Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР

КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР

Жалпы суроолор

Менин эмки жылы ЖМАнын стипендиялар программасына катышууга мүмкүнчүлүгүм болобу?

ЖМАнын 70 стипендия программасынан: 2012-2013, 2013-2014, 2014-2015, 2015-2016 төрт окуу жылынын аралыгында пайдаланууга мүмкүн болот. Ошентсе да, БААУга тапшыргандар үчүн толук өлчөмдөгү 15 стипендия 2012-2013, 2013-2014-окуу жылдарынын бүтүрүүчүлөрүнө гана ыйгарылат.

 

ЖМАда сабактар кайсы тилде жүргүзүлөт?

Сабактардын басымдуу бөлүгү англис тилинде жүргүзүлөт.

 

ЖМАда сабактар качан башталып, качан бүтөт?

ЖМАда сабактардын башталышы жана аякташы, ошондой эле эс алуу убактылары БААУнун академиялык календарына ылайык жүргүзүлөт.

Толук маалыматты БААУнун сайтасынан алса болот.

 


Документтер

Канча сунуш катын алып келишим керек?

Бир кат жетиштүү. Ал басылган түрдө болушу керек, бирок англис, орус же кыргыз тилдеринде жазылса болот.

 

Канча грамота, сертификат тапшырышым керек?

Грамоталар менен сертификаттардын сөзсүз болушу талап кылынбайт, бирок документтердин топтомунда болушу жактырылат. Алардын санына чек койбойбуз. Биздин долбоор үчүн маанилүү деп эсептегендериңизди кошуп коюңуз.

 


Тестирлөө жана маектешүү

Маек кайсы тилде жүргүзүлөт?

Маектешүү бир нече максатты көздөйт ,алардын бири – сиздин англис тилин билүү деңгээлиңизди аныктоо.

Ошондуктан маек англис тилинде өткөрүлөт.

 

Программа өтүү үчүн англис тилин кайсы деңгээлде билүү талап кылынат?

Тилди билүүнүн талап кылынуучу деңгээли — Pre-Intermediate жана андан жогору. Бул талап биздин программанын мөөөнтү менен жана биз алдыбызга максат кылып койгон натыйжалар менен шартталган.

 

ЖМАга кирүү тести кандай бөлүмдөрдөн турат? Жана ЖМАга өтүүдө мен математикадан тест тапшырышым керекпи?
Кирүү тести үч бөлүмдөн турат:

  1. Грамматика (берилген бир нече варианттардан туура жоопту тандоо)
  2. Окуу (берилген бир нече варианттардан туура жоопту тандоо)
  3. Кыскача дилбаян

Математика боюнча тест программага кабыл алуу тестке кирбейт.

 

Тесттен өтүш үчүн мен Бишкекке келишим керекпи?

Жок. ЖМАнын көчмө комиссиясы Кыргызстандын ар бир областтында тест жүргүзөт. Алардын расписаниесин ЖМАнын вебсайтынан жана «Америка бурчук» борборлорунан, Билим боюнча кеңеш берүү борборлорунан жана ЮНИСЕФтин жаштар боорборлорунан тапса болот. Борборлордун байланыш маалыматтары жана даректери.

 


Кирүү талаптары

Мен БААУга эмес, башка окуу жайына тапшырайын деп жатсам, академияга өтө аламбы?

Ооба. Бирок академиянын эң мыкты 15 бүтүрүүчүсүнө каралган төрт жылдык толук стипендия БААУга өткөндөргө гана ыйгарылат.

 

Кесиптик орто билими барлар академияга тапшырса болобу?

Ооба, болот. Кесиптик-техникалык толук билими жөнүндөгү документ толук орто билими жөнүндөгү аттестатка тең келет. Ошентсе да кесиптик-техникумду бүткөндүгү академияга тапшырууда эч кандай артыкчылык укуктарды бербейт.

 

Мен FLEX программасын бүтүрүп жатам. ЖМАнын стипендиялар программасына тапшыра аламбы?

Жок. Биздин программа университетке өтүүгө тиги же бул себеп менен даярдана албагандарга мүмкүндүк берүү үчүн түзүлгөн. Американын орто мектебинин бүтүрүүчү классында окуу менен FLEX программасынын катышуучулары мындай мүмкүнчүлүк алган болушат, ошондуктан биз коюп жаткан талаптарга туура келишпейт.

 

Мен мектепти өткөн жылы аяктагам. ЖМАнын стипендиялар программасына катыша аламынбы?

Ооба. Стипендиялар программасынын талаптарына ылайык, тапшыруу мезгилинде талапкердин толук бүткөн орто билими болушу зарыл. Сиз мектепти бир же эки жыл мурун бүтүп, бирок бардык талаптарга туура келсеңиз, стипендиялар программасына катыша аласыз.

 

Мен башка университетте окум, бирок БААУда окугум келет. Мен ЖМА стипендиялуу программасына катыша аламынбы?

Жок. Биздин программа тигил же бул себептер менен жогорку окуу жайына даярдыгы жок өтө албай калгандар үчүн бир жыл даярдык көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн арналган программа. Башка университетке өтүп, окуп жаткандар, коюлган талаптарга туура келбейт.

 

Мен арыз жазуу бланкаларга акча төлөшүм керекпи?

Арыз жазуу бланкалар акысыз таратылат. Эгер сизден бланк үчүн акы сураса, ЖМАнын электрондук почтасы аркылуу бизге маалымат жөнөтүүңүздү суранабыз. nga@auca.kg

 

Мен стипендия берүүгө кепилдик берген үчүн акы төлөшүм керекпи?

БААУ – коррупцияга каршы. Университет эки комитет түздү. Алар ар бир арызды эки баскычта карап чыгышат. Бул бир тараптуу чечим чыгаруудан алыс болуп жана айкын, объективдүү чечим чыгарууга өбөлгө түзөт.
Эрег сизге кимдир бирөө стипендия алууга келипдик берсе электрондук почта аркылуу бизге кабарлап коюңузду суранабыз. nga@auca.kg

 

Эмне үчүн арыз бериш үчүн мынча коп документтер талап кылынат?

ЖМАнын стипендиясы материалдык абалына жана акдемиялык жетишкендиктерине негизделип берилет. Коюлган талаптарга жооп береерин далилдеш үчүн кандидаттын үй бүлөөсүнүн мүлкү жана кирешеси чагылдырыглган финансылык документтер жана ошондой эле кандидаттын акдемиялык жетишкендиктери чагылдырылган документтерди тапшыруу керек.

 

Толтурулган арыздарды кайсыл жерге жана кантип тапшыруум керек?

Бардык чогултулган документтер конвнртке салынып, чапталып, сыртына аты жөнүңүз, дарегиңиз толук жазылып тапшырылат.

Эгер сиз Бишкекте жашасаңыз документиңизди БААУнун кабыл алуу офисине же ЖМА офисине тапшырсаңыз болот.
Бишкектен тышкары жашаган кандидаттар документтерди почта аркылуу төмөнкү көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүп жиберсе болот. Оондой эле (мөөнөттөн кечип калбоо үчүн же документтериъиз почтада жоголуп кетпес үчүн) областардагы окуу борборлоруна тапшырсаъыз болот. 3 апрельде ЖМУнун комиссиясы арыздарды чогултуу үчүн КР бардык областарындагы борборлорго барышат.

 

720040 Кыргызстан, Бишкек шаары,

Абдымомунов көчөсү 205, 111 бөлмө

БААУнун кабыл алуу офиси (ЖМА стипендиясы)

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028