Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Арыздар

Арыздар

Арыз берүү

 

“Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасына кабыл алынгандан кийин, магистранттар Борбордук Азиядагы Америка университетине төмөндө көрсөтүлгөн материалдарды тапшырышы керек:

БААУ арызы

Университеттен транскрипт

Паспорт көчүрмөсү, фотосүрөт

Ден-соолук маалымкаты

“Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасына кабыл алынган бардык студенттер онлайн-арызды толтурушу же БААУ Арыз формасын (AUCA Admission Application Form) жана керектүү документтерди төмөндө көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүшү зарыл:

Кыргыз Республикасы, Бишкек, 720040

Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6, G20 кабинети

БААУ, Студенттерди кабыл алуу кеңсеси

Телефон: (+996 312) 915 000 (ички: 407, 408)

E-mail: admissions@auca.kg

Университеттен транскрипт

  • Жергиликтүү жана чет элдик студенттер БААУ Студенттерди кабыл алуу кеңсесине расмий, нотариустан күбөлөндүрүлгөн транскриптти тапшырышы керек.
  • Эскертүү: (Кыргыз Республикасынын сыртында окуган талапкерлер кыргыз мамлекеттик дипломдун үлгүсүнө эквиваленттүү жогорку билим алгандыгы жөнүндө дипломго экономикалык болгондугун далилдеген документтерди бериши керек. Кыргызстанга келгенден кийин, чет өлкөлүк окуу жай берген документтердин (анын ичинде транскрипт дагы) кыргыз/орус тилине которулган, нотариустан күбөлөндүрүлгөн варианты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине алынган билимдин деңгээлин жана мазмунун ырастоо үчүн тапшырылышы зарыл. Министрлик талапкердин билимин ырастаган сертификатты берет. Бул сертификат БААУ Студенттерди кабыл алуу кеңсесине өткөрүлөт). 
  • Бардык студенттер Бишкекке келери менен БААУ Студенттерди кабыл алуу кеңсесине Адис дипломунун/бакалавр даражасынын түп нускасын, же билим алып жаткан жайынан акыркы окуу жылында окуп жаткандыгын ырастаган маалымкатты бериши керек.

Паспорт көчүрмөлөрү жана фотосүрөттөр

  • Бардык студенттер паспорт көчүрмөсүн бериши зарыл. Чет өлкөлүк жарандар кыргыз визасынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. (чет өлкөлүк студенттер Кыргызстанга келгенден кийин 2 күндүн ичинде Чет өлкөлүк студенттер менен иштөө кеңсесине кыргыз визасынын көчүрмөсүн тапшырып, ИИМ каттоо процедураларын бүтүрүшү кажет).
  • Паспорт үчүн 2 фотосүрөт (өлчөмү: 3 x 4 см)

Ден-соолук маалымкаты

  • Жергиликтүү студенттер бардык керектүү эмдөөлөрдү жана вакциналарды алгандыгын ырастаган медициналык маалымкатты, ошондой эле көөдөн сөөгүнүн флюорограммасын тапшырууга милдеттүү (КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн медициналык маалымкат 086у Формасы катары белгилүү).
  • Чет өлкөлүк студенттер Бишкекке келгенде АИВ/КИДС (HIV/AIDS) тестин (тест Бишкекте гана тапшырылат) жана көөдөн сөөгүнүн флюорографиясын тапшырат. Бул процедура өлкөдөгү бардык студенттер жана окутуучулар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028