Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

СТУДЕНТТЕРДИН КОШУМЧА КЛУБДАРЫ

1. СТУДЕНТТИК КЛУБ "YOUNG LIFE"

ДОЛБООРДУН КООРДИНАТОРУ: ФАРХАД МУСАЗОВ

ЖМА 2015

КЛУБ ТУУРАЛУУ:  "Young Life"- бул ЖМАнын студенти тарабынан уюшулган долбоор болуп саналат. Долбоордун баштапкы багыты- бул актуалдуу темаларга багытталган даректүү жана көркөм тасмаларды көрүү, аларды талкуулоо аркылуу англис тилин өздөштүрүү жана өнүктүрүү. Кошумчалай кетчү нерсе, кино менен катар интеллектуалдык оюндар дагы колдонулуп келет. Баардык иш-чаралар студенттерди активдештирүүгө, лидерлик сапаттарды жогоруталууго жана билим алууда дилгирликти жайылтууга багытталган. Студенттердин ар тармактуу терең билим алуусуна түрткү берүү менен топтордо иштөө, критикалык,аналитикалык ой-жүгүртүү көндүмдөрүн арттыруу дагы эң башкы максаттардын катарын толуктайт. 

 

Баса белгилеп кетсек, ар бир Жума күндөрү ЖМАнын студенттери жатаканада долбоордун координаторунун жардамы менен чогулушуп, башка мамлекеттерден келген жана кыргыз студенттеринин ортосунда ийгиликтүү маектешүү курушуп, көркөм тасма көрүшөт жана интеллектуалдык оюндарды ойношот. "Young Life"- ЖМАнын студенттер тарабынан жазылган мыкты долбоорлорунун бири. 

 

Кошумча маалымат: https://www.facebook.com/farhadmusazov/media_set?set=a.569356586503586.1073741859.100002877503807&type=3 

 

 

2. СТУДЕНТТИК КЛУБ "SENIOR FRIENDS"

ДОЛБООРДУН КООРДИНАТОРУ: МИНГОЙИМ НИШОНОВА

ЖМА 2015

КЛУБ ТУУРАЛУУ: Бул долбоор камкордукка багытталган долбоор. Негизги максаты: Бишкек шаарындагы балдар үйлөрүндө тарбия алып жаткан балдарды колдоо жана алар менен кубаныч сезимдерин бөлүшү. ЖМА нын студенттери өз камкордуктарын көрсөтүшүп, англис тилин үйрөнүүгө жардам беришип, балдар менен түрдүу оюндарды өткөрүшөт. 

“Senior Friend” долбоору ЖМА нын студенттерин жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын бириктирип, достук мамилелердин бекемделишине жардам берит келет. Сезимтал, билимге умтулган жана активдүү лидерлерди тарбиялоого көмөктөшүү. Сентябрь айынан тартып ЖМА нын студенттери  эки топко бөлүнүшүп, ар бир жекшемби күндөрү ар башка балдар үйүнө барышып, оюн-зоок, кызыктуу жолугушу жана кереметтүү маектешүүлөрдү уюштурушат. 

 

3. СТУДЕНТТИК КЛУБ - "NGAxTALKS"

ДОЛБООРДУН КООРДИНАТОРУ: АСЕЛЬ МАДИЯРБЕКОВА

ЖМА 2015

КЛУБ ТУУРАЛУУ: Долбоордун негизги максаты бул маданияттулукка чакырган атмосферада англис тилин практикалоого жана үйрөнүүгө шарт түзүү. ЖМАнын студенттери англис тилин бул долбоордо ийгиликти багындырган инсандардын жардамы жана студенттердин турмуштан алынган окуяларын баяндоо менен практикада колдоно алышат. 

"NGAхTalks" долбоору студенттердин чоң жардамчыларынын бири болуп келет. Суроо берүү, жооп берүү, презентацияларды ийгиликтүү ишке ашыруу- маанилүү багыттар. 

 

Бул "NGAхTalks" деген эмне?

  • Бул профессионалдуу, билгич адистер менен активдүү студенттердин жолугушуусу. 
  • Бул англис тилиндеги окуу багытына арналган жана баарлашууну көздөгөн диалогдордун топтому. 
  • Бул жуманын ар бир шаршембисиндеги презентациялар
  • Бул жаңы адамдардын жолугушуусу 
  • Бул башка улуттун өкүлдөрү менен кыргыз студенттеринин достук мамилелеринин бекемделиши 
  • Бул сиздин башка адамдарды таанып-билүүңүз 
  • Бул башка адамдардын сизди таанып-билүүсү 
  • Бул акысыз долбоор 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028