардын көптүгү Борбордук Азиядагы Америка университетин аймактагы окуу жайлардан обочолонтуп турат. Көп жылдардан бери иштеп келе жаткан студенттик театр, бий тобу, жаш ишкерлер клубу, жана спорт клубдарынан тышкары Студенттер Кеңсеси студенттерге өз кызыкчылыктары боюнча клубдарды ачууга мүмкүнчүлүктөрдү беришет. Бул клубдар өзгөчө “БААУ рухун”, университеттик коомчулуктун сыймыгын жаратып, университеттин өнүгүшүнө өз салымын кошушат.

Бул баракчада студенттер катышкан иш-чаралар жөнүндө маалымат орун алган. Биз менен байланышып, БААУ ичинде уюштурулган иш-чаралар жөнүндө, жана Студенттер Кеңсеси менен бирге өз ой-пикирлериңизди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат ала аласыздар.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028