Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - SPOTLIGHTS

Spotlights

Захидулла Жалали

Эл аралык жана салыштырма саясат, 08

Захидулла Жалили БААУнун Эл аралык жана салыштырма саясат программасын 2008-жылы бүтүргөн. Азыр Захидулла Афганистандын Тышкы иштер министринин орун басарынын жардамчысы болуп иштейт. Захилдулла БААУ жөнүндө эскерүүлөрү жана ойлору менен бөлүшүүгө өзүнүн ишинин көптүгүнө карабай, убакыт таба алды.


 


Захид эмнеге АУЦАны тандап алдын?


БААУнун бир программасына тапшырууга стипендия мүмкүнчүлүк берди. Либералдык билим берүү, тажрыйбалуу мугалимдер жана достук жана эркин чөйрө менин университетте окуу чечимиме салым кошту. Баса, мен өзүмдүн чечимиме бактылуумун, анткени мен өз каалаганыма жеттим.




Афганистандан кетүү кыйын болдубу?


Анча деле эмес. Балким башында бир аз кыйын болгон чыгар, анткени бул менин үй-бүлөмдөн жана үйүмдөн алыс кеткен биринчи тажрыйбам эле.


 


БААУда окуган көп афгандык студенттер бар, айрыкча кыздар...


Бул чын, менин айтайын дегеним Афган стипендия фонду афгандыктардын билим алуусуна чоң инвестиция жана салым болуп эсептелет. Бул БААУ менен стипендия фондунун  Афган студентерин, айрыкча кыздарды БААУда окууга чакыргандыгы алардын берешендиги. Мамлекеттин атынан жана менин элимдин атынан, мен баардык бул ишке катышкан жактарга ыраазычылык билдирем, анын ичинде Кыргыз мамлекетине бул процессти колдогондугу үчүн. Мен бул долбоор удантылат деп үмүттөнөм, жана кийинки муун БААУнун билим берүүсүнөн пайда таба алат деп ишенем.




Сиз Бишкекке биринчи жолу келгенде кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуз?


Жаңы мамлекет жаңы чөйрөсү менен өөн учураган жок. Бир гана маселе тил жагынан болду, ал чынында өтө кыйын болду башында. Бизде Афганистанда орус же кыргыз тилин окууга мүмкүнчүлүк болгон эмес, ошондуктан бул тоскоолдуктарды жеңүүгө бир топ убакыт кетти. Элестетип көрүңүз, квартиранын ээси сиздин квартирага келгенин, ал англисче сүйлөбөйт, сиз орусча түшуүбөйсүз, анан телефон мене бирөө биз бири-бирибизге эмне айткыбыз келгенин которуп турат. Бул күлкүлүү угулат, бирок биз муну чынында башыбыздан өткөрдүк.




Сиз эмне үчүн башка тынчыраак мамлекетте жашоонун ордуна кайра Афганистанга барууну чечтиңиз?


Бул кызыктуу суроо. Мен ачык түшүндүрүшүм керек, мен өз өлкөмдү абдан жакшы көрөм жана ал жерде жашоону каалайм, айрыкча азыркыдай татаал кырдаалда. Мен ушул максат менен билим алдым, жана кайра өз өлкөмө келип колумдан келишинче ага кызмат кылуу менин каалоом болчу. Туура, бул жерде абдан татаал маселелер бар, бирок качып кетүү аларды чечүү болуп саналбайт. Мен өзүмдүн гана жакшылыгымды ойлогон адам эмесмин. Мен өз өлкөм үчүн жана анын эли үчүн чоң жоопкерчиликти сезем.




Азыр сиз Тышкы иштер министрлигиндесиз...


Башында абдан оор болчу, анкени мен үчүн бул жаңы чөйрө эле, бирок азыр мага жумушум жагат. Ишибиз көп жана убакыт жагынан кыйынчылыктар болгондугуна карабастан, бул жакшы тажрыйба жана мен бул иш менен бактылуумун. Андан сырткары, мен тышкы иштерге көптөн бери кызыкчуумун, жана менин үйүбүлөм менен досторум дайыма мени колдошчу.




БААУнун либералдык билим берүүсү сиздин максатыңызга жетүүгө кандай жардам берди?


Мен оюмча, БААУ студенттин лекцияга гана катышкан жери эмес, ал ошондой эле анын эркин жана достук жана көп маданияттуу чөйрөдө талиим алат. Мен БААУнун мага берген сөз эркиндиги, сын ой жүгүртүү, убакытты туура пайдалануу, чыдамкайлык жана башкаларды сыйлоо сыяктуу билиминен көп пайда таптым.




БААУ жөнүндө эң жакшы эскерүүңүз кайсы?


БААУну кайра эсиме түшүрсөм, көпчүлүгү эсимден чыгып кетти. Ошондой болсо да убакыт өлчөлүү болгондуктан, баарынын эскерүүдөн баш тартайын. Балким эң жакшы эскерүү – Афган командасы Diversity жумаksusylf бир нече ;jke биринчи орунду алганы.




БААУну колдоодо жана алдыга жылдырууда бүтүрүүчүлөрдүн ролу эмнеде деп ойлойсуз?


Мен бүтүрүүчүлөр маанилүү роль ойнойт деп ишенем. БААУнуы колдоо жана бизди окуткан институтка берилгендигибизди көрсөтүү биздин милдетибиз.




Сизге таасир бергенден кимге ырахмат айтат элеңиз?


Мен ата-энеме дайыма колдогондору үчүн, менин мугалимдериме мени окуткандары жана көтөрмөлөгөндөрү үчүн жана менин досторума алардын моралдык колдоолору үчүн ырахмат айтат элем.




<< вернуться к списку

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028