Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - СТУДЕНТТИК АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ

СТУДЕНТТИК АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫ

Студенттик алмашуу программасы

NMBU-БААУ студенттик алмашуу программасы

Студенттик алмашуу программасы NMBU-БААУ долбоорунун биргелешкен ишмердигинин негизги багыттарынын бири болуп саналат.

AUCA students with UMB students

Долбоордун алкагында БААУ бакалавриат, магистратура жана докторантура студенттери алмашуу программасына катышып, экономика жана табигый илимдер багыттарында билимин өркүндөтө алышат, биргелешкен изилдөө иштерине катыша алышат. 

Жыл сайын БААУ Норвегия табигый илимдер университетинде бир семестр окуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн сынакка катышышат. Жогорку орточо упай (GPA) талапкерлерди тандоонун негизги көрсөткүчү болуп саналат. Талапкерлер БААУ Студенттердин илимий жигердүүлүгү боюнча комитеттин тандоо процессинен ийгиликтүү өтүшү зарыл.

 

Malike and Norwegian friendsСынактын жеңүүчүлөрү Норвегияда бир семестр окуу мөөнөтү ичинде Экономика жана бизнес мектебинде сабактарды окушат. Бул Мектепте БААУ окуу планынын талаптарына жооп берген жана студенттердин кызыкчылыктарына шайкеш келген сабактардын чоң тизмеси сунушталат.

 

Бул Долбоордун алкагында, БААУ студенттери, магистранттары жана докторанттары алмашуу программасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Норвегия университетинде окуу учурунда, БААУ студенттери дүйнөгө таанымал профессорлордон сабак уга алышат. 

Тандоо көрсөткүчтөрү:

  • БААУ күндүзгү бөлүмүндө экинчи курста окуган, үчүнчү курстун күзгү семестрине өтө турган студенти болуш керек;
  • Англис тилинде эркин сүйлөө (2014 жылдан баштап, NMBU БААУ студенттеринен расмий TOEFL сертификатын талап кылбайт);
  • Жалпы орточо упай (GPA) кеминде - 3.5 болушу зарыл;
  • Мыкты баарлашуу жөндөмдөрү, жаңы шарттарга тез көнүү;
  • “Экономика” жана “Бизнести башкаруу” негизги адистиги боюнча окуган студенттерге артыкчылык берилет, бирок бардык факультеттердин студенттери тандоо сынагына катыша алышат.

Керектүү документтер:

  • Толтурулган NMBU арыз формасы (эки беттүү бланкты http://www.nmbu.no/en/studies/study-options/prospective-students/exchange баракчасынан тапса болот) *Өтүнүч, техникалык себептерден улам шилтемелер өзгөрүшү мүмкүн болорун эске алыңыз.
  • Транскрипт
  • Профессорлордун атынан эки сунуштама кат
  • Паспорт көчүрмөсү
  • Окуу максаттары жөнүндө баяндама
  • Резюме

 

Кийинки кабыл алуу жөнүндө маалымат жарыялар баракчасына жарыяланат.

БААУ студенттери Норвегия табигый илимдер университетинде бир семестр окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028