Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Кабыл алуу

Кабыл алуу

Арыздарды кабыл алуу

Кабыл алуу мөөнөтү: Арыздар дайыма кабыл алынат. Арыздарды кылдат карап чыгуу үчүн талапкерлерге мүмкүн болушунча эртерээк тапшыруусу сунушталат. Алынган чечимдер тууралуу талапкерлерге кабар берилет.

“Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасы аккредитацияланган окуу жайлардын бакалавр илимий даражасына ээ талапкерлердин арыздарын карап чыгат. Окуу тили англис.

Арыз берүүдө төмөндөгү документтерди тиркеп берүү зарыл:

  • Резюме;
  • Эки сунуштама кат (профессор-окутуучулардан, же студенттин интеллектуалдык жөндөмүн билген кишилерден);
  • Университеттен расмий транскрипттердин көчүрмөлөрү;
  • Окуу максаттары жөнүндө арыз (1-2 барак) (бул программаны эмнеге тандаганы, алынган билимди иш жүзүндө кантип колдонору тууралуу баяндама).

Бардык материалдарды электрондук почта аркылуу macasaucakg@gmail.com дарегине жибериңиз.

Эне тили англис болбогон талапкерлер TOEFL же IELTS тест сынактарынын жыйынтыктарын берүүгө милдеттүү. Англис тили окуу тили болгон жогорку окуу жайларды аяктаган талапкерлер TOEFL же IELTS тест сынактарынын жыйынтыктарын берүүгө милдеттүү эмес.

TOEFL же IELTS тест сынактарын тапшыра албаган талапкерлер Магистрдик программанын Башкаруучу комитети менен маектешүүсү талап кылынат. Бул шарт программанын квалификациялык талаптарын канагаттандыруу максаты менен, талапкердин англис тилинде жетишерлик даражада эркин сүйлөө, окуу, жазуу жөндөмдөрүн текшерүү үчүн коюлган.

Чет элдик студенттер Магистратурага тапшырууда тест (GRE) сынагынын жыйынтыгын берүүгө милдеттүү эмес, бирок бул жыйынтык арыздын каралышында колдоо   көрсөтөт.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028