Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Ата-энелер үчүн маалымат

АТА-ЭНЕЛЕР, ҮЙ-БҮЛӨ, ЖАНА ДОСТОР

БААУнун студенттери менен бүтүрүүчүлөрү өз үй-бүлөлөрүнүн жана досторунун колдоосусуз эч ийгиликке жетише албайт. Бул аймакта үй-бүлөлөр өз балдары менен жакындарынын жакшы билим алуусу үчүн көптөгөн курмандыктарга барып жаткандыгын БААУ түшүнөт.

Ата-энелер эмнелерди билиши зарыл:

БААУга тапшыруу
1. Студенттер БААУнун кирүү сынагынан өтүп же TOEFL\ IELTS жана SAT \ ACT жазуу тестинен өз натыйжаларын тапшыруулары керек.
2. Студенттер онлайн түрүндө арыз берип (http://applyonline.auca.kg) же кагаз түрүндөгү формасын көчүрүп толтуруу.
Экинчи турга арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 25-июнь, 2017

БААУга кирүүгө мүмкүнчүлүк

БААУдан сиз эмнеге акча төлөсөңүз, ошону, б.а. бул Борбордук Азиядагы эң баалар менен экзамен үчүн эч көмүскө төлөмсүз мыкты билимди жана дүйнөнү өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн аласыз. Андан тышкары, БААУ эң мыкты жетишкендиктерин көрсөткөн, каржылык жардамга муктаж таланттуу жана эмгекчил студенттерге каржылык колдоо көрсөтүү милдетин алат. Студенттердин 90%ы каржылык жардам алышат, жардамдын орточо көлөмү 135 000 сомду түзөт.


Каржылык жардам көрсөтүү
Каржылык жардам көрсөтүү бөлүмү бардыгына стипендия берет. Акчалай колдоо алуу үчүн үй-бүлөлөр тийиштүү документтерди толтуруп, зарыл документтер менен бирге Стипендия жана каржылык жардам көрсөтүү бөлүмүнө белгиленген мөөнөттө тапшыруулары керек. Формаларды көчүрүп толтуруп алып келиңиз же төмөнкү дарекке жибериңиз: finaid@auca.kg~~V.
 
Каржылык жардам берүү программасы бир катар сырткы булактардан да пайдаланат, анын ичинде CAEF стипендиялары, OSI, USAID, Аг Хан фонду, MINA тобу ж.б. жекече жана мамлекеттик каржылоо уюмдары бар.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028